Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу долбоорлор боюнча Конкурстук тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 17-июлу № 505 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу долбоорлор боюнча Конкурстук тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казыначылыктын Катчылыгы атынан чыгуучу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу долбоорлор боюнча Конкурстук тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ылайык сатып алуулар жол-жобосуна мониторинг жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныкталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.