# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 492
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16827/edition/735012/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтому (16.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95477

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 13-июлу № 492 Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 823 токтомунун редакциясына ылайык) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын медицина-санитариялык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга багытталган мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алуулар боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлсүн.

2. Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алуулар Бирдиктүү төлөөчү системасынын консолидацияланган бюджетинин эсебинен жүргүзүлөөрү аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:

- 2013-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштурулган камсыз кылуу жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- белгиленген тартипте борбордоштурулган сатып алууларды жүргүзүү боюнча иштердин көлөмүн эске алуу менен борбордук аппараттын жана аймактык башкармалыктардын штаттык санын көбөйтүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 823 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте 2013-жылдын 1-январына чейин республиканын региондору боюнча саламаттык сактоо уюмдарына карата дары-дармек каражаттарына керектөөлөрүн аныктасын.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 823 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ө. Бабанов
