# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-июлу № 521 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-июлу № 521 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 521
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95504>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16852/edition/490100/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95504.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-июлу № 521 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (30.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95504

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-июлу № 521 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

"Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 16-августундагы № 374 "Жашыруун эмес басылмаларды басып чыгаруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жашыруун эмес басылмаларды басып чыгаруу эрежелеринде:

- 1.2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 4.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"4.1. Атайын жана аскердик басылмалардан башка бардык чыгарылган басылмаларда төмөнкүдөй чыгаруу тууралуу маалыматтар болушу керек:

1) авторлор жана басылманы түзүүгө катышкан башка адамдар жөнүндө чыгаруу маалыматы; басылманын аталышы; аталыштын үстүндөгү маалыматтар; аталыштын астындагы маалыматтар;

2) чыгаруу тууралуу маалыматтар басылма чыгарылган жерди (чыгаруучунун аты жана басылманын чыккан жылы) камтыйт;

3) чыгаруу тууралуу маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: терүүгө берилген жана басууга кол коюлган күнү, түрү, номери, кагаздын форматы, барактын үлүшү, негизги тексттеги тамганын гарнитурасы, басып чыгаруунун түрү, басып чыгаруу жана эсеп-басма барактарынын көлөмү, тиражы, полиграфиялык ишкананын заказынын номери, басып чыгаруучунун аты жана толук дареги, полиграфиялык ишкананын аталышы жана толук почта дареги;

4) эл аралык стандарттык номерлер китептин Кыргызстанга берилген эл аралык сериялык стандарттык номерин (ISB№) же цифралардын тобу менен эл аралык стандарттык сериялык номерин (ISS№), автордук укукту коргоо (C) белгисин жана өзгөчө мүлктүк укук (C) ээсинин атын (аталышын), чыгарманын чыккан жылын камтыйт;

5) классификациялык индекстер УОК индексин (универсалдуу ондук классификация), КБК индексин (китепканалык-библиографиялык классификация) камтыйт." ;

- төмөнкү мазмундагы 4.2-пункт менен толукталсын:

"4.2. Атайын жана аскер басылмаларынан башка мезгилдүү басылмаларда төмөнкү чыгаруу тууралуу маалыматтар камтылышы керек: басылманын аталышы, уюштуруучусу, редактордун аты-жөнү, чыгаруунун катар номери, чыгарылган күнү жана басууга кол коюлган убактысы, мезгилдүүлүгү, индекси, тиражы, баасы, редакциянын, басманын жана басмакананын дареги.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-майындагы № 296 "Слово Кыргызстана" басма үйү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Слово Кыргызстана" басма үйү жөнүндө жободо: 4-пункту "ишмердигинде" деген сөздөн кийин "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын," деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 15-июнундагы № 352 "Кыргыз Туусу" басма үйү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Туусу" басма үйү жөнүндө жободо: 4-пункту "ишмердигинде" деген сөздөн кийин "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын," деген сөздөр менен толукталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
