Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Дашман мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-июлу № 482 Дашман мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын кайталангыс өзгөчөлүү байыркы жаңгак токойлорун сактоону камсыз кылуу жана БУУнун Биологиялык түрлөр жөнүндө жана Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо жөнүндө конвенциялары боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 7958,1 га аянттагы Дашман мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу жөнүндө сунуштары колдоого алынсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Дашман мамлекеттик жаратылыш коругуна өткөрүлүп берилүүчү жерлердин экспликациясы жана Дашман мамлекеттик жаратылыш коругунун чек арасынын баяндамасы 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун 2-пунктунда белгиленген жерлер "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулсун.
4. Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясы жерди-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- Дашман мамлекеттик жаратылыш коругу жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- жаңыдан түзүлгөн Дашман мамлекеттик жаратылыш коругунун чыгымдарын каржылоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Дашман мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагын тиешелүү зоналарга бөлүүнү жүргүзсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
1-тиркеме
Дашман мамлекеттик жаратылыш коругуна
өткөрүп берилүүчү жерлердин
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
| Токой чарбалардын аталышы | Өткөрүлүп берилүүчү жерлердин├────────┬───────┬─────────────┬────────┤ жалпы аянты, га | алардын ичинен жерлердин түрлөрү боюнча, га чабынды | жайыт | токой баскан аянттар | аскалар, шагыл таштар, аңдар | |
|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Кызыл-Үңкүр | 4927,0 | 19,2 | 311,9 | 2378,1 | 1758,8 |
| 2 | Арстанбап-Ата | 3031,1 | 54,8 | 140,9 | 2623,2 | 212,2 |
| Бардыгы | 7958,1 | 74,0 | 452,8 | 5460,3 | 1971,0 |
2-тиркеме
Дашман мамлекеттик жаратылыштык
коругунун чек арасынын
БАЯНДАМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык) Түштүк тараптан Сары-Таш жана Кара-Үңкүр сууларынын башталышынан, Көк-Алма айылы, Айры-Таш суу бөлгүч тоо кыркасы менен, батышты карай 1530 м жана 1982 м бийиктиктеги чокуларынан Кызыл-Суу капчыгайына чейин. Батыш тарабынан Жарадар айылынан Жарадар суусунун нугу менен Көк-Төбө тоосуна чейин, 2053 м жана 2773,9 м бийиктиктеги чокулары, 2676,2 м жана 2061 м бийиктиктеги суу бөлгүч кыркалар менен Ак-Коргон суусуна чейин. Түндүк тарабынан Ак-Коргон суусунун нугу менен чыгышты карай Кара-Үңкүр суусунун башталышына чейин. Чыгыш тарабынан Көк-Алма токойчулугунун инструменталдык чек арасынан баштап Сары-Таш жана Кара-Үңкүр сууларынын кошулушуна чейин. Түндүктү көздөй автожолдун батыш жээги боюнча токойдун чети менен кеткен сайдын (аталышы жок) нугунун кесилишине чейин. Андан ары чек ара аталган сай боюнча батышты көздөй Ак-Булак калктуу конушунун батыш чекитине чейин кетет. Бул жерден коруктун чек арасы түндүк-чыгышты көздөй түз сызык боюнча Ак-Булак калктуу конушунун түндүк чек арасы менен автомобиль кара жолунун кесилишине чейин барат. Андан ары чек ара автожолдун батыш чек арасы боюнча Катар-Жаңгак калктуу конушунун түштүк чек арасынан түндүк-чыгышты көздөй түз сызык боюнча аталган калктуу конуштун батыш бурчуна чейин барат. Андан ары - түз сызык боюнча түндүк-чыгышты көздөй кара жолдун Катар-Жаңгак калктуу конушунун түндүк чеги менен кесилишкен жерине чейин барат. Андан ары - автожолдун батыш жээги менен Күмүш-Суу дарыясынын багыты боюнча 1378 м бийиктиктеги чокуга, Кара-Үңкүр жана Ак-Коргон дарыяларынын куймаларына, 4441,4 м бийиктиктеги чокуга чейин.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 19 декабря 2016 года N 549-р (Об одобрении Национального доклада о состоянии окружающей среды Кыргызской Республики за 2011-2014 годы)Распоряжение · 19.12.2016 · № 549-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 482 "Дашман мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу жөнүндө" токтомуна…Постановление · 17.04.2013 · № 206
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.