# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 495
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16830/edition/401521/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (30.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95480

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 17-июлу № 495 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Офицердик аскер наамдарын ыйгарууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 90-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

"4) өзгөчө кырдаалдар жана улуттук коопсуздук органдарында, кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, мөөнөтүнөн эрте берилгендерди кошкондо, - ушул органдардын жетекчилеринин буйруктары менен.";

- 90-пункту төмөнкү мазмундагы 4-1 - 4-3-пунктчалары менен толукталсын:

"4-1) Жазык-аткаруу тутумунун кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинде:

- кенже офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары "капитанга" чейин, - Департамент начальнигинин буйругу менен;

улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары "полковникке" чейин, ошондой эле кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдары - жазык-аткаруу тутумунун жетекчисинин буйругу менен; 4-2) Кыргыз Республикасынын аскердик прокуратура органдарында кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, мөөнөтүнөн эрте берилгендерди кошкондо - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен; 4-3) Кыргыз Республикасынын аскердик сотунун органдарында кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, мөөнөтүнөн эрте берилгендерди кошкондо - коргоо органынын жетекчисинин буйругу менен.".

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Премьер-министр

Ө.Бабанов
