# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 505 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу долбоорлор боюнча Конкурстук тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 505 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу долбоорлор боюнча Конкурстук тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 505
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16838/edition/402150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 505 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу долбоорлор боюнча Конкурстук тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95489

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 17-июлу № 505 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу долбоорлор боюнча Конкурстук тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казыначылыктын Катчылыгы атынан чыгуучу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу долбоорлор боюнча Конкурстук тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ылайык сатып алуулар жол-жобосуна мониторинг жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныкталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
