Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-апрелиндеги № 260 „Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө“ токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-июлу № 520 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу Буудайга болгон дүйнөлүк баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокто буудай унуна жана аны кайра иштетүүнүн продукттарына болгон баанын өсүшүн болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун кабыл алынышы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетин жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин катчылыгын белгиленген тартипте маалымдасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы…Постановление · 27.04.2012 · № 260 · Күчүн жоготкон