Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-августу № 524 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-июнундагы № 313 "Бажы органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Бажы органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жободо:
- бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктта:
б) пунктчасындагы "Мамлекеттик бажы инспекциясында жана" деген сөздөр алып салынсын;
в) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"в) сот органдарында, прокуратура органдарында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде, мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун башка органдарында, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда аскер кызматкери катарында иштеген (кызмат өтөгөн) мезгили (анын ичинде запаста жүргөндөргө), ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана Кыргыз Республикасынын салык органдарынын, ошондой эле экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарына;";
- 3-пункттагы "директору" деген сөз "жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-июнундагы № 382 "Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген "Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси менен Кыргыз Республиканын бажы органдарында кызмат өтөп баштагандан тартып календардык эсептөө менен 15 жылдан ашкандан кийин сыйланат.";
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- бардык текст боюнча:
"МБИ" аббревиатурасы жана түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар кандай жөндөмөдөгү "директор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
экинчи абзацтагы "бажылардын" деген сөз "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүктөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. "Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси менен сыйлоо чечими бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан буйрук формасында кабыл алынат. "Бажы кызматынын чыгааны" төш белгисин тапшыруу бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары тарабынан салтанаттуу түрдө жүргүзүлөт.";
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"11."Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин, ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлдөрү сыйланбайт."; Жобонун тиркемесинде:
- он биринчи абзацтагы "же башка адамдардын жарандык көйнөктөрүнүн" деген сөздөр алып салынсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин ант берүү ТАРТИБИ
Ушул Тартип "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин ант берүү жол-жобосун белгилейт.
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарына биринчи жолу дайындалган, сыноо мөөнөтүнөн өткөн бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары (мындан ары - кызматкерлер) аттестациядан өткөндөн кийин жана аларга биринчи атайын наам ыйгарылган күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен ант берет.
2. Ант берүү салтанаты бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана ведомствого караштуу бөлүкчөлөрдө өткөрүлөт.
3. Ант салтанаттуу жагдайда, Кыргыз Республикасынын жана бажы кызматынын желектери, ошондой эле тийиштүү символикалар орнотулган жайда берилет.
Ант берүү салтанатына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле бажы кызматынын ардагерлери чакырылышы мүмкүн.
4. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен ант берүү салтанатына оркестр чакырылышы мүмкүн.
5. Ант берүү салтанатын өткөрүүнү уюштуруу жана анын жол-жобосу, өткөрүлө турган күнү бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
2. Салтанат өткөрүүнү уюштуруу
6. Ант берүү салтанатын өткөрүү бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте саптык кароо формасында жүргүзүлөт.
7. Ант берүүчү кызматкерлердин тизмеси бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерди башкаруу кызматы тарабынан түзүлөт жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
8. Ант берүү салтанатын өткөрүү үчүн кийимдин өкүлчүлүк формасы белгиленет.
9. Ант берүү салтанатына бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, анын орун басарлары, ошондой эле ант берүүчү кызматкерлер катышат.
Ант берүү салтанаты ведомствого караштуу бөлүктөрдө өткөрүлгөндө ага бажы органдарынын начальниктери, алардан орун басарлары, ошондой эле ант берүүчү кызматкерлер катышат.
10. Ант берүү салтанаты бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин/ведомствого караштуу бөлүктүн начальнигинин ант берүүнүн, ант берип жаткан кызматкерлерге жүктөлгөн ардактуу жана жоопкерчиликтүү милдеттердин маанисин эскерткен сөзү менен башталат.
11. Ар бир ант берип жаткан кызматкер алфавиттик тартипте түзүлгөн тизмеге ылайык бериле турган анттын текстин окуйт ("Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык), андан кийин ушул Тартиптин тиркемесине ылайык Ант берип жаткан кызмат адамдарынын тизмесине өз колу менен кол коет.
12. Ант берүү салтанаты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу жана салтанаттуу марш менен аяктайт.
3. Корутунду жоболор
13. Ант берген кызматкерлердин тизмеси бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерди башкаруу кызматында өзгөчө папкада боо менен тигилип, сургуч мөөрү коюлуп сакталат.
14. Кызматкердин өздүк көктөмөсүнүн кызматтык тизмесине бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерди башкаруу кызматы тарабынан ант берилгени тууралуу күнүн, айын жана жылын көрсөтүү менен жазылат.
Тиркеме
201_-жылдын "___" ________________ ант берген кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
__________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын бажы органын аталышы)
| N | Аты-жөнү | Кызматы | Колу |
__________________________________________________________________ (бажы органын жетекчисинин/начальнигинин аты-жөнү, колу)".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- Положение о нагрудном знаке "Отличник таможенной службы"Положение · 28.06.2000 · № 382
- Положение о порядке исчисления выслуги лет, назначения и выплаты пенсий и пособий сотрудникам таможенных органов и их семьям ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 01.06.2000 · № 313
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 79
- Порядок принятия присяги сотрудниками таможенных органов Кыргызской Республики" (Постановление Правительства КР от 28 декабря 2004 года № 961)Порядок · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 79
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
- Положение о нагрудном знаке "Отличник таможенной службы"Положение · 28.06.2000 · № 382
- Постановление Правительства КР от 1 июня 2000 года № 313 "Об утверждении Положения о порядке исчисления выслуги лет, назначения и выплаты пенсий и пособий сотрудникам таможенных…Постановление · 01.06.2000 · № 313
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 79
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2000 года N 382 "Об утверждении Положения о нагрудном знаке "Отличник таможенной службы"Постановление · 28.06.2000 · № 382
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон