# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 476
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16811/edition/399964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95461

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 5-июлу № 476 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын түзүмүнүн өзгөрүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын курамы ушул токтомун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

Тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын эвакуациялык комиссиясынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, ведомстволор аралык комиссиясынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча).".
