# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 709
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16804/edition/1157988/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу" токтому (11.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95451

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры № 709 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостору, 1996-ж., № 6, 80-6., 1998-ж., № 6, 226-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 2-беренеде:

1) 3-бөлүктөгү "мыйзам актыларына" деген сөздөр "мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Граждандык мыйзамдар ушул Кодекстен, ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан, ушул Кодекстин 1-беренесинин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, эл аралык келишимдерден турат. Башка ченемдик укуктук актыларда камтылган граждандык мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске шайкеш келиши керек.";

3) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 6-бөлүктөгү "4, 5-пункттарында" деген сөздөр "4-бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 6-берене күчүн жоготту деп табылсын.

3. 20-берененин 1-бөлүгү "күндөөлүк жазуунун" деген сөздөрдөн кийин "почталык телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 23-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Мыйзамдар менен белгиленген учурларды кошпогондо, жеке мүлктүк эмес байлыктар жана укуктар ээликтен ажыратылбайт жана башка ыкмалар менен берилбейт.".

5. 25-беренеде:

1) 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "ипотека, сервитут жана күрөө жөнүндөгү" сөздөр "сервитут жана күрөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 4-бөлүктүн биринчи абзацы "катталган укуктар" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик жана коммерциялык сырларды камтыбаган маалыматтардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;

3) 5-бөлүктөгү "сотко даттанылышы мүмкүн" деген сөздөр "жогорку органга же сотко даттанылышы мүмкүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 32-беренедеги "фирмалык аталышка, товардык белгиге, тейлөө белгисине жана д.у.с.)" деген сөздөр алынып салынсын.

7. 81-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы ", ушул Кодекстин 291-беренесинин 3-пунктунда каралгандан тышкары учурларда" деген сөздөр алынып салынсын.

8. 87-берененин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик мекемелердин уюштуруу документтерин өзгөртүү аталган юридикалык жактарды мамлекеттик кайра каттоодон өткөргөн күндөн тартып күчүнө кирет.".

9. 92-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Аталган документтердин каралышынын негизинде чыгарылган соттук актынын күчүнө кирүүсү жаңы пайда болгон юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн негиз болот.".

10. 94-берененин 2-бөлүгүндө:

1) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Өткөрүп берүү актысы жана ажыратуу балансы юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же юридикалык жакты кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алган орган тарабынан бекитилет жана жаңы пайда болгон юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн берилет.";

2) экинчи абзацтагы "Уюштуруу документтери менен чогуу тиешелүү" деген сөздөр алынып салынсын.

11. 104-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "мыйзамдык актыларда" деген сөздөр "ченемдик укуктук актыларда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12. 116-берененин биринчи абзацындагы, 121-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы жана 3-бөлүгүндөгү "уставдык фонддогу" деген сөздөр "уставдык капиталдагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

13. 131-берененин 2-бөлүгү "мыйзам тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "жана уюштуруу келишими менен" деген сөздөр менен толукталсын.

14. 136-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"136-берене. Жоопкерчилиги чектелген коомдон катышуучуну чыгаруу

Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу коомго жана анын башка катышуучуларына орчундуу зыян келтирсе, соттун чечими боюнча коомдон чыгарылышы мүмкүн.".

15. 137-берененин 2-бөлүгүндөгү "уставдык фондуна" деген сөздөр "уставдык капиталына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

16. 139-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "чарбалык коомдор жана шериктештиктер жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр "акционердик коомдор жөнүндө мыйзамга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

17. 143-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "анын ичинде чечилиши бир добуштан же добуштардын квалификациялуу көпчүлүгү" деген сөздөр алынып салынсын.

18. 146-берененин 3-пунктундагы "Мыйзам" деген сөз "Кодекс" деген сөз менен алмаштырылсын.

19.148-берене төмөнкү мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:

"3-1. Коомдук финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү үчүн акционерлердин жалпы чогулушу менен коомдун ревизиондук комиссиясы (ревизор) шайланат. Ревизиондук комиссиянын (ревизордун) компетенциясы мыйзамдар жана коомдун уставы менен аныкталат.".

20. 171-беренедеги "ал түзгөн эл аралык келишимдер жана макулдашуулар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

21. 184-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

22. 185-беренеде:

1) аталышындагы "мыйзамдарга" деген сөз "мыйзамга" деген сөз менен алмаштырылсын;

2) берененин текстиндеги "мыйзамдарга" деген сөз "мыйзамга" деген сөз менен алмаштырылсын.

23. 204-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Нотариалдык форманы, мамлекеттик каттоону талап кылган бүтүмдөрдү түзүүгө ишеним кат, ошондой эле сотто өкүлдүк кылууга жарандар тарабынан берилген ишеним кат, мыйзамда каралгандагыдан башка учурларда нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш.".

24. 215-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"215-берене. Доонун эскиришин колдонуу

1. Укук бузгандыкты коргоо жөнүндө талаптар доонун эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүнө карабастан сот тарабынан кароого алынат.

2. Доонун эскириши, сот тарабынан чечим кабыл алынганга чейин, талаштагы тараптардын келтирген арызы боюнча гана сот тарабынан колдонулат.

3. Эгерде сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүүнүн себебин жүйөлүү деп таппаса, анда доо арыз бергенге чейин доонун эскирүү мөөнөтү сот тарабынан доо арыздан баш тарткандыгы тууралу чечим чыгарганга негиз болуп саналат.

4. Доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүү себептери эскирүү мөөнөтүнүн акыркы алты ай ичинде орун тапса, а эгерде эскирүү мөөнөтүнүн ичинде бул мөөнөт алты айга тең же алты айдан кем болсо, анда алар жүйөлүү деп табылышы мүмкүн.

5. Негизги талап боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетиши менен кошо кошумча талаптар (туум, күрөө, кепилдик берүү ж.б.) боюнча да доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетет.

6. Милдеттенмедеги жактын өзгөрүшү доонун эскирүү мөөнөтүнүн жана аны эсептөөнүн тартибинин өзгөрүшүнө алып келбейт.".

25. 221-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"221-берене. Доонун эскириши колдонулбаган талаптар

Төмөнкү талаптарга колдонулбайт:

1) мыйзамда каралгандан башка учурларда, жеке мүлктүк эмес укуктарды жана башка материалдык эмес байлыктарды коргоо жөнүндө талаптарга;

2) салым кошуучулардын банкка салымдарды берүү жөнүндө талаптарына;

3) граждандын өмүрүнө же ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптарга. Бирок мындай зыяндын ордун толтурууга укук келип чыккан учурдан тартып үч жыл өткөндөн кийин коюлган талаптар доомат коюуга чейинки кеминде үч жыл үчүн канааттандырылат;

4) менчик ээсинин же башка мыйзамдуу ээлик кылгандын укуктарынын ар түрдүү бузулууларын жок кылуу, жок дегенде бул бузуулар ээликтен ажыратуу менен бирикбегендеги талаптарына;

5) мыйзам аныктаган учурлардагы башка талаптарга.".

26. 223-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1. Мүлк граждандардын жана юридикалык жактардын, мамлекеттин менчигинде, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде болушу мүмкүн. Жеке, муниципалдык, мамлекеттик жана менчиктин башка формалары таанылат.".

27. 225-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Республикалык менчик мамлекеттик жана жергиликтүү казынадан, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга ылайык республикалык мамлекеттик ишкана жана мекемелерге бекитилип берилген мүлктөн турат. Мамлекеттик бюджеттин каражаттары, алтын запасы түздөн-түз мамлекеттик менчиктин объекттери, анын ичинде мамлекеттик ишкана жана мекемелерге бекитилип берилбеген жер, анын байлыктары, суулар, аба мейкиндиги, токойлор, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, бардык жаратылыш байлыктары жана башка мамлекеттик мүлк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казынасын түзөт.".

28. 227-берененин 4-бөлүгү "чарба жүргүзүү укугунда" деген сөздөрдөн кийин "же оперативдүү башкаруу укугунда" деген сөздөр менен толукталсын.

29. 231-беренеде:

1) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Мекеме өзүнө бекитилген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнүп берилген каражаттын эсебинен сатылып алынган мүлктү ошол мүлктүн менчик ээсинин макулдугу боюнча гана ажыратып алууга же башка жол менен тескөөгө укуктуу. Мекеменин кирешесин бөлүштүрүү тартиби анын мүлкүнүн менчик ээси тарабынан аныкталат. Эгерде мекемеге уюштуруу документтерине ылайык киреше берүүчү иш жүргүзүү укугу берилсе, анда мындай иш жүргүзүүдөн түшкөн киреше жана ошол кирешенин эсебинен сатылып алынган мүлк мекеменин өз алдынча башкаруусуна алынат жана өзүнчө баланстагы эсепте болот.".

2) 4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

30. 232-беренеде:

1) 1-бөлүк "Граждандар" деген сөздөн кийин "жерлерди, көлдөрдү, дарыяларды," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 2-бөлүк "тартипти жана" деген сөздөрдөн кийин "улуттук" деген сөз менен толукталсын.

31. 233-1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жер участогу мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка формаларында болушу мүмкүн. Жайыттар жеке менчикте болушу мүмкүн эмес.".

32. 233-17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"233-17-берене. Менчик ээсинин жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу

1. Жер участогу анын менчик ээсинен коомдук муктаждыктар үчүн анын наркын жана сатып алууда келтирилген башка зыяндарды төлөп берүү менен соттун чечиминин негизинде алынып коюлушу мүмкүн.

2. Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу жана келтирилген зыяндарды жана наркты төлөп берүү тартиби жер мыйзамдары тарабынан аныкталат.".

33. 233-18-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"233-18-берене. Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн сатып алуу

Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу жер участогунун менчик ээси менен ыйгарым укуктуу органдын же жерди пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Эгерде менчик ээси же жерди пайдалануучу өзүнүн жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн ээликтен ажыратуу жөнүндө чечим менен макул болбосо, же ал менен сатып алуу баасы жана сатып алуунун башка шарттары жөнүндө аны менен макулдашууга жетишилбесе, ушундай чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу орган жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо коюуга укуктуу. Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн сатып алуу же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо баш тартуу алынган учурдан тартып эки айдан кечиктирилбестен коюлууга тийиш. Эскертүү: коомдук муктаждыктар - бул мамлекеттик жана муниципалдык органдардын имараттарын жана курулмаларын; жаратылыш-корук фондунун объекттерин, шаардык парктардын курулушун, эс алуу аянтчаларын, коргонуу жана улуттук коопсуздук объектилерин, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураларды (жолдор, газ түтүктөрү, суу түтүктөрү, ток берүү линиялары, аэропорттор ж.б.у.с.). жайгаштыруу боюнча муктаждыктар.".

34. 245-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

35. 251-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

36. 254-1-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"254-1-берене. Өзү билип курулуш куруу жана анын кесепеттери

1. Бул максат үчүн бөлүнбөгөн жер участогунда курулган, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон чечимди албастан курулган, болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шаар куруу жана курулуш ченемдери менен эрежелерин олуттуу бузуу менен өз алдынча ээлеп алган жер участогунда курулган турак үй, башка курулуш, курулма же башка кыймылсыз мүлк өзү билип курулган курулуш деп эсептелет.

2. Өзү билип курулуш курган адам ага менчик укугуна ээ болбойт, ошондой эле курулушту тескөөгө - сатууга, белекке, ижарага берүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

Өзү билип курулган курулуш укугу бузулган адамдын, болбосо тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын доосу боюнча ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда, аны курган адам тарабынан же анын эсебинен бузулууга тийиш.

3. Өзүнө таандык болбогон жер участогунда курулушту курган адамдын өзү билип курган курулушка менчик укугу ушул участок сотко кайрылганга чейин белгиленген тартипте тургузулган турак жайды жайгаштыруу, ошондой эле курулушка уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн ушул адамга берилген (ээликтен чыккан) шартта сот тарабынан туура деп табылышы мүмкүн.

4. Курулуш курган жер участогун пайдаланып жаткан адамдын өзү билип курган курулушта ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык, эгерде курулган курулушту сактап калуу башка адамдардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузууга алып келсе, болбосо алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе, аталган адамдардын өзү билип курган курулушка менчик укугу туура деп табылбайт.

5. Жер участогун берүүдөн (ээликтен чыгаруудан), ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык, менчик укугун жер участогунун менчик ээсинин макулдугу менен туура деп табуудан баш тартылган учурда, өзү билип курган курулушка болгон менчик укук соттун чечими менен ага кеткен чыгымдардын ордун сот тарабынан аныкталган өлчөмдө төлөп берүү менен жер участогунун менчик ээсине бекитилип берилиши мүмкүн.".

37. 265-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Ээлик кылуунун эскиргендигинин негизинде кыймылсыз жана башка мүлккө менчик укукту таануу сот тарабынан жүргүзүлөт.".

38. 281-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"281-берене. Мүлктү менчик ээсинен мажбурлап алып коюу

1. Мүлктү менчик ээсинин эркинен тышкары алып коюуга (мажбурлап алып коюу) бир гана соттун чечими менен төмөнкү учурларда жол берилет:

1) коомдук муктаждык үчүн ээликтен ажыратуу (233-18-берененин эскертүүсүн кара);

2) мыйзамдан улам ал жакка (283-берене) тиешелүү болбой турган мүлктү ажыратуудан;

3) ал турган жер участогун (284-берене) алынып коюлушуна байланыштуу анда турган кыймылсыз мүлктү ажыратуу;

4) кароосуз күтүлгөн маданий байлыктарды (285-берене) күч менен сатып алуу;

5) конфискациялоо (287-берене);

6) ушул Кодекстин 233-9, 233-17, 233-18, 233-19, 250, 271-беренелеринде жана 1046-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган учурларда мүлктү ажыратуу;

2. Мүлктү менчик ээсинин эркинен тышкары алып коюу, менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча (233-16, 282-беренелери) мүлк менен өндүрүп алуу учурларында соттун чечиминин негизинде жол берилет.".

39. 284-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"284-берене. Жер участогун алып коюуда анда жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу

1. Ушул Кодекстин 281-беренесинин 1-пунктунда каралган учурларда жер участогун коомдук муктаждыктар, болбосо жерди талаптагыдай пайдаланбагандыгына байланыштуу үчүн алып коюуда ошол жер участокто жайгашкан кыймылсыз мүлккө менчик укукту токтотмоюнча мүлктү ээликтен ажыратууда келтирилген чыгымдарды жана төлөмдөрдүн наркы мыйзамдарда каралган тартипте төлөнүп берилгенден кийин гана ушул мүлк менчик ээсинен алынып коюлушу мүмкүн.

Эгерде мындай талап менен сотко кайрылган тиешелүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алынып коюлган жерди алуунун максатында пайдалануу анда турган кыймылсыз мүлккө менчик укугун токтотмоюнча мүмкүн эмес экендигин далилдебесе, кыймылсыз мүлктү алып коюу жөнүндөгү талап канааттандырылбайт.

2. Ушул берененин эрежелери тиешелүү түрдө мамлекеттик органдын кен чыккан, акваторий участоктору жана башка участоктор жайгашкан, кыймылсыз мүлктөр турган жерди пайдалануу укугун алып коюу жөнүндө чечимине байланыштуу кыймылсыз мүлккө менчик укугу токтотулганда колдонулат.".

40. 287-беренеде:

1) 1-бөлүктөгү "санкция" деген сөз "жаза" деген сөз менен алмаштырылсын;

2) 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

41. 288-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"288-берене. Мамлекеттештирүү

1. Граждандарга жана юридикалык жактарга тиешелүү мүлктү мамлекеттештирүү аркылуу мамлекеттин менчигине айландырууга бул мүлктү мамлекеттештирүү жөнүндө мыйзамдын негизинде гана жана мүлктү мамлекеттештирилген жакка бул мүлктүн наркынын жана аны алып коюуга байланыштуу келтирилген башка чыгымдардын ордун толтуруу менен жол берилет.

2. Мамлекеттештирүүнү өткөрүүнүн шарттары жана тартиби мыйзам тарабынан аныкталат.

3. Мүлктү мамлекеттештирүү айрым гана учурларда мамлекеттин коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо максатында, ошондой эле социалдык коргоо функцияларын жүзөгө ашырууда жүргүзүлөт.".

42. 291-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"291-берене. Ак ниеттүү алуучудан мүлктү талап кылуу

1. Эгерде мүлк аны бирөөгө сатууга же берүүгө укугу жок жактан акы төлөө менен алынса, бул жөнүндө сатып алуучу билбесе же билиши мүмкүн эмес болсо (ак ниеттүү сатып алуучу болсо), менчик ээси алуучудан бул мүлктү менчик ээси же ал ээлик кылууга берген жак жоготуп койгон, же болбосо экөөнүн биринен уурдалып кеткен, же болбосо алардын эркинен тышкары алардын ээлигинен башка жолдор менен чыгарылып кеткен учурларда бул мүлктү талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде мүлк башка бирөөгө берүүгө укугу жок жактан акы төлөнбөстөн алынса, менчик ээси бардык учурда мүлктү талап кылууга укуктуу.

3. Алуучу жакка арналган акчаларды, ошондой эле баалуу кагаздарды ак ниеттүү алуучудан кандай гана шартта болбосун кайра берүү талабы коюлбайт.".

43. 294-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"294-берене. Менчик ээси болбогон ээлик кылуучунун укуктарын коргоо

Ушул Кодекстин 289-291-беренелеринде каралган укуктар мүлктүн менчик ээси болбогон, бирок жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу, чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу же болбосо мыйзамда же келишимде белгиленген башка негиздер боюнча ээлик кылган жакка да таандык. Ал жак өзүнүн ээлик кылуусун менчик ээсинен коргоого да укуктуу.".

44. 437-беренеде ", мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарында" деген сөздөр алынып салынсын.

45. 604-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"604-берене. Финансы арендасынын келишиминин предмети

1. Ишкердик үчүн пайдаланылуучу ишкана жана башка мүлктүк комплекстер, имараттар, курулуулар, жабдыктар, унаа каражаттары жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, ар кандай керектелбеген буюмдар финансы арендасынын келишиминин предмети болушу мүмкүн.

2. Жер участокторунан тышкары жаратылыш объектилери, ошондой эле мыйзам тарабынан эркин жүгүртүүгө тыюу салынган же жүгүртүүнүн өзгөчө тартиби аныкталган мүлктөр лизингдин предмети боло албайт.".

46. 675-берененин 1-бөлүгүндөгү "милдеттүү болгон курулуш нормаларында жана эрежелеринде" деген сөздөр "курулуш жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

47. 822-берененин 3-бөлүгүндөгү "укук актыларында" деген сөздөр "ченемдик укук актыларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

48. 948-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Мамлекеттик камсыздандыруу көзөмөл органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

49. 999-берененин 1-пунктундагы "же түзөтүү иштери" деген сөздөр алынып салынсын.

50. 1014-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "салык инспекциясынын" деген сөздөр "салык органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

51. 1016-берененин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга - майыптуулук мезгилиндеги мөөнөттө;".

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосту, 2000-ж., № 3, 158-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-беренеде:

1) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын сотторунда жарандык администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен аныкталат.";

2) 2-бөлүктөгү "мыйзам актыларында" деген сөздөр "ченемдик укуктук актыларда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

2. 2-беренеде:

1) 5-1 жана 5-2-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын;

2) 8-бөлүктөгү ", буйрук" деген сөз алынып салынсын;

3) 14-бөлүктөгү "кассациялык тартипте," деген сөздөр алынып салынсын.

3. 8-берененин 2-бөлүгүндөгү "жана кассациялык" деген сөздөр алынып салынсын.

4. 11-берененин 1-бөлүгүндөгү "орус" деген сөз "расимий" деген сөз менен алмаштырылсын:

5. 13-беренеде:

1) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сот жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдардын, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин негизинде чечүүгө милдеттүү.";

2) 4-бөлүктөгү "Конституциялык сотуна", "Конституциялык соттун", деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасына", "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;

3) 5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

6. 15-берененин 2-бөлүгүндөгү "жана кассациялык" деген сөздөр алынып салынсын.

7. 18-берененин 2-бөлүгүндөгү ", кассациялык" деген сөздөр алынып салынсын.

8. 19-берененин 3-бөлүгүндөгү "1 жана 3" деген сандар "1-3" деген сандар менен алмаштырылсын.

9. 21-берененин 7-бөлүгүндөгү "Жекече даттануу ишти кароо боюнча соттун чечими менен бир учурда берилет жана апелляциялык даттануу үчүн каралуучу тартипте каралат." деген сөздөр "Судьянын баш тартуу же өз алдынча баш тартуусу жөнүндө соттун аныктамасына жеке даттануу ишти кароо боюнча соттун чечимине апелляциялык даттануу менен бир учурда берилет." деген сөздөр менен алмаштырылсын.

10. 23-беренеде:

1) 2-пункттун 5-пунктундагы "Конституциялык сотунун" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2) 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде же тараптардын макулдашуусунда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же тараптардын макулдашуусунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

11. 26-берененин 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "Конституциялык сотунун" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12. 27-1-беренеде:

1) төмөнкү мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Эгерде ишти райондор аралык сотто териштирүүдө ал райондук сотко кароосуна тийиштүү болуп чыкса, сот ишти райондор аралык соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.";

2) 3-бөлүктөгү "администрациялык жана экономикалык иштер боюнча" деген сөздөр алынып салынсын.

13. 45-берененин 4-бөлүгүндөгү "үйдөн чыгарып салуу, ишине кайра коюу жөнүндөгү" деген сөздөр "кызматтык турак үйдөн жана квартирадан чыгарып салуу жөнүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

14. 88-берененин 1-бөлүгүндөгү "тараптардын" деген сөз "ишке катышкан адамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

15. 93-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"93-берене. Кошумча жана кайтадан экспертиза

1. Жетиштүү деңгээлде анык эмес же эксперттин корутундусу толук эмес болгон учурда, ушул эле же башка экспертке тапшыруу менен сот кошумча экспертизаны дайындай алат.

2. Эгерде эксперттин корутундусу менен негизсиз мотиви боюнча макул эмес болсо, ошондой эле эгерде бир нече эксперттердин корутундуларынын ортосунда карама-каршылык болсо, сот кайтадан экспертиза дайындайт. Кайтадан экспертиза жүргүзүү башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылат.

Кайтадан экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада алдындагы экспертизанын жыйынтыгы менен макул эместигинин мотиви көрсөтүлүшү керек.

3. Кошумча же кайтадан экспертиза ушул Кодекстин 90-92-беренелеринин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.".

16. 98-беренеде:

1) 2-бөлүктүн 6-пунктундагы "жана кассациялык" деген сөздөр алынып салынсын;

2) 2-бөлүктүн 9-пунктундагы ", кассациялык" деген сөз алынып салынсын;

3) 3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

17. 109-берененин 2-бөлүгүндөгү ", кассациялык" деген сөз алынып салынсын.

18. 122-берененин 4-бөлүгүндөгү "кайрадан калыбына келтирүүдөн жарандарга" деген сөздөр "кайрадан калыбына келтирүүдөн же кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

19. 135-берененин 1-бөлүгүндө:

1) 2-пунктундагы "же арбитраждык соттун" деген сөздөр алынып салынсын;

2) 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

20. 136-берененин 1-бөлүгүндө:

1) 1-пунктундагы "иштердин бул категориясы үчүн мыйзамда белгиленген талашты алдын ала соттон тышкары чечүү тартибин" деген сөздөр "мыйзамда же келишимде белгиленген талашты сотко жеткирбей чечүү келишимин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 8-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"8) эгерде арызга доогер же ага кол коюуга же сотко берүүгө ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлбаса.".

21. 141-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "Акча каражаттарын камакка алуу" деген сөздөр "Мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

22. 148-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

23. 150-беренеде:

1) үчүнчү абзацтагы "зарыл учурларда" деген сөздөр алынып салынсын;

2) берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"5-1) ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган учурда прокурорго ишти териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө билдирет;";

3) 13-абзац күчүн жоготту деп табылсын.

24. 198-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-бөлүктөрү менен толукталсын:

"1-1. Чечим мыйзамдуу болот, эгерде ал процесстик укуктун ченемдерин сактоо менен жана ушул укуктук мамилелерге колдонууга жаткан материалдык укуктун ченемдерине ылайык чыгарылса. 1-2. Чечим негиздүү болуп эсептелет, эгерде анда алардын тиешелүүлүгү жана мүмкүндүгү жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык жооп берген тастыкталган далилдер, аталган иш үчүн маанилүү фактылар чагылдырылган болсо, ошондой эле аныктыгын жана белгиленген фактылардан чыккан толук тыянакты соттун чечими камтыса.".

25. 199-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Сот ишти доогердин арыз берген талаптарынын чегинде чечет, эгерде мыйзамда башка каралбаса.".

26. 201-берененин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга" деген сөз алынып салынсын.

27. 216-берененин алтынчы абзацындагы "Конституциялык сотуна" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

28. 217-беренеде:

1) жетинчи абзацтагы "камкордук көрүү жана көзөмөлдүк кылуу органдары" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрү" сөздөр менен алмаштырылсын;

2) сегизинчи абзацтагы "Конституциялык сотунан" деген сөздөн "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

29. 218-берененин 1-бөлүгүндө:

1) 2-пункттагы "камкордук көрүүчү жана көзөмөлдүк кылуучу органдын текшерүү актысы берилгенге чейин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн текшерүү актысы берилгенге чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 4-пункттагы "Конституциялык соту" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

30. 221-берененин он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

31. 225-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "биринчи инстанциядагы" деген сөздөр алынып салынсын.

32. 229-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"229-берене. Протокол жазуунун милдеттүүлүгү

Сот отурумунун ар бири боюнча протокол жазылат.".

33. 230-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сот отурумунун протоколунда ишти териштирүүнүн бардык олуттуу учурлары чагылдырылууга тийиш.".

34. 231-берененин 1-бөлүгүндө:

1) биринчи абзацтагы "же процесстик иш-аракетти отурумдан тышкары өткөрүү учурунда" деген сөздөр алынып салынсын;

2) үчүнчү абзацтагы "же процесстик иш-аракетти отурумдан тышкары өткөрүү учурунда" деген сөздөр алынып салынсын.

35. 247-беренеде:

1) алтынчы абзацындагы "милдеттүү" деген сөз "салык эмес" деген сөз менен алмаштырылсын;

2) сегизинчи абзацындагы "же салык полициясы" деген сөздөр алынып салынсын.

36. 279-берененин 2-бөлүгүндөгү "камкордук кылуучу органдарга" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

37. 280-берененин 1-бөлүгүндөгү "камкордук кылуучу орган" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" сөздөр менен алмаштырылсын.

38. 281-берененин 2-бөлүгүндөгү "камкордук кылуучу органдарга" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө" сөздөр менен алмаштырылсын.

39. 282-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "камкордук кылуучу органдардын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

40. 285-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "камкордук кылуучу органдын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

41. 286-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "камкордук кылуучу органдын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

42. 287-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "камкордук кылуучу органдын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

43. 288-берененин 2-бөлүгүндөгү "камкордук кылуучу орган" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

44. 289-беренедеги "камкордук кылуучу органдын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

45. 291-беренеде:

1) 1-бөлүктөгү "камкордук кылуучу орган", "камкордук кылуучу органдын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм", "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн" деген сөздөр менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;

2) 2-бөлүктөгү "камкордук кылуучу органдын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

46. 316-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ишти биринчи инстанцияда караганда сот жыйналышына арыз берүүчү жүйөлүү себеп менен катышпай калган учурлардан башка учурларда апелляциялык даттануу берүүнүн процесстик мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Ал эми апелляциялык даттануу берүүнүн процесстик мөөнөтү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч биринчи инстанциядагы сот чечимин чыгарган күндөн кийин 6 айдан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.".

47. 321-беренеде:

1) үчүнчү абзац "мөөнөтүнүн өтүп кетиши" деген сөздөрдөн кийин "жана даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтүн жоктугу" деген сөздөр менен толукталсын;

2) бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) эгерде апелляциялык өндүрүшкө ишти кабыл алганга чейин, даттанууну же талапты берген адамдан даттанууну же талапты кайруу жөнүндө арыз келип түшсө.".

48. Кодекс төмөнкү мазмундагы 328-1-берене менен толукталсын:

"328-1-берене. Соттун чечимин аткарууну токтото туруу

Соттун биринчи инстанциясынын чечимдерин даттануу мөөнөтү калыбына келтирилген учурда апелляциялык инстанция апелляциялык даттануу же талап чечилгенге чейин соттун чечимдерин аткарууну токтото турууга укуктуу.".

49. 331-беренеде:

1) берененин аталышындагы "областтык соттун сот коллегиясынын" деген сөздөр "апелляциялык инстанциянын сотунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. 333-1-беренесинде каралган учурда биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жиберүүгө.".

50. Кодекс төмөнкү мазмундагы 333-1-берене менен толукталсын:

"333-1-берене. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгаруу жана ишти жаңыдан кароого жиберүүнүн негиздери

Биринчи инстанциядагы соттун чечими жокко чыгарууга, ал эми иш жаңыдан кароого жиберүүгө жатат:

1) эгерде иш түздөн-түз же кыйыр түрдө иштин натыйжасына таламдаш судья тарабынан каралса же анын калыс экендигине күмөн туудурган башка жагдайлар болсо;

2) эгерде иш сот тарабынан сот отурумунун убакыты жана орду жөнүндө кабарланбаган ишке катышуучу жактардын кимдир бирөөсүнүн катышуусуз каралган болсо;

3) эгерде ишти кароодо сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тил жөнүндөгү тартип бузулган болсо;

4) эгерде сот ишке катышуу үчүн тартылбаган жактардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маселени чечкен болсо.".

51. 335-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

52. 39-1-глава күчүн жоготту деп табылсын.

53. 340-берененин бешинчи абзацындагы "чечим" деген сөз "аныктама" деген сөз менен алмаштырылсын.

54. 342-беренедеги "Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун" деген сөздөр "Апелляциялык тартипте облустук соттун соттук коллегиясында каралган, ошондой эле ушул Кодекс менен каралган учурда, аны чыгарган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы соттордун актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

55. 344-берененин биринчи абзацындагы "он күндүн" деген сөздөр "үч күндүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

56. 345-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы ", кассациялык" деген сөз алынып салынсын.

57. 348-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"348-берене. Ишти даттануулар жана талаптар боюнча көзөмөл тартибинде караган сот

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы апелляциялык тартипте областтык соттун сот коллегиялары тарабынан каралган иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына, ошондой эле ушул Кодексте каралган учурларда, чыгарылгандан баштап мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы актыларга даттануулар жана талаптар боюнча жарандык иштерди карайт.".

58. 351-берененин 7-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

59. 354-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана кассациялык инстанциядагы" деген сөздөр "инстанциядагы, соттук актылардын негиздүүлүгүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

60. 356-беренеде:

1) экинчи, төртүнчү жана бешинчи абзацтардагы "же кассациялык" деген сөздөр алынып салынсын;

2) алтынчы абзацтагы "же кассациялык инстанциядагы" деген сөздөр "инстанциядагы" деген сөз менен алмаштырылсын.

61. 357-берененин 1-бөлүгүндөгү "Конституциялык соту" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

62. 358-берененин 2-бөлүгүнүн 3 жана 8-пункттарындагы "жана кассациялык" деген сөздөр алынып салынсын.

63. 362-берененин 1-бөлүгүндөгү ", кассациялык" деген сөз алынып салынсын.

64. 363-беренедеги ", бирок кайра каралуучу сот актысы чыгарылган учурдан тартып бир жылдан кеч эмес берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр калыбына келтирилүүгө жатпайт" деген сөздөр "берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт калыбына келтирилүүгө жатпайт" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

65. 364-берененин үчүнчү абзацындагы "Конституциялык соту" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

66. 366-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы ", кассациялык инстанциялардагы" деген сөздөр "инстанциядагы" деген сөз менен алмаштырылсын.

67. 377-беренеде:

1) 1-бөлүктөгү "эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 3-бөлүктөгү "эл аралык келишимдеринде", "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде", "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

68. 378-беренеде:

1) 1-бөлүктөгү "эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 3-бөлүктөгү "эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкасы каралбаса" деген сөздөр "же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 4-бөлүктөгү "эл аралык келишимдери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

69. 379-беренеде жана 380-берененин 1-бөлүгүндөгү "эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

70. 392-берененин 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

71. 396-берененин 1-бөлүгүндөгү:

1) экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;

2) үчүнчү абзацтагы "Экономикалык иштер боюнча соттун чечимине даттануу ишке катышкан" деген сөздөрдөн мурда "укуктары же мыйзам тарабынан корголуучу таламдары иш боюнча чыгарылган соттун чечими менен бузулган," деген сөздөр менен толукталсын.

72. 398-берене күчүн жоготту деп табылсын.

73. 418-беренеде:

1) берененин аталышындагы "жана кассациялык инстанциядагы" деген сөздөр "инстанциядагы" деген сөз менен алмаштырылсын;

2) 1-бөлүктөгү ", кассациялык" деген сөз алынып салынсын;

3) 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кассациялык тартипте," деген сөздөр алынып салынсын.

74. 432-берененин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эларалык келишиминде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

75. 433-берененин 1-бөлүгүндөгү "Эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

76. 434-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын эларалык келишимине же мыйзамга" деген сөздөр "мыйзамдарга же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Сунушталган Мыйзам долбоору Өкмөттүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планынын 85-пунктун ишке ашыруу, менчик укугун коргоонун механизмин өркүндөтүү максатында, ошондой эле Жарандык процесстик кодексинин жоболорун 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган Конституцияга жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталып иштелип чыккан. Демек, сунушталган мыйзам долбоору менен аталган Кодекстин жоболорун Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналган, Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирүү сунушталган. Ошого байланыштуу, долбоор менен Кодекстин 1, 13, 23, 377, 378, 379, 380, 392, 432, 433, 434-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталган. Ошону менен бирге, Кодекстин 246-беренесине ылайык соттун буйругу судьянын токтомун билдирет, карызкордон акча суммасын өндүрүү же кыймылсыз мүлк талап кылуу жөнүндө өндүрүүчүнүн арызы боюнча судья тарабынан жеке чыгарылаарын белгилейбиз. Ал эми Кодекстин 251-беренесине ылайык сот буйругу соттук териштирүү жүргүзүлбөстөн жана тараптардын түшүндүрүүлөрүн угуу үчүн аларды чакырбастан чыгарылат. Ошого байланыштуу долбоор менен Кодекстин 2-беренесине оңдоо киргизүү сунушталат. Ошону менен бирге, долбоор менен Кодекстин 11-беренесинин жобосун Конституциянын 10-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү сунушталат, ага ылайык Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат. Анда, таймашуучулук принцибинин процессин сактоо максатында, долбоор менен Кодекстин 19-беренесинин жоболоруна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталат, ага ылайык прокурор процесстин башка катышуучулары менен бирдей абалга келтирилет. Ошону менен бирге, Кодекстин 45-беренесинде үйдөн чыгарып салуу, ишине кайра коюу жөнүндө иштер боюнча прокурордун катышуусу алынып салынган, себеби бул категориядагы иштерди кароодо прокурордун милдеттүү катышуусу зарыл эмес. Ал эми Конституциянын 104-беренесине ылайык прокуратура мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдарына гана мыйзамдардын так жана бирдей аткарышын көзөмөлдөө жүргүзгөндүктөн, мыйзам долбоору менен жалаң гана кызматтык турак үйдөн жана квартирадан чыгарып салуу иштери боюнча прокурор милдеттүү түрдө катышаарын кароо сунушталган. Ошондой эле, долбоордо институт кассациянын алынып салынышы сунушталат. Жарандык процесстик кодексинде бекитилген кассациялык өндүрүш институтун талдоодо ал төмөнкүдөй корутунду чыгарууга жол берет, бир жактан ал көзөмөл өндүрүшүн кайталайт, себеби даттануу предмети болуп мыйзамдык күчүнө кирген соттун чечими саналат, башка жагынан ал жарым жартылай апелляциялык өндүрүштү кайталайт, себеби апелляция үчүн мүнөздүү элементтерди өзүнө камтыйт, мисалы, жаңы далилдер көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Андан башка, апелляциялык жана кассациялык өндүрүштөр бир звенодогу соттор менен жүргүзүлөт (экинчи инстанциядагы соттор менен). Ошону менен бирге, эл аралык стандарт боюнча эки инстанцияны камтыган соттук актыларды кайра кароо модели оптималдуу болуп эсептелээрин белгилеп кетебиз:

- апелляция, ишти кайра кароонун ординардык жолу катары;

- кассация (көзөмөл) ишти кайра кароонун өзгөчө жолу, кабыл алынган соттук актылардын мыйзамдуулугун текшерүү жана бирдиктүү соттук тажрыйбаны камсыздоо максатында.

Андан башка, эл аралык стандарттардын көз карашы боюнча Кыргыз Республикасынын көзөмөл өндүрүшүнүн анализдөө маңызы, аны кассациянын ар түрдүүлүгү катары баалоого жол берет, себеби алардын бир сот системасынын чегинде бирге жашашы бул бири бирин кайталоо болуп саналат. Кассациялык өндүрүштү алып салуу боюнча сунушталган өзгөртүүлөрдүн позитивдүү натыйжасы катары, негизги текшерүү иши экинчи инстанциядагы сотторго багытталгандыгын, бирдиктүү соттук тажрыйбаны жана стабилдүүлүктү камсыздоону, укуктук аныкталгандыгынын принцибин сактоону, сот өндүрүшүнүн жалпы мөөнөтүн кыскартууну, ошондой эле соттук коргоону өз убагында тиешелүү жогорулатууну жана акыркы соттук актылардын стабилдүүлүгүн белгилесе болот. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташы жөнүндө маселе жактардын катышуусу менен соттук талдоонун өтүшүндө кароонун предмети болушу зарыл жана мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтүн жоктугу доонун кайтарылышы үчүн негиз болбошу керек. Мыйзам долбоору доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүгө жана жарандардын укуктарын соттук коргоону камсыздоого багытталган, анын ичинде менчик укугун коргоого тийиштүү ченемдерди камтыган. Кодекстин 34-беренесине ылайык ишке катышкан жактар деп тараптар гана эмес үчүнчү жактар, прокурор, башка жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жактар да таанылгандыктан, мыйзам долбоору менен алардын демилгеси боюнча сот экспертиза дайындай ала турган жактардын тобун кеңейтүү сунушталат. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен Кодекстин 88-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталат. Жарандык процесстик кодексинде "кайтадан экспертиза" терминдин түшүнүгү ачылбагандыктан, долбоор менен Кодекстин 93-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталат, анда эгерде эксперттин корутундусу менен негизсиз мотиви боюнча макул эмес болсо, ошондой эле эгерде бир нече эксперттердин корутундуларынын ортосунда карама-каршылык болсо, сот кайтадан экспертиза дайындайт. "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамга ылайык сот тарабынан документтердин көчүрмөлөрүн берүү үчүн мамлекеттик алым алынбагандыктан, Жарандык процесстик кодекстин 98-беренесинин 3-пунктун алып салуу сунушталат. Ошондой эле, жарандардын укугун соттук коргоону камсыздоо, анын ичинде менчик укугун коргоо максатында, доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташы жөнүндө маселе жактардын катышуусу менен соттук талдоонун өтүшүндө карала тургандыктан, Кодекстин 135 жана 136-беренесине долбоор менен тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен (Эмгек кодекси, "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдар) сотко чейинки талаштарды чечүүнүн тартиби каралган, аны сактабаса Жарандык процесстик кодекстин 4-беренесине ылайык сот үчүн доо арызын кайра кайтарууга негиз болуп саналаарын эске алып, мыйзам долбоору менен Кодекстин 136-беренесине өзгөртүүлөр киргизүү сунушталат. Ошону менен бирге, ушул оңдоо Кодекстин 135-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасынын ченемине да негизделет, анда тараптардын ортосунда талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна берүү жөнүндө макулдашуу түзүлсө, доо арызын кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Кодекстин 198-берененин 1-пунктунда соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш экендиги каралгандыгын эске алып, долбоор менен аталган беренеге мыйзамдуу жана негиздүү деген түшүнүктөрдү ачкан, оңдоо менен толуктоо киргизүү сунушталат. Ошондой эле, коррупциялык факторлорду алып салуу максатында, Кодекстин 199-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталат, анын негизинде сот мыйзамда так аныкталып каралган учурда гана билдирилген талаптын чегинен чыгууга укуктуу болот. Ошону менен бирге, Балдар жөнүндө кодекстин талаптарын эске алып, мыйзам долбоору менен камкордук кылуучу орган институтун үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнө алмаштыруу сунушталган. Конституциянын 20-беренесине ылайык соттук коргонууга жарандардын укуктары эч чектелүүгө тийиш эмес жана Негизги мыйзамдын 40-беренеси ар кимге анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берет, долбоор менен Кодекстин 221-беренесине оңдоо киргизүү сунушталат, адам ар дайым өзүнүн талабын кароого укугу болуш керек экендигине, эгерде доонун эскиришинин мыйзам менен белгиленген мөөнөтү өтүп кетсе, сот сот ишин жүргүзүүнү токтотпой чечим кабыл алуусу керек экендигине багытталган. Ошону менен бирге, ушул оңдоо менчик укугун коргоону күчөтүүгө багытталган. Аныктаманын чыгарылышы биринчи инстанциядагы сот тарабынан гана эмес экендигин эске алып, долбоор менен Кодекстин 225-беренесине тиешелүү өзгөртүү киргизүү сунушталат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесине ылайык мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алыштай тургандыгын эске алып, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Мыйзамдын жана Өкмөттүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматы жөнүндө Жобосуна ылайык. Жоопкерди же карызкорду жана анын мүмкүн издөө боюнча чыгымдарды өндүрүү жогоруда аталган органдын функциясына кирбей тургандыгын белгилейбиз. Андан башка, Салык кодексинин 122-беренесине ылайык салык органдары финансы полиция органдарына салык органдарында салыктык каттоодон өтпөгөн, салык отчеттуулугун бербеген КНСтин эсеп-фактураларын алган бланктары боюнча эсептешпеген, салыктарды төлөөдөн качып жүргөн адамдарды издөө боюнча арыздар менен кайрылышат. Ошондуктан, мыйзам долбоору менен Кодекстин 247-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталат. Ошону менен бирге, аталган берене "Салыктык эмес төлөмдөр" Мыйзамына ылайык келтирилет. Долбоор менен кассациялык инстанцияны алып салуу сунушталгандыктан, биринчи инстанциядагы соттун чечимин даттануу мөөнөтүн кайра калыбына келтирүү укугун берүүнү эске алып, Кодексти апелляциялык даттануу же талап чечилгенге чейин соттун чечимдерин аткарууну токтото туруу мүмкүнчүлүгүн караган 328-1-беренеси менен, ошондой эле биринчи инстанциядагы соттун чечими жокко чыгаруу жана иш жаңыдан кароого жиберүү негиздерин белгилеген 333-1-беренеси менен толуктоо сунушталган. Ошону менен бирге, апелляциялык даттануу укугун ишке катышкан адамдар гана эмес ишке катышууга тартылбаган, бирок укуктарына жана милдеттерине карата сот чечим кабыл алган адамдар да апелляциялык даттанууну бере алат (Кодекстин 315-беренеси). Мындай кырдаалда апелляциялык инстанциянын соту биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарып жана жаңы чечим чыгаруусу зарыл. Ошондуктан, ишке катышууга тартылбаган адамдар ишти биринчи инстанциядагы соттун кароосуна укугун жоготот. Ошого байланыштуу долбоор менен Кодекстин 331-беренесине тиешелүү толуктоо киргизүү сунушталат. Эгерде соттук акты маңызы боюнча эмес кабыл алынса, соттун аныктамасы чыгарылгандыктан, долбоор менен Кодекстин 340-беренесиндеги "чечим" деген сөз "аныктама" деген сөз менен алмаштыруу сунушталат. Жарандык процесстик кодексинин 344-беренеси "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 45-беренесине ылайык келтирилди, ага ылайык соттор кабыл алган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет. Долбоор менен ошондой эле, Кодекстеги ички карама каршылыктарды жоюу боюнча оңдоолор, ошондой эле укук колдонуу практикасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн редакциялык оңдоолор киргизилген (21, 88, 122, 201, 229, 230, 231, 321, 351). Ошондой эле, белгилеп кетебиз, Конституциянын 93-беренесинде Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт деп белгиленгендиктен, Кодекстин бардык текстиндеги "Конституциялык сот" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталган. Ошону менен бирге, Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн сайта жайгаштырылган, ал эми анын өркүндөтүлүшүнө сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз. Кошумча иретинде, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.

Министр

А.Мухамеджанов

"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Ушул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планынын 85-пунктун ишке ашыруу жана менчик укугун коргоонун механизмдерин жакшыртуу максатында, ошондой эле Граждандык кодекстин жоболорун 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган Конституцияга жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү үчүн багытталып иштелип чыкты. Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда жогоруда белгиленген Кодекстин жоболорун Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат деп көрсөтүлгөн Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирилүүсү сунушталган. Ошол себептүү долбоор менен Кодекстин 2, 6 жана 171-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Кодекстин 20-беренеси, ар бир адамдын кат-кабар алышууга, телефондук жана башка сүйлөшүүлөргө, почта, телеграфтык, электрондук дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна кепилдик берүүчү Конституциянын 29-беренесине ылайык келтирилип жатат. Укуктук мамлекетти куруунун кынтыксыз шарттары, демократиялык булактардын, экономикалык жана саясий түбүнөн кайра өзгөрүүлөрдүн базиси болуп эсептелгендигине байланыштуу, менчик институту өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп кетишибиз абзел. Менчиктин экономикалык мамилелери баардык коомдун негизин түзөт жана укуктук жөнгө салуу болсо укуктун системасын баарынан мурда ушул мамилелерди бекитүүчү, бир тартипке салуучу жана сактоочу болуп пайда болот жана сакталып калат. Ошол себептүү бар болгон менчик мамилелерин сактоо - башка укуктук системадан дагы эң маанилүү маселе болуп саналат. Кыргыз Республикасында менчик укугунун бирден-бир фундаменталдык кепилдиктерин коргоо, Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет деп көрсөтүлгөн Конституциянын 12-беренеси болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн жободо жогорку адамдык баалулуктун укугун жана эркиндигин жарыялоо менен тыгыз байланышкан жана алардын сакталуусу жана корголуусу мамлекеттин милдети болуп саналат. Жогоруда көрсөтүлгөн Конституциялык ченемге жарандар жана юридикалык жактар өздөрүнө таандык болгон жарандык укуктарды өзү каалагандай жүзөгө ашырышат деген ченемди камтыган Граждандык кодекстин 8-беренеси байланышкан. Ошол себептүү менчик укугу, башкача айтканда мыйзам менен бекитилген белгилүү бир тиешелүү материалдык баалуулуктары укуктук ченемдердин көптөгөн тармактары менен корголот: кылмыш боюнча, юридикалык жактардын жана жарандардын мамлекеттин баалуулуктарына кол салгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоочу; администрациялык боюнча, эмгекке жана тарипке салган түрдөгү майда кылмыштарды жазалоочу, мисалы, жумуш берүүчүнүн мүлкүнө жумушчулар тарабынан зыян келтиргендиги үчүн материалдык жоопкерчилик тартуучу, жана башка ченемдер мисал боло алат. Жогорудагы белгиленгендердин негизинде долбоордо менчик укугун коргоонун механизмин натыйжалуу жайылтуу максатында Граждандык кодекстин 184, 185, 204, 215, 221, 223, 225, 231, 232, 233-1, 233-17, 233-18, 245, 251, 254-1, 265, 281, 284, 287, 288, 291, жана 294-беренелерине түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ошентип, Кодекстин 184-беренесиндеги 4-пунктун күчүн жоготту деп табылуусу сунушталууда, себеби колдонулуп жаткан редакцияда келишимдин күчүн жоготту деп таанууда ак ниети менен сатып алып жаткан жактын укугун толугу менен коргой албай келет. Кодекстин 185-беренесине сунушталып жаткан толуктоо, жараксыз деп табуудагы бир мыйзамдын бүтүмүнүн талаптарын тарылтууга багытталган. Нотариалдык форманы, мамлекеттик каттоону талап кылган бүтүмдөрдү түзүүгө болгон ишеним кат, ошондой эле жарандар тарабынан сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн берилген ишеним кат мыйзамда каралгандагыдан башка учурларда нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш деген Кодекстин 204-беренесинин 1-пунктунун жаңы редакциясында баяндалуусу сунушталууда. Ошону менен бирге, азыркы учурда кыймылсыз мүлк менен байланышкан көптөгөн бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы каттоо кызматынын органдарында нотариалдык жактан күбөлөндүрүлбөстөн эле документтер даярдалып жатат, ошол себептүү көрсөтүлгөн органдарда өкүлдөрдүн ыйгарымдарын талаптагыдай оформить этилүүсү зарыл экендигин белгилейбиз. Соттук тажрыйбаларда көрсөтүлгөндөй, жарандардын сотко өкүлчүлүк кылууда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат талап кылынууда, себеби тараптардын өкүлдөрү мыйзамдардын белгилүү бир жоболоруна таянышып туруп сотко нотариалдык жактан күбөлөндүрүлбөгөн ишеним катты көрсөтүшөт жана ишеним артуучулардын республиканын аймагынын сырт жагында жүргөндүгүнө байланыштуу ушундай ишеним каттардын аныктыгын дайыма текшерүү мүмкүн болбой келет. Мындан башка дагы мыйзам долбоору менен башта колдонулуп келген Граждандык кодекстин 215-беренесин кайра алып келүү сунушталууда, себеби көрсөтүлгөн берененин колдонулуп жаткан редакциясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесине ченемдерине каршы келет. Ошону менен бирге, доону берүүнүн мөөнөтүн жүйөлүү бир себептер менен өткөзүп жиберсе кайрадан калыбына келтирилиши мүмкүн деп көрсөтүлгөн ченемди жогоруда көрсөтүлгөн беренени кайрадан каралып чыгуусунун кошумча негизи болуп эсептелет. Сунуш кылынып жаткан Кодекстин 221-беренесине, администрациялык иш боюнча мыйзамдарда көрсөтүлгөндөй үч айдын ичинде даттануусу жана мөөнөттү өткөрүп жиберген учурларда сот тараптардын арызынын негизинде калыбына келтире алаары каралган. Ошону менен бирге, бул ченем инвесторлордун жана башка менчик ээлеринин укугун бузуп келет. Мындан башка дагы эгерде мамлекеттик органдардын чечимдери алынып салынган учурларда жапа чеккен жактар мамлекет тарабынан келтирилген чыгымдарды мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөп берүү жөнүндө доо арызы менен кайрылышып мамлекет үчүн терс натыйжа алып келээрин белгилейбиз. Ушул мыйзам долбоору менен Граждандык кодекстин 223-беренесин Конституциянын 12-беренесинин ченемдерине ылайык келтирилүүсү сунушталууда. Кодекстин 225-беренесинин экинчи пункту, мамлекеттик менчик мамлекеттин казынасынан, ошондой эле мамлекеттик ишканаларга бекитилген мүлктөрдөн жана ченемдик укуктук актыларга ылайык мекемелерден турат деп жаңы редакцияда баяндалуусу мыйзам долбоорунда сунушталууда. Белгиленген толуктоолор көрсөтүлгөн берененин жоболорун Жарандык кодекстин 164-беренесинин ченемдерине ылайык келтирүүгө багытталган. Кодекстин 231-беренесине толуктоо киргизүүдө, мекеменин өзүнө бекитилген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнүп берилген каражаттын эсебинен сатылып алынган мүлктү ээликтен ажыратып алууга же башка жол менен тескөөгө мүмкүнчүлүк берет. Кодекстин 232, 233-1, 233-17, жана 233-18-беренелеринин жоболорун жерге болгон менчикти жөнгө салган Конституциянын ченемдерине ылайык келтирүү сунушталууда. Ошондой эле, кодекстин 245-беренесине бир суроо боюнча көптөгөн укуктук жөнгө салууларды алып салуу максатында ушул мыйзам долбоору менен тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. Кодекстин 245-1-беренесин толуктоодо, жарандык мыйзамдардын базалык принциптерин сактап калуу жана соттор тарабынан менчик укугунун бузуу жагдайларын алып салуу зарылчылыгы шартталган. Көрсөтүлгөн берененин колдонулуп жаткан пунктунда өзү билип басып алган жерди чынында "пайдаланууда" деп атап алышып мыйзамдаштырып алууга жол берилген. Ошол эле учурда жарандык мыйзамдарда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде гана пайдаланууга укугу пайда болот, эгерде менчик ээсинин жер участкасын жөндүү жол менен пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө сөз болсо, анда бул маселелер Граждандык кодекстин тиешелүү ченемдери менен жөнгө салынат. Граждандык кодекстин 265, 281, 284, 287-беренелеринин жоболору, эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес жана анын эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет деп белгиленген Конституциянын 12-беренесинин ченемдерине ылайык келтирилүүдө. Жеке менчикке кепилдик берүү менен бирге, өзгөчө бир учурларда мүлктү алып коюу, ал мүлктүн наркынын жана башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү камсыз кылуу жагынан, мамлекет өзүнүн аркасынан эгемендүү укугун калтырып келет. Ошентип Конституциянын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык мамлекеттин муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу, ал мүлктүн наркынын жана башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Конституциянын жогоруда көрсөтүлүп кеткен жоболорун жүзөөгө ашырууда Граждандык кодекстин 288-беренесиндеги жарандарга жана юридикалык жактарга тиешелүү мүлктү мамлекеттештирүү аркылуу мамлекеттин менчигине айландырууда бул мүлктү мамлекеттештирүү жөнүндө Конституцияга ылайык кабыл алынган мыйзамдын негизинде жана мүлктү мамлекеттештирилген жана мүлктүн наркынын жана аны алып коюуга байланыштуу келтирилген башка чыгымдардын ордун толтуруу менен жол берилери көрсөтүлгөн улутташтыруунун түшүнүгүн тактоо сунушталууда. Ошондой эле, алгачкы менчик ээсинин менчик укугунун корголуусун күчөтүү максатында Граждандык кодекстин 291-беренеси жаңы редакцияда баяндалуусу ушул долбоордо сунуш кылынууда. Мындан тышкары, долбоордо Граждандык кодекстин кээ бир жоболорун, кодекс мыйзамга караганда юридикалык күчүнүн деңгээли боюнча жогору тураары жана ченемдик укуктук актынын өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керектигин белгилеген "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын ченемдерин эске алуу менен бирге карап чыгуу сунушталууда. Жарандык мыйзамдарды инвентаризациялоодо Граждандык кодексти ишке ашырууда кабыл алынган жана жарандык мыйзамдардын түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелген мыйзамдарда реалдуу заманбап талаптарга жооп берген прогрессивдүү жоболордун камтылгандыгы көрсөтүлгөн. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ченем жаратуучу болуп Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Улуттук банк, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары аныкталган. Ошол себептүү көрсөтүлгөн кодекстин 2, 437, 675, 822, 948-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү жана укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесинде милдеттүү катталууга жаткан укуктардын жана чектөөлөрдүн так тизмеси келтирилген, ошону менен бирге мыйзам күчүндөгү ипотекалар жана ипотекадан же күрөөдөн келип чыккан укуктар, күрөө келишиминин негизинде келип чыккан менчик укугунун категориясына кирээри белгиленген. Ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 22-беренесине ылайык, кыймылсыз мүлккө укуктарды же алар менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоодон баш тартуу же каттоо органынын каттоодон четтешине мамлекеттик каттоонун жогору турган органына же сотко даттанылышы мүмкүн. Ошондуктан, ушул долбоор менен Граждандык кодекстин 25-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Мындан тышкары көрсөтүлгөн берене, каттоо жөнүндө, катталган кыймылсыз мүлкү жана аны менен болгон бүтүмдөрү тууралу маалыматтарды берүүгө катыштыгы бар Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" жана "Коммерциялык сыр жөнүндө" Мыйзамдарынын ченемдери эске алынып түзөтүүлөр жүргүзүлөт. Уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү юридикалык жактардын мамлекеттик кайра каттоодон өтүүнүн негизи болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамын эске алуу менен Кодекстин 87-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Жогорудагы көрсөтүлгөн мыйзамдын 11-беренесинин талаптарына ылайык, мамлекеттик каттоодон өтүүгө бериле турган документтердин тизмесине уюштуруу документтери кирбегендиктен долбоор менен Кодекстин 94-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Конституциянын 100-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш деген ченемин эске алып ушул долбоор менен Кодекстин 92-беренесине тиешелүү өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ошондой эле, "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамынын 45-беренесине ылайык жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу коомго же анын башка катышуучуларына олуттуу зыян келтиргенде гана, соттун чечими боюнча гана коомдон чыгарылышын эске алып, мыйзам долбоору менен Кодекстин 136-беренесин кайра карап чыгуусу сунушталат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор жөнүндө" Мыйзамынын ченемдерин эске алып Кодекстин 116, 121, 137, 139, 143, жана 148-беренелери ушул долбоор менен кайра каралуусу сунушталгандыгын белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, керектелбөөчү бардык буюмдар, анын ичинде: ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорт каражаты жана башка ишкердик иш үчүн пайдаланылуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр лизингдин предмети болушу мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн ченемди эске алып мыйзам долбоору менен Кодекстин 604-беренесин жаңы редакцияда баяндалуусу сунушталууда. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, администрациялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн толук жаза-чаралардын түзөтүү-эмгек иштерин өзүнө камтыбаган түрлөрүнүн тизмеси белгиленген. Ошондуктан, долбоор менен Кодекстин 999-беренесине толуктоо киргизүү каралган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамын жүзөөгө ашыруу максатында "Майып"деген түшүнүктү "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар" деген терминге алмаштыруу үчүн Кодекстин 1016-беренесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталган. Ушул эле учурда, сунушталып жаткан мыйзамдын долбоорлору мамлекеттик бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт деп белгилеп кетебиз. Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык ушул сунуш кылынган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын сайтында коомдук талкууга коюу үчүн жайгаштырылган. Ошону менен бирге, коомдук талкуунун негизинде мыйзам долбоорунун кандайдыр бир жоболорун жакшыртуу иретинде сунуштар түшкөн жок.

Министр

А.Мухамеджанов

"Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| Колдонулуп жаткан редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- |
| 1-берене. Жарандык сот ишин жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдар \[1. Кыргыз Республикасынын сотторунда жарандык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен аныкталат.\] 2. Башка мыйзамдарда жана \[мыйзам актыларында\] каралган жарандык процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш. \[3. Кыргыз-Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленгенден башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.\] 4. Жарандык иштер боюнча сот иши, аны кароо жана чечүү, айрым процесстик аракеттерди аткаруу жана сот актыларын ишке ашыруу мезгилинде күчүндө болгон мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. | 1-берене. Жарандык сот ишин жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдар 1. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТТОРУНДА ЖАРАНДЫК АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА СОТ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ, УШУЛ КОДЕКС, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ СОТТОРУ ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ ЖАНА АЛАРГА ЫЛАЙЫК КАБЫЛ АЛЫНУУЧУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА МЫЙЗАМДАРЫ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ МЕНЕН АНЫКТАЛАТ. 2. Башка мыйзамдарда жана ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДА каралган жарандык процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш. 3. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. 4. Жарандык иштер боюнча сот иши, аны кароо жана чечүү, айрым процесстик аракеттерди аткаруу жана сот актыларын ишке ашыруу мезгилинде күчүндө болгон мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. |
| 2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы (1) Адвокат - жеке жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын жүзөгө ашырууда аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн адам. (2) Апелляциялык даттануу - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан областтык соттун коллегиясына берилүүчү даттануу же талап. (3) Апелляциялык инстанция (экинчи инстанциядагы сот) - жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегияларынын жана биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек актыларына карата апелляциялык даттанууларды жана талаптарды карай турган областтык жана аларга теңештирилген соттор. (3-1) Жарандык иштер (ушул Кодекстин мааниси боюнча) - жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу таламдаш жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо боюнча иштер, анын ичинде администрациялык жана экономикалык иштер. (4) Мыйзамдуу өкүлдөр - ишке катышкан адамдын ата-энеси, багып алган ата-энеси, камкорчусу, тарбиялоочусу, ошондой эле ишке катышкан адам камкордугунда турган уюмдун жана адамдардын өкүлдөрү. (5) Доо коюу арызы - өзүнүн бузулган же талашылып жаткан субъективдүү укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоого таламдаш адамдын сотко берген процесстик документи. \[(5-1) Кассациялык даттануу биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышкан жактар тарабынан областтык соттун коллегиясына берилүүчү даттануусу же талабы. (5-2) Кассациялык инстанция биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата кассациялык даттанууларды жана талаптарды карай турган областтык соттун сот коллегиясы.\] (6) Ишке катышкан жактар - тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, үчүнчү жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылган же корутунду берүү үчүн процесске кирген жактар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө сот ишин жүргүзүүдөгү таламдаш жактар. (6-1) Көзөмөл даттануусу - мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышкан жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларына берилүүчү даттануусу же талабы. (7) Көзөмөл инстанциясы - процесске катышуучулардын даттануулары жана талаптары боюнча жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын карай турган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиялары. (8) Аныктама, чечим, токтом, \[буйрук\] - сот отурумдарында сот тарабынан чыгарылган сот актысы. (8-1) Областтык сот - областтык жана аларга теңештирилген соттор (Кыргыз Республикасынын Аскер соту жана Бишкек шаардык соту). (9) Төрагалык кылуучу - ишти коллегиялык кароодо төрагалык кылуучу же жеке өзү кароочу судья. (10) Талап кылуу - прокурордун сот актысына карата даттануусу. (11) Прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, областтардын прокурорлору, Бишкек шаарынын прокурору, райондук жана шаардык прокурорлор, областтык, райондук, шаардык прокурорлорго теңештирилген аскер, транспорттук жана башка прокурорлор, алардын орун басарлары жана жардамчылары, прокуратуранын башкармаларынын жана бөлүмдөрүнүн өз компетенциясынын чектеринде аракеттенген прокурорлору. (12) Протокол - сот жыйналышында болгон аракеттер катталган процесстик документ. (12-1) Райондук сот - райондук жана аларга теңештирилген соттор (эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, шаардагы райондук сот, шаардык сот, гарнизондордун аскер соту, областтардын жана Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту). (13) Тараптар - жарандык сот ишин жүргүзүүдө тең укуктуулук жана атаандашуучулук башталышында чыгуучу органдар жана адамдар. (14) Сот - жарандык иштер боюнча кандай гана болбосун сот, судья, сот коллегиясынын же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын соттук курамы, биринчи инстанция боюнча, апелляциялык тартипте, \[кассациялык-тартипте,\] сот көзөмөлү тартибинде жарандык ишти карай турган. (15) Судья - ишти кароочу кандай гана болбосун соттун кесипкөй судьясы, төрагасы, соттун төрагасынын орун басары. (16) Биринчи инстанциядагы сот - сот отурумунда иштин жагдайын түздөн-түз аныктоого жана ал боюнча сот актыларын кабыл алууга карата ыйгарым укугу бар сот. (17) Жеке даттануу - процесске катышуучулардын биринин сот отурумунда чыгарылган сот аныктамасына же судьянын токтомуна карата даттануусу. (18) Жекече аныктама - сот мамлекеттик органдардын, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын мыйзамдын бузулушунун аныкталган фактыларына, аларды жасоого өбөлгө болгон себептерге жана шарттарга жана тийиштүү чараларды кабыл алууну талап кыла тургандыгына көңүл бура турган аныктама. | 2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы (1) Адвокат - жеке жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын жүзөгө ашырууда аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн адам. (2) Апелляциялык даттануу - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан областтык соттун коллегиясына берилүүчү даттануу же талап. (3) Апелляциялык инстанция (экинчи инстанциядагы сот) - жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегияларынын жана биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек актыларына карата апелляциялык даттанууларды жана талаптарды карай турган областтык жана аларга теңештирилген соттор. (3-1) Жарандык иштер (ушул Кодекстин мааниси боюнча) - жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу таламдаш жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо боюнча иштер, анын ичинде администрациялык жана экономикалык иштер. (4) Мыйзамдуу өкүлдөр - ишке катышкан адамдын ата-энеси, багып алган ата-энеси, камкорчусу, тарбиялоочусу, ошондой эле ишке катышкан адам камкордугунда турган уюмдун жана адамдардын өкүлдөрү. (5) Доо коюу арызы - өзүнүн бузулган же талашылып жаткан субъективдүү укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоого таламдаш адамдын сотко берген процесстик документи. (5-1) КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН (5-2) КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН (6) Ишке катышкан жактар - тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, үчүнчү жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылган же корутунду берүү үчүн процесске кирген жактар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө сот ишин жүргүзүүдөгү таламдаш жактар. (6-1) Көзөмөл даттануусу - мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышкан жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларына берилүүчү даттануусу же талабы. (7) Көзөмөл инстанциясы - процесске катышуучулардын даттануулары жана талаптары боюнча жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын карай турган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиялары. (8) АНЫКТАМА, ЧЕЧИМ, ТОКТОМ - СОТ ОТУРУМДАРЫНДА СОТ ТАРАБЫНАН ЧЫГАРЫЛГАН СОТ АКТЫСЫ. (8-1) Областтык сот - областтык жана аларга теңештирилген соттор (Кыргыз Республикасынын Аскер соту жана Бишкек шаардык соту). (9) Төрагалык кылуучу - ишти коллегиялык кароодо төрагалык кылуучу же жеке өзү кароочу судья. (10) Талап кылуу - прокурордун сот актысына карата даттануусу. (11) Прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, областтардын прокурорлору, Бишкек шаарынын прокурору, райондук жана шаардык прокурорлор, областтык, райондук, шаардык прокурорлорго теңештирилген аскер, транспорттук жана башка прокурорлор, алардын орун басарлары жана жардамчылары, прокуратуранын башкармаларынын жана бөлүмдөрүнүн өз компетенциясынын чектеринде аракеттенген прокурорлору. (12) Протокол - сот жыйналышында болгон аракеттер катталган процесстик документ. (12-1) Райондук сот - райондук жана аларга теңештирилген соттор (эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, шаардагы райондук сот, шаардык сот, гарнизондордун аскер соту, областтардын жана Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту). (13) Тараптар - жарандык сот ишин жүргүзүүдө тең укуктуулук жана атаандашуучулук башталышында чыгуучу органдар жана адамдар. (14) СОТ - ЖАРАНДЫК ИШТЕР БОЮНЧА КАНДАЙ ГАНА БОЛБОСУН СОТ, СУДЬЯ, СОТ КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ЖЕ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА СОТ КОЛЛЕГИЯСЫНЫН СОТТУК КУРАМЫ, БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ БОЮНЧА, АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ТАРТИПТЕ, СОТ КӨЗӨМӨЛҮ ТАРТИБИНДЕ ЖАРАНДЫК ИШТИ КАРАЙ ТУРГАН. (15) Судья - ишти кароочу кандай гана болбосун соттун кесипкөй судьясы, төрагасы, соттун төрагасынын орун басары. (16) Биринчи инстанциядагы сот - сот отурумунда иштин жагдайын түздөн-түз аныктоого жана ал боюнча сот актыларын кабыл алууга карата ыйгарым укугу бар сот. (17) Жеке даттануу - процесске катышуучулардын биринин сот отурумунда чыгарылган сот аныктамасына же судьянын токтомуна карата даттануусу. (18) Жекече аныктама - сот мамлекеттик органдардын, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын мыйзамдын бузулушунун аныкталган фактыларына, аларды жасоого өбөлгө болгон себептерге жана шарттарга жана тийиштүү чараларды кабыл алууну талап кыла тургандыгына көңүл бура турган аныктама. |
| 8-берене. Жарандык иштерди жеке бир киши тарабынан жана коллегиалдуу кароо 1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, райондук соттордо биринчи инстанция боюнча жарандык иштерди судья жеке өзү карайт. 2. Жарандык иштер областтык соттун сот коллегиясында апелляциялык \[жана кассациялык\] тартипте үч судьядан турган соттук тарабынан коллегиалдуу түрдө каралат. 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык, администрациялык жана экономикалык иштерди көзөмөл тартибинде кароо соттук коллегиялардын үч судьядан турган соттук курамдары тарабынан ишке ашырылат. | 8-берене. Жарандык иштерди жеке бир киши тарабынан жана коллегиалдуу кароо 1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, райондук соттордо биринчи инстанция боюнча жарандык иштерди судья жеке өзү карайт. 2. ЖАРАНДЫК ИШТЕР ОБЛАСТТЫК СОТТУН СОТ КОЛЛЕГИЯСЫНДА АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ТАРТИПТЕ ҮЧ СУДЬЯДАН ТУРГАН СОТТУК КУРАМ ТАРАБЫНАН КОЛЛЕГИАЛДУУ ТҮРДӨ КАРАЛАТ. 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык, администрациялык жана экономикалык иштерди көзөмөл тартибинде кароо соттук коллегиялардын үч судьядан турган соттук курамдары тарабынан ишке ашырылат. |
| 11-берене. Сот ишин жүргүзүүдө колдонулуучу тил 1. Жарандык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү мамлекеттик жана \[орус\] тилдеринде ишке ашырылат. 2. Сот иши жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышып чыгуу, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүү, өз эне тилинде сүйлөө жана өтүнүч билдирүү, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте тилмечтин кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат. 3. Соттун документтери ишке катышкан жактарга алар билген тилге которулуп тапшырылат. | 11-берене. Сот ишин жүргүзүүдө колдонулуучу тил 1. Жарандык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү мамлекеттик жана РАСМИЙ тилдеринде ишке ашырылат. 2. Сот иши жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышып чыгуу, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүү, өз эне тилинде сүйлөө жана өтүнүч билдирүү, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте тилмечтин кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат. 3. Соттун документтери ишке катышкан жактарга алар билген тилге которулуп тапшырылат. |
| 13-берене. Жарандык ишти чечүүдө сот тарабынан колдонулуучу ченемдик укуктук актылар \[1. Сот жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана эл аралык келишимдердин негизинде чечүүгө милдеттүү. Сот Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чыгарылган жана мыйзамдарга карама-каршы келбеген ченемдик укуктук актыларды колдонот.\] 2. Соттун Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууга укугу жок. 3. Талаш маселелерди жөнгө салуу үчүн укук ченемдери жок болгон учурда, сот буга шайкеш мамилелерди (мыйзамдардын окшоштугу) жөнгө салуучу укук ченемдерин колдонот, ал эми андай ченемдер жок болгон учурда, ишти жана жарандык-процесстик мыйзамдардын жалпы башталыштарына маңызына (укуктардын окшоштугу) жана ак ниеттүүлүктүн, аң-сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына негизденүү менен чечет. 4. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо сот колдонулууга тийиш мыйзам же башка ченемдик укуктук акт Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген адамдын укуктары менен эркиндиктерине шек келтирсе жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келсе, анда ал ишти жүргүзүүнү токтотуп, Кыргыз Республикасынын \[Конституциялык сотуна\] бул актыны конституциялык эмес деп таануу жөнүндөгү өтүнүч менен кайрыла алат. Сот тарабынан \[Конституциялык соттун\] чечими алынгандан кийин ишти жүргүзүү улантылат. \[5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мыйзамдарда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.\] 6. Ишти кароодо жана чечүүдө сот Мыйзамга же эл аралык келишимге ылайык эл аралык укуктун ченемдерин же башка мамлекеттин укук ченемдерин колдонот. 7. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын макулдашуусунда тиешелүү маселени чечүү сотко калтырыла тургандыгы белгиленсе, анда сот бул маселелерди адилеттүүлүктүн жана акыл-эстүүлүктүн критерийлерине негизденип чечүүгө милдеттүү. | 13-берене. Жарандык ишти чечүүдө сот тарабынан колдонулуучу ченемдик укуктук актылар 1. СОТ ЖАРАНДЫК ИШТЕРДИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН, МЫЙЗАМДАРДЫН, АЛАРГА ЫЛАЙЫК КАБЫЛ АЛЫНУУЧУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНЫН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНИН НЕГИЗИНДЕ ЧЕЧҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. 2. Соттун Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууга укугу жок. 3. Талаш маселелерди жөнгө салуу үчүн укук ченемдери жок болгон учурда, сот буга шайкеш мамилелерди (мыйзамдардын окшоштугу) жөнгө салуучу укук ченемдерин колдонот, ал эми андай ченемдер жок болгон учурда, ишти жана жарандык-процесстик мыйзамдардын жалпы башталыштарына маңызына (укуктардын окшоштугу) жана ак ниеттүүлүктүн, аң-сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына негизденүү менен чечет. 4. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо сот колдонулууга тийиш мыйзам же башка ченемдик укуктук акт Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген адамдын укуктары менен эркиндиктерине шек келтирсе жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келсе, анда ал ишти жүргүзүүнү токтотуп, Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНА бул актыны конституциялык эмес деп таануу жөнүндөгү өтүнүч менен кайрыла алат. Сот тарабынан ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН чечими алынгандан кийин ишти жүргүзүү улантылат. 5. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. 6. Ишти кароодо жана чечүүдө сот Мыйзамга же эл аралык келишимге ылайык эл аралык укуктун ченемдерин же башка мамлекеттин укук ченемдерин колдонот. 7. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын макулдашуусунда тиешелүү маселени чечүү сотко калтырыла тургандыгы белгиленсе, анда сот бул маселелерди адилеттүүлүктүн жана акыл-эстүүлүктүн критерийлерине негизденип чечүүгө милдеттүү. |
| 15-берене. Соттун курамы 1. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 8-статьясына ылайык биринчи инстанциядагы иштерди судьялар өздөрү жекече карашат. Ишти жеке өзү карап жаткан судья соттун атынан аракеттенет. 2. Областтык соттордогу жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер апелляциялык \[жана кассациялык\] тартипте жарандык иштер боюнча же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын үч судьясынын курамында каралат. 3. Жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык иштер боюнча же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын үч судьясынан турган соттук курамы болгон учурда каралат. 4. Ишти караган учурда бардык судьялар бирдей укуктардан пайдаланышат. | 15-берене. Соттун курамы 1. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 8-статьясына ылайык биринчи инстанциядагы иштерди судьялар өздөрү жекече карашат. Ишти жеке өзү карап жаткан судья соттун атынан аракеттенет. 2. ОБЛАСТТЫК СОТТОРДО ЖАРАНДЫК, АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТЕР АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ТАРТИПТЕ ЖАРАНДЫК ИШТЕР БОЮНЧА ЖЕ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА СОТ КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ҮЧ СУДЬЯСЫНЫН КУРАМЫНДА КАРАЛАТ. 3. Жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык иштер боюнча же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын үч судьясынан турган соттук курамы болгон учурда каралат. 4. Ишти караган учурда бардык судьялар бирдей укуктардан пайдаланышат. |
| 18-берене. Судьянын ишти экинчи жолу кайра кароого катышуусуна жол берилбестиги 1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти кароого катышкан судья ушул эле ишти башка инстанциялардагы кароого катыша албайт. 2. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра караган учурларды кошпогондо, биринчи же апелляциялык, \[кассациялык\] инстанцияда каралган ишке катышкан судья ушул эле иш ушундай эле инстанцияда кайра каралганда катыша албайт. 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти көзөмөл тартибинде кароого катышуусу анын ушул ишти көзөмөл тартибинде кайрадан кароого катышуусуна тоскоол болбойт. | 18-берене. Судьянын ишти экинчи жолу кайра кароого катышуусуна жол берилбестиги 1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти кароого катышкан судья ушул эле ишти башка инстанциялардагы кароого катыша албайт. 2. ЖАҢЫДАН АЧЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР БОЮНЧА ИШТИ КАЙРАДАН КАРАГАН УЧУРЛАРДЫ КОШПОГОНДО, БИРИНЧИ ЖЕ АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДА КАРАЛГАН ИШКЕ КАТЫШКАН СУДЬЯ УШУЛ ЭЛЕ ИШ УШУНДАЙ ЭЛЕ ИНСТАНЦИЯДА КАЙРА КАРАЛГАНДА КАТЫША АЛБАЙТ. 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти көзөмөл тартибинде кароого катышуусу анын ушул ишти көзөмөл тартибинде кайрадан кароого катышуусуна тоскоол болбойт. |
| 19-берене. Прокурордон, эксперттен, адистен, тилмечтен, сот отурумунун катчысынан баш тартуу үчүн негиздер 1. Ушул Кодекстин 17-статьясында көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер экспертке, адиске, тилмечке, сот отурумунун катчысына карата да колдонулат. Мындан тышкары эксперт же адис: 1) эгерде алар ишке катышкан жактардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бирөөнө кызмат жагынан же башкача түрдө мурда же азыр көз каранды болсо; 2) эгерде алар материалдары сотко кайрылуу үчүн негиз болууга же бул ишти кароодо колдонулууга кызмат кыла тургандай текшерүү жүргүзүшсө; 3) алардын компетенттүү эместиги аныкталган учурда, ишти кароого катыша албайт. 2. Эксперттин, адистин, тилмечтин жана сот отурумунун катчысынын ушул эле иштин мурдагы каралашында тиешелүү түрдө эксперт, адис, тилмеч, сот отурумунун катчысы катары катышышы алардан баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт. 3. Ушул кодекстин 17-статьясынын 1-пунктунун \[1 жана 3-пунктчаларында\] көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер прокурорго да жайылтылат. Мында бул ишти прокурор катары мурдагы кароого прокурордун катышканы баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт. | 19-берене. Прокурордон, эксперттен, адистен, тилмечтен, сот отурумунун катчысынан баш тартуу үчүн негиздер 1. Ушул Кодекстин 17-статьясында көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер экспертке, адиске, тилмечке, сот отурумунун катчысына карата да колдонулат. Мындан тышкары эксперт же адис: 1) эгерде алар ишке катышкан жактардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бирөөнө кызмат жагынан же башкача түрдө мурда же азыр көз каранды болсо; 2) эгерде алар материалдары сотко кайрылуу үчүн негиз болууга же бул ишти кароодо колдонулууга кызмат кыла тургандай текшерүү жүргүзүшсө; 3) алардын компетенттүү эместиги аныкталган учурда, ишти кароого катыша албайт. 2. Эксперттин, адистин, тилмечтин жана сот отурумунун катчысынын ушул эле иштин мурдагы каралашында тиешелүү түрдө эксперт, адис, тилмеч, сот отурумунун катчысы катары катышышы алардан баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт. 3. Ушул кодекстин 17-статьясынын 1-пунктунун 1-3-ПУНКТЧАЛАРЫНДА көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер прокурорго да жайылтылат. Мында бул ишти прокурор катары мурдагы кароого прокурордун катышканы баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт. |
| 21-берене. Билдирилген баш тартууну кароонун тартиби 1. Баш тартуу билдирилген учурда, сот ишке катышкан жактардын пикирин, ошондой эле баш тартылган адам түшүндүрмө берүүнү кааласа, баш тартуу билдирилген адамды да угат. 2. Баш тартуу жөнүндө маселе соттун кеңешүүчү бөлмөдө чыгарылган соттун аныктамасы түрүндө чечилет. 3. Судьяга карата билдирилген баш тартуу же ишти жекече караган судьянын өз алдынча баш тартуусу ошол эле судья тарабынан чечилет. 4. Ишти соттун коллегиялуу курамында кароодо бир судьядан баш тартуу жөнүндөгү маселе калган судьялар тарабынан баш тартылып жаткан судья жок болгон учурда чечилет. Баш тартуу жана баш тартууга каршы добуштар бирдей болуп калган учурда, судья чыгарылды деп эсептелет. Бир нече судьяга же соттун бүтүндөй курамына карата билдирилген баш тартуу ушул эле сот тарабынан анын толук курамында добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен чечилет. 5. Прокурордон, эксперттен, адистен, тилмечтен, сот жыйналышынын катчысынан баш тартуу жөнүндөгү маселе ишти карап жаткан сот тарабынан чечилет. 6. Эгерде бир эле учурда судьяга жана прокурорго, экспертке, адиске, тилмечке, сот отурумунун катчысына карата баш тартуу билдирилсе, анда биринчи кезекте судьядан баш тартуу жөнүндөгү маселе чечилет. 7. Баш тартуу же өзалдынча баш тартуу жөнүндөгү маселени кароонун натыйжасы боюнча сот тарабынан жүйөлүү аныктама чыгарылат. Ишти жеке өзү карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу, же судьянын өз алдынча баш тартуусу жөнүндө сот тарабынан чыгарылган аныктамага жекече даттануу берилиши мүмкүн. \[Жекече даттануу ишти кароо боюнча соттун чечими менен бир учурда берилет жана апелляциялык даттануу үчүн каралуучу тартипте каралат.\] | 21-берене. Билдирилген баш тартууну кароонун тартиби 1. Баш тартуу билдирилген учурда, сот ишке катышкан жактардын пикирин, ошондой эле баш тартылган адам түшүндүрмө берүүнү кааласа, баш тартуу билдирилген адамды да угат. 2. Баш тартуу жөнүндө маселе соттун кеңешүүчү бөлмөдө чыгарылган соттун аныктамасы түрүндө чечилет. 3. Судьяга карата билдирилген баш тартуу же ишти жекече караган судьянын өз алдынча баш тартуусу ошол эле судья тарабынан чечилет. 4. Ишти соттун коллегиялуу курамында кароодо бир судьядан баш тартуу жөнүндөгү маселе калган судьялар тарабынан баш тартылып жаткан судья жок болгон учурда чечилет. Баш тартуу жана баш тартууга каршы добуштар бирдей болуп калган учурда, судья чыгарылды деп эсептелет. Бир нече судьяга же соттун бүтүндөй курамына карата билдирилген баш тартуу ушул эле сот тарабынан анын толук курамында добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен чечилет. 5. Прокурордон, эксперттен, адистен, тилмечтен, сот жыйналышынын катчысынан баш тартуу жөнүндөгү маселе ишти карап жаткан сот тарабынан чечилет. 6. Эгерде бир эле учурда судьяга жана прокурорго, экспертке, адиске, тилмечке, сот отурумунун катчысына карата баш тартуу билдирилсе, анда биринчи кезекте судьядан баш тартуу жөнүндөгү маселе чечилет. 7. Баш тартуу же өзалдынча баш тартуу жөнүндөгү маселени кароонун натыйжасы боюнча сот тарабынан жүйөлүү аныктама чыгарылат. Ишти жеке өзү карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу, же судьянын өз алдынча баш тартуусу жөнүндө сот тарабынан чыгарылган аныктамага жекече даттануу берилиши мүмкүн. СУДЬЯНЫН БАШ ТАРТУУ ЖЕ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШ ТАРТУУСУ ЖӨНҮНДӨ СОТТУН АНЫКТАМАСЫНА ЖЕКЕ ДАТТАНУУ ИШТИ КАРОО БОЮНЧА СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУ МЕНЕН БИР УЧУРДА БЕРИЛЕТ. |
| 23-берене. Жарандык иштердин сотторго таандуулугу 1. Эгерде аларды коргоо соттук башкача тартипте жүзөгө ашырылбаса, соттор жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде таламдаш жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо боюнча бардык иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карайт. 2. Соттор жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде, атап айтканда: 1) үй-бүлөлүк же эмгектик укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар боюнча иштерди; 2) эгерде тараптардын бир жагы эле жаран болсо, башка жарандык, турак-жай, жер мамилелеринен, табигый ресурстарды пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар боюнча иштерди; 3) эгерде тараптардын жок дегенде бири жаран болсо, башка тараптардын биринин экинчисине бийлик жагынан баш ийүүсүнө негизделген мамлекеттик-укуктук, администрациялык-укуктук, салыктык жана башка мамилелерден келип чыккан иштерди; 4) эгерде аларды коргоо башкача сот тартипте ишке ашырылбаса, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлердин, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын бузган чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) жарандар тарабынан талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди; 5) Кыргыз Республикасынын \[Конституциялык сотунун\] өзгөчө компетенциясына тиешелүү болгондон башка учурларда жарандар тарабынан ченемдик укуктук актылардын талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди; 6) белгисиз жактардын чөйрөсүнө тиешелүү жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузган ченемдик укуктук актылардын прокурорлор тарабынан өз компетенциясынын чектеринде талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди; 7) юридикалык жактардын уюштуруучулары менен мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосундагы юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселелери боюнча, ошондой эле кызыкдар жактардын юридикалык жакты жоюу жөнүндө арызы боюнча талаштар жөнүндө иштер; 8) юридикалык жактардын жана аларды уюштуруучулардын, катышуучулардын, акционерлердин ортосундагы талаштар боюнча иштер; 9) ушул Кодекстин 270-статьясында саналып өткөн соттук өзгөчө ишти жүргүзүүдөгү иштерди карайт. 10) юридикалык жактардын жана/же жеке ишкерлердин ортосундагы жарандык, администрациялык жана дагы башка укуктук мамилелерде келип чыккан экономикалык талаштар боюнча иштерди. Ушул пункттун 9-пунктчасында каралган жарандык иштер ушул Кодексте каралган өзгөчөлүктөр менен жарандык сот иши тартибинде каралат. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштер доо боюнча сот ишин жүргүзүү тартибинде каралат. Эгерде мыйзам тарабынан аларды коргоонун башка тартиби белгиленбесе, соттор жарандык, саясий, социалдык, маданий жана башка укуктарды жана жарандын мыйзам тарабынан корголуучу эркиндиктерин коргоо жөнүндөгү башка иштерди да карайт. 3. Эгерде ал мыйзамда, \[Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде же тараптардын макулдашуусунда\] каралса, соттор чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын катышуусу менен болгон иштерди карайт. | 23-берене. Жарандык иштердин сотторго таандуулугу 1. Эгерде аларды коргоо соттук башкача тартипте жүзөгө ашырылбаса, соттор жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде таламдаш жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо боюнча бардык иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карайт. 2. Соттор жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде, атап айтканда: 1) үй-бүлөлүк же эмгектик укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар боюнча иштерди; 2) эгерде тараптардын бир жагы эле жаран болсо, башка жарандык, турак-жай, жер мамилелеринен, табигый ресурстарды пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар боюнча иштерди; 3) эгерде тараптардын жок дегенде бири жаран болсо, башка тараптардын биринин экинчисине бийлик жагынан баш ийүүсүнө негизделген мамлекеттик-укуктук, администрациялык-укуктук, салыктык жана башка мамилелерден келип чыккан иштерди; 4) эгерде аларды коргоо башкача сот тартипте ишке ашырылбаса, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлердин, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын бузган чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) жарандар тарабынан талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди; 5) Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН өзгөчө компетенциясына тиешелүү болгондон башка учурларда жарандар тарабынан ченемдик укуктук актылардын талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди; 6) белгисиз жактардын чөйрөсүнө тиешелүү жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузган ченемдик укуктук актылардын прокурорлор тарабынан өз компетенциясынын чектеринде талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди; 7) юридикалык жактардын уюштуруучулары менен мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосундагы юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселелери боюнча, ошондой эле кызыкдар жактардын юридикалык жакты жоюу жөнүндө арызы боюнча талаштар жөнүндө иштер; 8) юридикалык жактардын жана аларды уюштуруучулардын, катышуучулардын, акционерлердин ортосундагы талаштар боюнча иштер; 9) ушул Кодекстин 270-статьясында саналып өткөн соттук өзгөчө ишти жүргүзүүдөгү иштерди карайт. 10) юридикалык жактардын жана/же жеке ишкерлердин ортосундагы жарандык, администрациялык жана дагы башка укуктук мамилелерде келип чыккан экономикалык талаштар боюнча иштерди. Ушул пункттун 9-пунктчасында каралган жарандык иштер ушул Кодексте каралган өзгөчөлүктөр менен жарандык сот иши тартибинде каралат. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштер доо боюнча сот ишин жүргүзүү тартибинде каралат. Эгерде мыйзам тарабынан аларды коргоонун башка тартиби белгиленбесе, соттор жарандык, саясий, социалдык, маданий жана башка укуктарды жана жарандын мыйзам тарабынан корголуучу эркиндиктерин коргоо жөнүндөгү башка иштерди да карайт. 3. Эгерде ал мыйзамда, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДЕ ЖЕ ТАРАПТАРДЫН МАКУЛДАШУУСУНДА каралса, соттор чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын катышуусу менен болгон иштерди карайт. |
| 26-берене. Жарандык иштердин соттордо каралууга тийиштүүлүгү 1. Гарнизондун аскер сотунда жана райондор аралык сотто каралууга тийиш болгон иштерди кошпогондо, райондук сотто (шаардагы райондук сотто, шаардык сотто) бардык жарандык иштер каралууга тийиш. 2. Гарнизондун аскер сотунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчынын статусуна ээ болгон адамдардын бузулган жана (же) талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо жөнүндө ошондой эле жыйын өтүү мезгилинде аскерге милдеттүүлөрдү аскердик башкаруу органдарынын, аскердик кызмат адамдарынын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аракеттеринен (аракетсиздигинен) коргоо боюнча жарандык иштер каралат. 3. Райондор аралык сот төмөндөгү иштерди карайт. - юридикалык жактарды уюштуруучулардын арасындагы, юридикалык жактардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосундагы юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселелери боюнча, кызыкдар жактардын юридикалык жакты жоюу жөнүндө арызы боюнча талаштар жөнүндө; - уюштуруучулардын, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактардын уюштуруучуларынын ортосундагы өз ара талаш-тартыштар боюнча; - Кыргыз Республикасынын \[Конституциялык сотунун\] компетенциясына гана кирген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, дагы башка органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамга ылайык келбеген жана жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан коргоого алынган таламдарын бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү; - прокурорлор тарабынан өздөрүнүн компетенциясынын чегинде чектелбеген чөйрөдөгү жактарга тиешелүү болгон жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү; - мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, алардын кызмат адамдарынын жана мамлекеттик кызматчылардын ченемдик эмес актыларын, чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуулары жөнүндөгү; - соттордун токтомдорунан бөлөк администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун талашуу жөнүндөгү; - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарын юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенген жана жекече ишкер статусуна ээ болгон жарандардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосунда процесстик мыйзамга ылайык жарандык, администрациялык, салыктык, бажы жана башка укук мамилелеринен келип чыккан экономикалык талаштар боюнча; - банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө; - администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерден, жарандардын жана шайлоо процесстерине катышкан дагы башка катышуучулардын шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө иштерден, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштерден, жарандык абалдын актыларына каттоо китебиндеги жазуулардын туура эместигин белгилөө жөнүндөгү иштерден, нотариус иштерин жасоого же аларды жасоодон баш тартууга карата арыздар боюнча иштерден бөлөк мыйзамда каралган дагы башка иштер. | 26-берене. Жарандык иштердин соттордо каралууга тийиштүүлүгү 1. Гарнизондун аскер сотунда жана райондор аралык сотто каралууга тийиш болгон иштерди кошпогондо, райондук сотто (шаардагы райондук сотто, шаардык сотто) бардык жарандык иштер каралууга тийиш. 2. Гарнизондун аскер сотунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчынын статусуна ээ болгон адамдардын бузулган жана (же) талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо жөнүндө ошондой эле жыйын өтүү мезгилинде аскерге милдеттүүлөрдү аскердик башкаруу органдарынын, аскердик кызмат адамдарынын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аракеттеринен (аракетсиздигинен) коргоо боюнча жарандык иштер каралат. 3. Райондор аралык сот төмөндөгү иштерди карайт. - юридикалык жактарды уюштуруучулардын арасындагы, юридикалык жактардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосундагы юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселелери боюнча, кызыкдар жактардын юридикалык жакты жоюу жөнүндө арызы боюнча талаштар жөнүндө; - уюштуруучулардын, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактардын уюштуруучуларынын ортосундагы өз ара талаш-тартыштар боюнча; - Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН компетенциясына гана кирген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, дагы башка органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамга ылайык келбеген жана жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан коргоого алынган таламдарын бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү; - прокурорлор тарабынан өздөрүнүн компетенциясынын чегинде чектелбеген чөйрөдөгү жактарга тиешелүү болгон жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү; - мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, алардын кызмат адамдарынын жана мамлекеттик кызматчылардын ченемдик эмес актыларын, чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуулары жөнүндөгү; - соттордун токтомдорунан бөлөк администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун талашуу жөнүндөгү; - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарын юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенген жана жекече ишкер статусуна ээ болгон жарандардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосунда процесстик мыйзамга ылайык жарандык, администрациялык, салыктык, бажы жана башка укук мамилелеринен келип чыккан экономикалык талаштар боюнча; - банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө; - администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерден, жарандардын жана шайлоо процесстерине катышкан дагы башка катышуучулардын шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө иштерден, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштерден, жарандык абалдын актыларына каттоо китебиндеги жазуулардын туура эместигин белгилөө жөнүндөгү иштерден, нотариус иштерин жасоого же аларды жасоодон баш тартууга карата арыздар боюнча иштерден бөлөк мыйзамда каралган дагы башка иштер. |
| 27-1-берене. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын сотко караштуулугу 1. Бири райондор аралык сотко караштуу болгон, ал эми башкалары райондук сотко караштуу болгон өзара байланышкан бир нече доо талаптары бириктирилгенде иш райондор аралык сотто каралууга тийиш. 2. Эгерде ишти райондук сотто териштирүүдө ал райондор аралык соттун кароосуна тийиштүү болуп чыкса, сот ишти райондор аралык соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат. 3. Эгерде сумманы өндүрүп алуу жөнүндөгү ишти кароонун жүрүшүндө доогер өзүнүн талаптарын өзгөртсө жана карызкорду (жоопкерди) банкрот (кудуретсиз) деп таанууну өтүнсө, иш сотко караштуулугу боюнча \[администрациялык жана экономикалык иштер боюнча\] райондор аралык сотко жөнөтүлөт. | 27-1-берене. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын сотко караштуулугу 1. Бири райондор аралык сотко караштуу болгон, ал эми башкалары райондук сотко караштуу болгон өзара байланышкан бир нече доо талаптары бириктирилгенде иш райондор аралык сотто каралууга тийиш. 2. Эгерде ишти райондук сотто териштирүүдө ал райондор аралык соттун кароосуна тийиштүү болуп чыкса, сот ишти райондор аралык соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат. 2-1. ЭГЕРДЕ ИШТИ РАЙОНДОР АРАЛЫК СОТТО ТЕРИШТИРҮҮДӨ АЛ РАЙОНДУК СОТКО КАРООСУНА ТИЙИШТҮҮ БОЛУП ЧЫКСА, СОТ ИШТИ РАЙОНДОР АРАЛЫК СОТТУН КАРООСУНА ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ АНЫКТАМА ЧЫГАРАТ. 3. ЭГЕРДЕ СУММАНЫ ӨНДҮРҮП АЛУУ ЖӨНҮНДӨГҮ ИШТИ КАРООНУН ЖҮРҮШҮНДӨ ДООГЕР ӨЗҮНҮН ТАЛАПТАРЫН ӨЗГӨРТСӨ ЖАНА КАРЫЗКОРДУ (ЖООПКЕРДИ) БАНКРОТ (КУДУРЕТСИЗ) ДЕП ТААНУУНУ ӨТҮНСӨ, ИШ СОТКО КАРАШТУУЛУГУ БОЮНЧА РАЙОНДОР АРАЛЫК СОТКО ЖӨНӨТҮЛӨТ. |
| 45-берене. Прокурордун процесске катышуусу 1. Прокурор башка жактардын жана белгисиз чөйрөдөгү жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылууга, ошондой эле эгерде муну жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын, мамлекеттик жана коомдук таламдарды коргоо талап кылса, сотто каралып жаткан ишке кирүүгө укуктуу. 2. Эгерде ал өзү жүйөөлүү себептер менен сотко кайрыла албаса (ден соолугуна, жаш курагына, аракетке жөндөмсүздүгүнө байланыштуу же башка себептер менен), жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан таламы бар жактын өтүнүчү боюнча гана коюлат. Аракетке жөндөмсүз адамдын таламдарын коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан таламы бар жактын өтүнүчү болгон-болбогондугуна карабастан коюлат. 3. Арыз менен кайрылган прокурор жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан башка, бардык процесстик укуктарды пайдаланат жана доогердин процесстик милдеттерин аткарат. Эгерде ал жак же анын мыйзамдуу өкүлү доодон баш тартуу жөнүндө билдирбесе (ушул Кодекстин 41-статьясы), башка жактын таламдарын коргоо боюнча коюлган талапты колдоодон прокурор баш тарткан учурда, ишти маңызы боюнча кароо улантыла берет. Эгерде бул мыйзамдарга карама-каршы келбесе, же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузбаса, прокурор тарабынан билдирилген доодон доогер баш тарткан учурда сот, сот ишин жүргүзүүнү токтотот. 4. Прокурор \[үйдөн чыгарып салуу, ишине кайра коюу жөнүндөгү,\] мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү, мамлекеттик мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндөгү иштерде, ошондой эле башка учурларда өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында чыгып сүйлөйт. Иш карала турган жер жана убактысы жөнүндө кабардар болгон прокурордун келбей калышы ишти териштирүүгө жолтоо болуп саналбайт. | 45-берене. Прокурордун процесске катышуусу 1. Прокурор башка жактардын жана белгисиз чөйрөдөгү жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылууга, ошондой эле эгерде муну жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын, мамлекеттик жана коомдук таламдарды коргоо талап кылса, сотто каралып жаткан ишке кирүүгө укуктуу. 2. Эгерде ал өзү жүйөөлүү себептер менен сотко кайрыла албаса (ден соолугуна, жаш курагына, аракетке жөндөмсүздүгүнө байланыштуу же башка себептер менен), жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан таламы бар жактын өтүнүчү боюнча гана коюлат. Аракетке жөндөмсүз адамдын таламдарын коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан таламы бар жактын өтүнүчү болгон-болбогондугуна карабастан коюлат. 3. Арыз менен кайрылган прокурор жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан башка, бардык процесстик укуктарды пайдаланат жана доогердин процесстик милдеттерин аткарат. Эгерде ал жак же анын мыйзамдуу өкүлү доодон баш тартуу жөнүндө билдирбесе (ушул Кодекстин 41-статьясы), башка жактын таламдарын коргоо боюнча коюлган талапты колдоодон прокурор баш тарткан учурда, ишти маңызы боюнча кароо улантыла берет. Эгерде бул мыйзамдарга карама-каршы келбесе, же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузбаса, прокурор тарабынан билдирилген доодон доогер баш тарткан учурда сот, сот ишин жүргүзүүнү токтотот. 4. Прокурор КЫЗМАТТЫК ТУРАК үЙДөН ЖАНА КВАРТИРАДАН ЧЫГАРЫП САЛУУ ЖӨНҮНДӨГҮ, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү, мамлекеттик мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндөгү иштерде, ошондой эле башка учурларда өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында чыгып сүйлөйт. Иш карала турган жер жана убактысы жөнүндө кабардар болгон прокурордун келбей калышы ишти териштирүүгө жолтоо болуп саналбайт. |
| 88-берене. Экспертиза дайындоо 1. Ишти кароодо атайын билимди талап кылган маселелер пайда болгон учурда, сот \[тараптардын\] өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертиза дайындайт. Зарыл болгон учурда бир нече эксперт дайындалат. 2. Эксперт катары иштин кандайча чечилишине таламдаш эмес, корутунду берүү үчүн зарыл билими бар ар кандай адам тартылышы мүмкүн. Ишке катышып жаткан жактар эксперт катары конкреттүү компетенттүү айкын адамды дайындоону соттон өтүнүүгө укуктуу. 3. Ишке катышып жаткан ар бир эксперт түшүндүрүүгө тийиш болгон суроону соттон суроого укуктуу. Эксперт корутунду берүүгө тийиш болгон маселелер чөйрөсүн сот аныктайт. Сот сунуш кылынган маселелердин четке кагылышынын жүйөөлөштүрүүгө милдеттүү. 4. Тарап экспертизадан өтүүдөн качкан учурда (экспертизага келбөө, эксперттерге изилдөө үчүн зарыл болгон буюмдарды бербөө ж.б.) жана иштин жагдайы боюнча ушул тарап катышпаса экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбосо, сот кайсы тарап экспертизадан качып жаткандыгына, ошондой эле ал үчүн кандай мааниге ээ экендигине жараша аныктоо үчүн экспертиза дайындалган фактыны аныкталды же жокко чыгарылды деп табууга укуктуу. | 88-берене. Экспертиза дайындоо 1. Ишти кароодо атайын билимди талап кылган маселелер пайда болгон учурда, сот ИШКЕ КАТЫШКАН АДАМДАРДЫН өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертиза дайындайт. Зарыл болгон учурда бир нече эксперт дайындалат. 2. Эксперт катары иштин кандайча чечилишине таламдаш эмес, корутунду берүү үчүн зарыл билими бар ар кандай адам тартылышы мүмкүн. Ишке катышып жаткан жактар эксперт катары конкреттүү компетенттүү айкын адамды дайындоону соттон өтүнүүгө укуктуу. 3. Ишке катышып жаткан ар бир эксперт түшүндүрүүгө тийиш болгон суроону соттон суроого укуктуу. Эксперт корутунду берүүгө тийиш болгон маселелер чөйрөсүн сот аныктайт. Сот сунуш кылынган маселелердин четке кагылышынын жүйөөлөштүрүүгө милдеттүү. 4. Тарап экспертизадан өтүүдөн качкан учурда (экспертизага келбөө, эксперттерге изилдөө үчүн зарыл болгон буюмдарды бербөө ж.б.) жана иштин жагдайы боюнча ушул тарап катышпаса экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбосо, сот кайсы тарап экспертизадан качып жаткандыгына, ошондой эле ал үчүн кандай мааниге ээ экендигине жараша аныктоо үчүн экспертиза дайындалган фактыны аныкталды же жокко чыгарылды деп табууга укуктуу. |
| \[93-берене. Кошумча жана кайтадан экспертиза 1. Жетиштүү деңгээлде анык эмес же эксперттин корутундусу толук эмес болгон учурда, ошондой эле мурда изилденген жагдайларга карата жаңы суроо пайда болгон учурда сот тигил же бул экспертке тапшыруу менен кошумча же кайтадан экспертизаны дайындай алат. 2. Кошумча же кайтадан экспертиза ушул Кодекстин 90-92-статьяларынын талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.\] | 93-БЕРЕНЕ. КОШУМЧА ЖАНА КАЙТАДАН ЭКСПЕРТИЗА 1. ЖЕТИШТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕ АНЫК ЭМЕС ЖЕ КОРУТУНДУСУ ТОЛУК ЭМЕС БОЛГОН УЧУРДА, УШУЛ ЭЛЕ ЖЕ БАШКА ЭКСПЕРТКЕ ТАПШЫРУУ МЕНЕН СОТ КОШУМЧА ЭКСПЕРТИЗАНЫ ДАНЫНДАЙ АЛАТ. 2. ЭГЕРДЕ ЭКСПЕРТТИН КОРУТУНДУСУ МЕНЕН НЕГИЗСИЗ МОТИВИ БОЮНЧА МАКУЛ ЭМЕС БОЛСО, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЭГЕРДЕ БИР НЕЧЕ ЭКСПЕРТТЕРДИН КОРУТУНДУЛАРЫНЫН ОРТОСУНДА КАРАМА-КАРШЫЛЫК БОЛСО, СОТ КАЙТАДАН ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДАЙТ. КАЙТАДАН ЭКСПЕРТИЗА ЖҮРГҮЗҮҮ БАШКА ЭКСПЕРТКЕ ЖЕ БАШКА ЭКСПЕРТТЕРГЕ ТАПШЫРЫЛАТ. КАЙТАДАН ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДОО ЖӨНҮНДӨ АНЫКТАМАДА АЛДЫДАГЫ ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН МАКУЛ ЭМЕСТИГИНИН МОТИВИ КӨРСӨТҮЛҮШҮ КЕРЕК. 3. КОШУМЧА ЖЕ КАЙТАДАН ЭКСПЕРТИЗА УШУЛ КОДЕКСТИН 90-92-БЕРЕНЕЛЕРИНИН ТАЛАПТАРЫН САКТОО МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. |
| 98-берене. Мамлекеттик алым 1. Мамлекеттик алымды төлөөчүлөр болуп тараптар, арыз берүүчүлөр, ишти соттун кароосунун жыйынтыгы боюнча талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды коюшкан үчүнчү жактар эсептелет. 2. Мамлекеттик алым сотко берилген иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча алынат: 1) доо арыздарынан; 2) талаш-тартыш предметине карата өз алдынча талап билдирген үчүнчү жак катары ишке киргендиги жөнүндөгү арыздан; 3) соттун буйругун берүү жөнүндөгү арыздан; 4) келишим алдындагы талаш-тартыштар боюнча арыздан; 5) өзгөчө жүргүзүлгөн иш боюнча арыздан; 6) апелляциялык \[жана кассациялык\] даттануулардан; 7) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздардан; 8) бейтарап соттун, эларалык соттун, чет өлкөлүк соттун, эларалык бейтарап (арбитраждык) соттун, чет өлкөлүк (арбитраждык) бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздардан; 9) бейтарап соттун, эларалык соттун, чет өлкөлүк соттун, эларалык бейтарап (арбитраждык) соттун, чет өлкөлүк (арбитраждык) бейтарап соттун, жарашуу макулдашуусунун жана аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык, \[кассациялык\] даттануулардан алынат. \[3. Мамлекеттик алым сот документтердин көчүрмөсүн берген учурда алынат.\] | 98-берене. Мамлекеттик алым 1. Мамлекеттик алымды төлөөчүлөр болуп тараптар, арыз берүүчүлөр, ишти соттун кароосунун жыйынтыгы боюнча талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды коюшкан үчүнчү жактар эсептелет. 2. Мамлекеттик алым сотко берилген иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча алынат: 1) доо арыздарынан; 2) талаш-тартыш предметине карата өз алдынча талап билдирген үчүнчү жак катары ишке киргендиги жөнүндөгү арыздан; 3) соттун буйругун берүү жөнүндөгү арыздан; 4) келишим алдындагы талаш-тартыштар боюнча арыздан; 5) өзгөчө жүргүзүлгөн иш боюнча арыздан; 6) АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУЛАРДАН; 7) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздардан; 8) бейтарап соттун, эларалык соттун, чет өлкөлүк соттун, эларалык бейтарап (арбитраждык) соттун, чет өлкөлүк (арбитраждык) бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздардан; 9) БЕЙТАРАП СОТТУН, ЭЛАРАЛЫК СОТТУН, ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СОТТУН, ЭЛАРАЛЫК БЕЙТАРАП (АРБИТРАЖДЫК) СОТТУН, ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК (АРБИТРАЖДЫК) БЕЙТАРАП СОТТУН, ЖАРАШУУ МАКУЛДАШУУСУНУН ЖАНА АТКАРУУ БАРАКЧАСЫН БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТУУ ЖӨНҮНДӨГҮ ЧЕЧИМДЕРИН МАЖБУРЛАП АТКАРТУУГА АТКАРУУ БАРАКЧАСЫН БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ СОТТУН АНЫКТАМАСЫНА АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУЛАРДАН АЛЫНАТ. 3. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| 109-берене. Сот чыгымдарын тараптардын ортосунда бөлүштүрүү 1. Чечим пайдасына чыгарылган тарапка сот иш боюнча тарткан бардык сот чыгымдарын экинчи тараптан алып берет, мында бул тарап мамлекеттин кирешесине сот чыгымдарын төлөөдөн сот тарабынан бошотулгандыгы эске алынбайт. Эгерде доо жарым-жартылай канааттандырылса, анда бул статьяда көрсөтүлгөн суммалар доогерге сот тарабынан канааттандырылган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу, ал эми жоопкерге - доогерге баш тартылган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу төлөнөт. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда баяндалган эрежелер ишти апелляциялык, \[кассациялык\] жана көзөмөл инстанцияларында жүргүзүүгө байланыштуу тараптар тарткан сот чыгымдарын бөлүштүрүүгө да таандык. 3. Эгерде жогору турган сот ишти жаны карап чыгууга бербестен чыгарылган чечимди өзгөртсө же жаңы чечим чыгарса, ал тиешелүү түрдө сот чыгымдарын бөлүштүрүүнү өзгөртөт. | 109-берене. Сот чыгымдарын тараптардын ортосунда бөлүштүрүү 1. Чечим пайдасына чыгарылган тарапка сот иш боюнча тарткан бардык сот чыгымдарын экинчи тараптан алып берет, мында бул тарап мамлекеттин кирешесине сот чыгымдарын төлөөдөн сот тарабынан бошотулгандыгы эске алынбайт. Эгерде доо жарым-жартылай канааттандырылса, анда бул статьяда көрсөтүлгөн суммалар доогерге сот тарабынан канааттандырылган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу, ал эми жоопкерге - доогерге баш тартылган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу төлөнөт. 2. УШУЛ СТАТЬЯНЫН 1-ПУНКТУНДА БАЯНДАЛГАН ЭРЕЖЕЛЕР ИШТИ АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ЖАНА КӨЗӨМӨЛ ИНСТАНЦИЯЛАРЫНДА ЖҮРГҮЗҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ТАРАПТАР ТАРТКАН СОТ ЧЫГЫМДАРЫН БӨЛҮШТҮРҮҮГӨ ДА ТААНДЫК. 3. Эгерде жогору турган сот ишти жаны карап чыгууга бербестен чыгарылган чечимди өзгөртсө же жаңы чечим чыгарса, ал тиешелүү түрдө сот чыгымдарын бөлүштүрүүнү өзгөртөт. |
| 122-берене. Процесстик мөөнөттөрдү кайрадан калыбына келтирүү 1. Мыйзамда белгиленген мөөнөттү сот жүйөөлүү деп тапкан себептерден улам өткөрүп жиберген адамдарга өткөрүлгөн мөөнөт, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, кайрадан калыбына келтирилиши мүмкүн. 2. Администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибиндеги иштерди кошпогондо, өтүп кеткен процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыз биринчи инстанциядагы сотко берилет жана соттун отурумунда каралат. Ишке катышкан адамдар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калышы соттун алдына коюлган маселени чечүү үчүн тоскоолдук болбойт. 3. Мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арызды берүү менен бир эле учурда өтүп кеткен мөөнөт жагынан зарыл процесстик иш-аракет жасалууга (даттануу берилүүгө, документтер жана башкалар талап кылынууга) тийиш. 4. Өтүп кеткен процесстик мөөнөттү \[кайрадан калыбына келтирүүдөн жарандарга\] баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу берилиши мүмкүн. 5. Ушул Кодекстин 344-статьясында каралган даттанууну же талапты киргизүү мөөнөтү, эгерде даттануу же талапта белгиленген мөөнөттү сактоо менен берилип, бирок ал боюнча иш маани-мазмуну боюнча каралбаган болсо, калыбына келтирилиши мүмкүн. | 122-берене. Процесстик мөөнөттөрдү кайрадан калыбына келтирүү 1. Мыйзамда белгиленген мөөнөттү сот жүйөөлүү деп тапкан себептерден улам өткөрүп жиберген адамдарга өткөрүлгөн мөөнөт, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, кайрадан калыбына келтирилиши мүмкүн. 2. Администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибиндеги иштерди кошпогондо, өтүп кеткен процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыз биринчи инстанциядагы сотко берилет жана соттун отурумунда каралат. Ишке катышкан адамдар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калышы соттун алдына коюлган маселени чечүү үчүн тоскоолдук болбойт. 3. Мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арызды берүү менен бир эле учурда өтүп кеткен мөөнөт жагынан зарыл процесстик иш-аракет жасалууга (даттануу берилүүгө, документтер жана башкалар талап кылынууга) тийиш. 4. Өтүп кеткен процесстик мөөнөттү КАЙРАДАН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮДӨН ЖЕ КАЙРАДАН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖӨНҮНДӨ баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу берилиши мүмкүн. 5. Ушул Кодекстин 344-статьясында каралган даттанууну же талапты киргизүү мөөнөтү, эгерде даттануу же талапта белгиленген мөөнөттү сактоо менен берилип, бирок ал боюнча иш маани-мазмуну боюнча каралбаган болсо, калыбына келтирилиши мүмкүн. |
| 135-берене. Доо арызын кабыл алуудан баш тартуу 1. Сот доо арызын төмөнкүдөй учурларда кабыл алуудан баш тартат: 1) арыз жарандык сот ишинин тартибинде каралып чыгууга же чечилүүгө тийиш болбогон учурда; 2) бир эле тараптардын ортосунда бир эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш жагынан соттун, бейтарап соттун чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же доогердин доосунан баш тартууга байланыштуу иш боюнча сот ишин токтотуу жөнүндө же тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө соттун \[же арбитраждык соттун\] аныктамасы бар болгондо. 3) эгерде тараптардын ортосунда талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн болсо, мындай макулдашуу жараксыз болгон, күчүн жоготкон же аны аткаруу мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо. \[4) эгерде ишкердик иш аракет жүргүзгөн юридикалык жактардын (менчик формасынан көз карандысыз түрдө, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын), жарандардын бузулган укуктарын коргоо жөнүндө билдирилген талабы боюнча, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (ага катышуучунун, акционердин) же болбосо анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын, ошол эле учурда ишкердик иш аракеттин обьекттерине карата буюмдук, милдеттенмелик жана башка мүлктүк бузулган укуктарды коргоо жөнүндө сотко талап койгон башка жактардын билдирилген талабы боюнча мыйзамда белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе.\] 2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөөлүү аныктаманы чыгарат, ал сотко кайрылган учурдан тартып жети күндүк мөөнөттө чыгарылууга, арыз ээси берген документтерди кайра кайтаруу менен бир эле учурда ага тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш. 3. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арыз ээси ошол эле жоопкерге ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча сотко доо менен кайталап кайрылышына жол бербейт. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына жекече доо же билдирүү берсе болот. | 135-берене. Доо арызын кабыл алуудан баш тартуу 1. Сот доо арызын төмөнкүдөй учурларда кабыл алуудан баш тартат: 1) арыз жарандык сот ишинин тартибинде каралып чыгууга же чечилүүгө тийиш болбогон учурда; 2) БИР ЭЛЕ ТАРАПТАРДЫН ОРТОСУНДА БИР ЭЛЕ ПРЕДМЕТ ЖӨНҮНДӨ ЖАНА ОШОЛ ЭЛЕ НЕГИЗДЕР БОЮНЧА ТАЛАШ ЖАГЫНАН СОТТУН, БЕЙТАРАП СОТТУН ЧЫГАРЫЛГАН, МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЧЕЧИМИ ЖЕ ДООГЕРДИН ДООСУНАН БАШ ТАРТУУГА БАЙЛАНЫШТУУ ИШ БОЮНЧА СОТ ИШИН ТОКТОТУУ ЖӨНҮНДӨ ЖЕ ТАРАПТАРДЫН ЖАРАШУУ МАКУЛДАШУУСУН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ СОТТУН АНЫКТАМАСЫ БАР БОЛГОНДО. 3) эгерде тараптардын ортосунда талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн болсо, мындай макулдашуу жараксыз болгон, күчүн жоготкон же аны аткаруу мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо. 4) КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. 2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөөлүү аныктаманы чыгарат, ал сотко кайрылган учурдан тартып жети күндүк мөөнөттө чыгарылууга, арыз ээси берген документтерди кайра кайтаруу менен бир эле учурда ага тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш. 3. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арыз ээси ошол эле жоопкерге ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча сотко доо менен кайталап кайрылышына жол бербейт. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына жекече доо же билдирүү берсе болот. |
| 136-берене. Доо арызын кайра кайтаруу 1. Сот: 1) эгерде доогер \[иштердин бул категориясы үчүн мыйзамда белгиленген талашты алдын ала соттон тышкары чечүү тартибин\] сактабаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса; 2) эгерде иш бул сотко караштуу болбосо; 3) эгерде арыз башка доогер тарабынан берилсе; 4) эгерде арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе; 5) эгерде арыз таламдаш жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса; 6) эгерде ушул эле же башка соттун, бейтарап соттун иш жүргүзүүсүндө ушул эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш жагынан иш бар болсо; 7) эгерде күйөөсү аялынын макулдугусуз аялынын кош бойлуу учурунда же бала төрөгөндөн кийин бир жылдын ичинде никени бузуу жөнүндө доо койсо, доо арызын кайра кайтарат; \[8) эгерде жарандын бузулган укуктарын коргоо жөнүндөгү доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен арызына аны калыбына келтирүү өтүнүчү тиркелбесе, мындай калыбына келтирүүгө мыйзам жол берет.\] 2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө сот жүйөөлүү аныктама чыгарат. Аныктамада сот, эгерде иш бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин жана ишти козгоого тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү. Арызды кайра кайтаруу жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен бирдикте арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш. 3. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө аныктама, эгерде сот кетирилген эреже бузууларды четтетпесе, доогер ошол эле иш боюнча арыз менен сотко кайталап кайрылышына тоскоолдук кылбайт. Арызды кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу же талап коюу берилиши мүмкүн. | 136-берене. Доо арызын кайра кайтаруу 1. Сот: 1) эгерде доогер МЫЙЗАМДА ЖЕ КЕЛИШИМДЕ БЕЛГИЛЕНГЕН ТАЛАШТЫ СОТКО ЖЕТКИРБЕЙ ЧЕЧҮҮ ЖОЛ-ЖОБОСУН сактабаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса; 2) эгерде иш бул сотко караштуу болбосо; 3) эгерде арыз башка доогер тарабынан берилсе; 4) эгерде арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе; 5) эгерде арыз таламдаш жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса; 6) эгерде ушул эле же башка соттун, бейтарап соттун иш жүргүзүүсүндө ушул эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш жагынан иш бар болсо; 7) эгерде күйөөсү аялынын макулдугусуз аялынын кош бойлуу учурунда же бала төрөгөндөн кийин бир жылдын ичинде никени бузуу жөнүндө доо койсо, доо арызын кайра кайтарат; 8) ЭГЕРДЕ АРЫЗГА ДООГЕР ЖЕ АГА КОЛ КОЮУГА ЖЕ СОТКО БЕРҮҮГӨ ЫЙГАРЫМ УКУГУ БАР АДАМ ТАРАБЫНАН КОЛ КОЮЛБАСА. 2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө сот жүйөөлүү аныктама чыгарат. Аныктамада сот, эгерде иш бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин жана ишти козгоого тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү. Арызды кайра кайтаруу жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен бирдикте арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш. 3. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө аныктама, эгерде сот кетирилген эреже бузууларды четтетпесе, доогер ошол эле иш боюнча арыз менен сотко кайталап кайрылышына тоскоолдук кылбайт. Арызды кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу же талап коюу берилиши мүмкүн. |
| 141-берене. Доону камсыз кылуу боюнча чаралар 1. Төмөнкүлөр: 1) жоопкерге таандык же анын карамагында же башка жактарда болгон мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу. \[Акча каражаттарын камакка алуу\] доо суммасынын жана соттук чыгымдардын чектеринде салынат. 2) жоопкерге айрым иш-аракеттерди жасоого тыюу салуу; 3) мүлктү берүүгө же ага карата башка милдеттерди аткарууга башка жактарга тыюу салуу; 4) мүлктү камактан бошотуу жөнүндө доо коюлган учурда мүлктү сатууну токтотуу; 5) сот тартибинде карызкор талашып-тартышкан аткаруу документи боюнча өндүрүп алууну токтотуу доону камсыз кылуу боюнча чаралар болушу мүмкүн. 2. Зарыл учурларда сот ушул Кодекстин 140-статьясында көрсөтүлгөн максаттарга жооп берген доону камсыз кылуу боюнча башка чараларды көрө алат. Сот доону камсыз кылуунун бир нече түрүнө жол бериши мүмкүн. 3. Ушул статьянын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн тыюу салуулар бузулган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Мындан тышкары доогер бул адамдардан доону камсыз кылуу жөнүндө аныктаманы аткарбай коюудан улам келтирген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. | 141-берене. Доону камсыз кылуу боюнча чаралар 1. Төмөнкүлөр: 1) жоопкерге таандык же анын карамагында же башка жактарда болгон мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу. МҮЛКТҮ ЖЕ АКЧА КАРАЖАТТАРЫН КАМАККА АЛУУ доо суммасынын жана соттук чыгымдардын чектеринде салынат. 2) жоопкерге айрым иш-аракеттерди жасоого тыюу салуу; 3) мүлктү берүүгө же ага карата башка милдеттерди аткарууга башка жактарга тыюу салуу; 4) мүлктү камактан бошотуу жөнүндө доо коюлган учурда мүлктү сатууну токтотуу; 5) сот тартибинде карызкор талашып-тартышкан аткаруу документи боюнча өндүрүп алууну токтотуу доону камсыз кылуу боюнча чаралар болушу мүмкүн. 2. Зарыл учурларда сот ушул Кодекстин 140-статьясында көрсөтүлгөн максаттарга жооп берген доону камсыз кылуу боюнча башка чараларды көрө алат. Сот доону камсыз кылуунун бир нече түрүнө жол бериши мүмкүн. 3. Ушул статьянын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн тыюу салуулар бузулган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Мындан тышкары доогер бул адамдардан доону камсыз кылуу жөнүндө аныктаманы аткарбай коюудан улам келтирген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. |
| 148-берене. Соттук териштирүүгө ишти даярдоо милдеттери Судья арызды кабыл алгандан кийин 14 күндүн ичинде аны өз учурунда жана туура чечүүнү камсыздоо максатында соттук териштирүүгө ишти даярдайт. Соттук териштирүүгө ишти даярдоонун ар бир иш боюнча керектүү болгон милдеттер: \[1) доонун эскирүү мөөнөтүн колдонуу жөнүндө маселесин чечүү;\] 2) ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон жагдайларды тактоо; 3) тараптардын укуктук мамилелерин жана жетекчиликке алынууга тийиш болгон мыйзамды аныктоо; 4) ишке катышкан адамдардын курамы жөнүндө маселени чечүү; 5) ар бир тарап өз ырастоосун негиздөө үчүн сунуш кылууга тийиш болгон далилдердин аныктамасы болуп эсептелет. | 148-берене. Соттук териштирүүгө ишти даярдоо милдеттери Судья арызды кабыл алгандан кийин 14 күндүн ичинде аны өз учурунда жана туура чечүүнү камсыздоо максатында соттук териштирүүгө ишти даярдайт. Соттук териштирүүгө ишти даярдоонун ар бир иш боюнча керектүү болгон милдеттер: 1) КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. 2) ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон жагдайларды тактоо; 3) тараптардын укуктук мамилелерин жана жетекчиликке алынууга тийиш болгон мыйзамды аныктоо; 4) ишке катышкан адамдардын курамы жөнүндө маселени чечүү; 5) ар бир тарап өз ырастоосун негиздөө үчүн сунуш кылууга тийиш болгон далилдердин аныктамасы болуп эсептелет. |
| 150-берене. Соттук териштирүүгө ишти даярдоо боюнча судьянын иш-аракети Судья соттук териштирүүгө ишти даярдоо тартибинде төмөнкүдөй иш аракеттерди жүргүзөт: 1) доогер койгон талаптардын маңызы боюнча аны сурайт, андан жоопкер тарабынан мүмкүн болгон каршы пикирлерди аныктайт, эгерде зарыл болсо, кошумча далилдерди берүүнү сунуш кылат, доогерге анын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт; 2) \[зарыл учурларда\] жоопкерди чакырат, иштин жагдайлары боюнча аны сурайт, доого карата кандай каршы пикир бар экендигин жана алар кандай далил менен ырасталышы мүмкүн экендигин айкындайт, өзгөчө татаал иштер боюнча жоопкерге иш боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө берүүнү сунуш кылат, жоопкерге анын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт; 3) ишке тең доогерлер, тең жоопкерлер жана үчүнчү жактар кириши жөнүндө маселени чечет, ушул статьянын 1- жана 2-пунктчалары жагынан аларды сурайт, ошондой эле тиешеси жок жоопкерди алмаштыруу маселесин чечет; 4) ишти териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө анын жыйынтыгына таламдаш, ишке катышууга тартылбаган жарандарга же уюмдарга кабарлайт; 5) күбөлөрдү соттун жыйналышына чакыруу жөнүндө маселени чечет; 6) экспертизаны, аны жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындайт, ошондой эле ишке катышууга адистерди тартуу жөнүндө маселени чечет; 7) ишке катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча уюмдардан, же жарандардан жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерди, үн жана көрмө жазууларды талап кылат; 8) кечиктирүүгө болбогон учурларда ишке катышкан адамдарга билдирүү менен жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерди жеринде карап көрөт; 9) соттук тапшырмаларды жөнөтөт; 10) доону камсыздоо жөнүндө маселени чечет; 11) доогердин өтүнүчү боюнча ал берген арызды кайра кайтаруу жөнүндө аныктама чыгарат; \[12) доонун өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчтү чечет;\] 13) зарыл болгон башка процесстик иш-аракеттерди жасайт. | 150-берене. Соттук териштирүүгө ишти даярдоо боюнча судьянын иш-аракети Судья соттук териштирүүгө ишти даярдоо тартибинде төмөнкүдөй иш аракеттерди жүргүзөт: 1) доогер койгон талаптардын маңызы боюнча аны сурайт, андан жоопкер тарабынан мүмкүн болгон каршы пикирлерди аныктайт, эгерде зарыл болсо, кошумча далилдерди берүүнү сунуш кылат, доогерге анын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт; 2) ЖООПКЕРДИ ЧАКЫРАТ, ИШТИН ЖАГДАЙЛАРЫ БОЮНЧА АНЫ СУРАЙТ, ДООГО КАРАТА КАНДАЙ КАРШЫ ПИКИР БАР ЭКЕНДИГИН ЖАНА АЛАР КАНДАЙ ДАЛИЛ МЕНЕН ЫРАСТАЛЫШЫ МҮМКҮН ЭКЕНДИГИН АЙКЫНДАЙТ, ӨЗГӨЧӨ ТАТААЛ ИШТЕР БОЮНЧА ЖООПКЕРГЕ ИШ БОЮНЧА ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨГҮ ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРҮҮНҮ СУНУШ КЫЛАТ, ЖООПКЕРГЕ АНЫН ПРОЦЕССТИК УКУКТАРЫН ЖАНА МИЛДЕТТЕРИН ТҮШҮНДҮРӨТ; 3) ишке тең доогерлер, тең жоопкерлер жана үчүнчү жактар кириши жөнүндө маселени чечет, ушул статьянын 1- жана 2-пунктчалары жагынан аларды сурайт, ошондой эле тиешеси жок жоопкерди алмаштыруу маселесин чечет; 4) ишти териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө анын жыйынтыгына таламдаш, ишке катышууга тартылбаган жарандарга же уюмдарга кабарлайт; 5) күбөлөрдү соттун жыйналышына чакыруу жөнүндө маселени чечет; 5-1) УШУЛ КОДЕКСТИН 45-БЕРЕНЕСИНДЕ КАРАЛГАН УЧУРДА ПРОКУРОРГО ИШТИ ТЕРИШТИРҮҮНҮН УБАКТЫСЫ ЖАНА ОРДУ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРЕТ; 6) экспертизаны, аны жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындайт, ошондой эле ишке катышууга адистерди тартуу жөнүндө маселени чечет; 7) ишке катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча уюмдардан, же жарандардан жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерди, үн жана көрмө жазууларды талап кылат; 8) кечиктирүүгө болбогон учурларда ишке катышкан адамдарга билдирүү менен жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерди жеринде карап көрөт; 9) соттук тапшырмаларды жөнөтөт; 10) доону камсыздоо жөнүндө маселени чечет; 11) доогердин өтүнүчү боюнча ал берген арызды кайра кайтаруу жөнүндө аныктама чыгарат; 12) КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. 13) зарыл болгон башка процесстик иш-аракеттерди жасайт. |
| 198-берене. Чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 1. Соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш. 2. Сот чечимин соттук отурумда иликтенген далилдерге гана негиздейт. | 198-берене. Чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 1. Соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш. 1-1. ЧЕЧИМ МЫЙЗАМДУУ БОЛОТ, ЭГЕРДЕ АЛ ПРОЦЕССТИК УКУКТУН ЧЕНЕМДЕРИН САКТОО МЕНЕН ЖАНА УШУЛ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕРГЕ КОЛДОНУУГА ЖАТКАН МАТЕРИАЛДЫК УКУКТУН ЧЕНЕМДЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ЧЫГАРЫЛСА. 1-2. ЧЕЧИМ НЕГИЗДҮҮ БОЛУП ЭСЕПТЕЛЕТ, ЭГЕРДЕ АНДА АЛАРДЫН ТИЕШЕЛҮҮЛҮГҮ ЖАНА МҮМКҮНДҮГҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК ЖООП БЕРГЕН ТАСТЫКТАЛГАН ДАЛИЛДЕР, АТАЛГАН ИШ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ ФАКТЫЛАР ЧАГЫЛДЫРЫЛГАН БОЛСО, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АНЫКТЫГЫН ЖАНА БЕЛГИЛЕНГЕН ФАКТЫЛАРДАН ЧЫККАН ТОЛУК ТЫЯНАКТЫ СОТТУН ЧЕЧИМИ КАМТЫСА. 2. Сот чечимин соттук отурумда иликтенген далилдерге гана негиздейт. |
| 199-берене. Чечим чыгарууда чечиле турган маселелер 1. Чечим чыгарууда сот: - далилдерге баа берет; - иш үчүн мааниси бар кандай жагдайлар белгиленгендигин жана эмнелер белгиленбегендигин аныктайт; - ишке катышып жаткан жактардын укуктук мамилелери кандай экендигин аныктайт; - ошол иш боюнча кандай мыйзам же кандай башка ченемдик-укуктук акт колдонулууга тийиш экендигин чечет; - доо канааттандырууга жатып-жатпасын чечет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маселелерди чечет. \[2. Сот ишти доогердин арыз берген талаптарынын чегинде чечет. Бирок, сот эгерде анын укуктарын жана мыйзам менен корголо турган таламдарын коргоо үчүн зарыл деп тапкан учурда, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда доогер берген талаптын чегинен чыга алат.\] 3. Сот иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону же далилдерди кошумча иликтөөнү зарыл деп табуу менен ишти маңызы боюнча кароону кайра баштоо жөнүндө аныктама чыгарат. Иш маңызы боюнча каралып бүткөндөн кийин сот кайрадан соттук жарыш сөздөрдү угат. | 199-берене. Чечим чыгарууда чечиле турган маселелер 1. Чечим чыгарууда сот: - далилдерге баа берет; - иш үчүн мааниси бар кандай жагдайлар белгиленгендигин жана эмнелер белгиленбегендигин аныктайт; - ишке катышып жаткан жактардын укуктук мамилелери кандай экендигин аныктайт; - ошол иш боюнча кандай мыйзам же кандай башка ченемдик-укуктук акт колдонулууга тийиш экендигин чечет; - доо канааттандырууга жатып-жатпасын чечет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маселелерди чечет. 2. СОТ ИШТИ ДООГЕРДИН АРЫЗ БЕРГЕН ТАЛАПТАРЫНЫН ЧЕГИНДЕ ЧЕЧЕТ, ЭГЕРДЕ МЫЙЗАМДА БАШКА КАРАЛБАСА. 3. Сот иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону же далилдерди кошумча иликтөөнү зарыл деп табуу менен ишти маңызы боюнча кароону кайра баштоо жөнүндө аныктама чыгарат. Иш маңызы боюнча каралып бүткөндөн кийин сот кайрадан соттук жарыш сөздөрдү угат. |
| 201-берене. Чечимдин мазмуну 1. Чечим киришүү, баяндоо, жүйөөлөрүн көрсөтүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат. 2. Чечимдин киришүү бөлүгүндө чечим чыгарылган убакыт жана анын орду, чечим чыгарган соттун аталышы, соттун курамы, сот отурумунун катчысы, ишке катышкан тараптар жана башка жактар жана алардын өкүлдөрү, талаштын предмети көрсөтүлөт. 3. Чечимдин баяндоо бөлүгүндө доогердин талабы, жоопкердин каршы пикири жана ишке катышкан башка жактардын түшүндүрмөлөрү көрсөтүлөт. 4. Чечимдин жүйөөлөр көрсөтүлгөн бөлүгүндө сот аныктаган иштин жагдайы, соттун укуктары жана милдеттери жөнүндөгү тыянактары негизделген далилдер, сот тигил же бул далилди четке каккан жүйөөлөр, сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик-укуктук актылар көрсөтүлөт. Жоопкер доону моюнга алган учурда чечимдин жүйөөлөрдү көрсөтүү бөлүгүндө доону моюнга алуу жана аны соттун кабыл алышы гана көрсөтүлүшү мүмкүн. 5. Соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө доону канааттандыруу доодон толук бойдон же анын бир бөлүгүнөн баш тартуу жөнүндө соттун тыянагы, мамлекеттик алымды бөлүштүрүү, чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлүүгө тийиш. 6. Доо жоопкер тарабынан таанылган учурда соттун чечиминин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө доонун таанылгандыгы жана анын сот тарабынан кабыл алынгандыгы гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Доо мөөнөтүнүн же сотко кайрылуу мөөнөтүнүн өткөрүп жиберилишинин себептерине \[жарандарга\] доодон баш тартылган учурда соттун чечиминин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө сот тарабынан аныкталган ушул жагдай жөнүндө гана көрсөтүлөт. Никени бузуу жөнүндөгү иш боюнча соттун чечими киришүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турушу мүмкүн. | 201-берене. Чечимдин мазмуну 1. Чечим киришүү, баяндоо, жүйөөлөрүн көрсөтүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат. 2. Чечимдин киришүү бөлүгүндө чечим чыгарылган убакыт жана анын орду, чечим чыгарган соттун аталышы, соттун курамы, сот отурумунун катчысы, ишке катышкан тараптар жана башка жактар жана алардын өкүлдөрү, талаштын предмети көрсөтүлөт. 3. Чечимдин баяндоо бөлүгүндө доогердин талабы, жоопкердин каршы пикири жана ишке катышкан башка жактардын түшүндүрмөлөрү көрсөтүлөт. 4. Чечимдин жүйөөлөр көрсөтүлгөн бөлүгүндө сот аныктаган иштин жагдайы, соттун укуктары жана милдеттери жөнүндөгү тыянактары негизделген далилдер, сот тигил же бул далилди четке каккан жүйөөлөр, сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик-укуктук актылар көрсөтүлөт. Жоопкер доону моюнга алган учурда чечимдин жүйөөлөрдү көрсөтүү бөлүгүндө доону моюнга алуу жана аны соттун кабыл алышы гана көрсөтүлүшү мүмкүн. 5. Соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө доону канааттандыруу доодон толук бойдон же анын бир бөлүгүнөн баш тартуу жөнүндө соттун тыянагы, мамлекеттик алымды бөлүштүрүү, чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлүүгө тийиш. 6. Доо жоопкер тарабынан таанылган учурда соттун чечиминин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө доонун таанылгандыгы жана анын сот тарабынан кабыл алынгандыгы гана көрсөтүлүшү мүмкүн. ДОО МӨӨНӨТҮНҮН ЖЕ СОТКО КАЙРЫЛУУ МӨӨНӨТҮНҮН ӨТКӨРҮП ЖИБЕРИЛИШИНИН СЕБЕПТЕРИНЕ ДООДОН БАШ ТАРТЫЛГАН УЧУРДА СОТТУН ЧЕЧИМИНИН ЖҮЙӨЛӨШТҮРҮҮ БӨЛҮГҮНДӨ СОТ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛГАН УШУЛ ЖАГДАЙ ЖӨНҮНДӨ ГАНА КӨРСӨТҮЛӨТ. Никени бузуу жөнүндөгү иш боюнча соттун чечими киришүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турушу мүмкүн. |
| 216-берене. Сот ишин кароону токтотууга соттун милдети Сот төмөнкү учурларда: 1) эгерде талашка түшкөн укуктук мамилелер укукту мурастоого жол берсе, иште тарап болуп саналган жаран өлгөндө же юридикалык жак кайра уюшулганда; 2) тарап аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо; 3) жоопкер Куралдуу Күчтөрдүн Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн аракеттерине катышып жатса же Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн аракеттерине катышып жаткан доогердин өтүнүчү боюнча; 4) сот иши конституциялык, жарандык, жазыктык тартипте же администрациялык тартипте каралып жаткан башка иш чечилмейинче ошол ишти кароо мүмкүн болбосо; 5) сот ошол иште колдонулган же колдонууга жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келиши жөнүндө маселенин анык эместигин тапса же бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын \[Конституциялык сотуна\] суроо-талап жөнөтсө сот ишин жүргүзүүнү токтото турат. | 216-берене. Сот ишин кароону токтотууга соттун милдети Сот төмөнкү учурларда: 1) эгерде талашка түшкөн укуктук мамилелер укукту мурастоого жол берсе, иште тарап болуп саналган жаран өлгөндө же юридикалык жак кайра уюшулганда; 2) тарап аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо; 3) жоопкер Куралдуу Күчтөрдүн Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн аракеттерине катышып жатса же Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн аракеттерине катышып жаткан доогердин өтүнүчү боюнча; 4) сот иши конституциялык, жарандык, жазыктык тартипте же администрациялык тартипте каралып жаткан башка иш чечилмейинче ошол ишти кароо мүмкүн болбосо; 5) сот ошол иште колдонулган же колдонууга жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келиши жөнүндө маселенин анык эместигин тапса же бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНА суроо-талап жөнөтсө сот ишин жүргүзүүнү токтото турат. |
| 217-берене. Сот ишин жүргүзүүнү токтото турууга соттун укугу Сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча же өз демилгеси менен төмөнкү учурларда: 1) тараптар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө чакыруу боюнча же кандайдыр-бир мамлекеттик милдетти аткаруу үчүн тартылган аскердик кызматта турса; 2) тараптар узак мөөнөттүк иш сапарында болсо; 3) тараптар дарылоо мекемелеринде болсо же алардын оорусу сотко келүүгө жолтоо болсо жана медициналык мекеменин аныктама каты менен ырасталса; 4) ушул Кодекстин 130-статьясында каралган учурда жоопкер издөөдө болсо; 5) сот экспертиза дайындаганда; 6) \[камкордук көрүү жана көзөмөлдүк кылуу органдары\] асырап алуу иши боюнча асырандылардын жашоо шартын текшерүүнү дайындаганда; 7) ишти чечүүдө колдонулган же колдонууга жата турган мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчтү өз кароосуна кабыл алгандык жөнүндө Кыргыз Республикасынын \[Конституциялык сотунан\] билдирме алганда; 8) сот тапшырмасы жөнөтүлгөндө сот ишин жүргүзүүнү токтото тура алат; 9) мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүү боюнча расмий суроо жиберүү. | 217-берене. Сот ишин жүргүзүүнү токтото турууга соттун укугу Сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча же өз демилгеси менен төмөнкү учурларда: 1) тараптар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө чакыруу боюнча же кандайдыр-бир мамлекеттик милдетти аткаруу үчүн тартылган аскердик кызматта турса; 2) тараптар узак мөөнөттүк иш сапарында болсо; 3) тараптар дарылоо мекемелеринде болсо же алардын оорусу сотко келүүгө жолтоо болсо жана медициналык мекеменин аныктама каты менен ырасталса; 4) ушул Кодекстин 130-статьясында каралган учурда жоопкер издөөдө болсо; 5) сот экспертиза дайындаганда; 6) ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДӨРҮ асырап алуу иши боюнча асырандылардын жашоо шартын текшерүүнү дайындаганда; 7) ишти чечүүдө колдон колдонууга жата турган мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчтү өз кароосуна кабыл алгандык жөнүндө Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНАН билдирме алганда; 8) сот тапшырмасы жөнөтүлгөндө сот ишин жүргүзүүнү токтото тура алат; 9) мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүү боюнча расмий суроо жиберүү. |
| 218-берене. Сот ишин жүргүзүүнү токтото туруу мөөнөтү 1. Сот ишин жүргүзүү төмөнкү учурларда: 1) ушул Кодекстин 216-статьясынын 1-2-пунктчаларында каралган учурларда - чыгып калган жактын укук мастоочусун аныктаганга же аракетке жөндөмсүз жактын өкүлүн дайындаганга чейин; 2) ушул Кодекстин 216-статьясынын 3-пунктчасында жана 217-статьясында каралган учурларда - тараптын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болушу токтогонго чейин, ал мамлекеттик милдетти аткаруусун аяктаганга чейин, кызматтык иш сапарынан кайтканга, дарылоо мекемесинен чыкканга же оорусунан айыкканга чейин, жоопкер табылганга чейин, сотко эксперттин корутундусу, \[камкордук көрүүчү жана көзөмөлдүк кылуучу органдын текшерүү актысы берилгенге чейин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун\] тийиштүү чечими чыгарылганга же соттун тапшырмасы аткарылганга чейин; 3) ушул Кодекстин 216-статьясынын 4-пунктчасында каралган учурларда - соттун токтому, чечими, өкүмү, аныктамасы мыйзамдуу күчүнө киргенге же администрациялык тартипте каралып жаткан иш боюнча токтом чыгарылганга чейин; 4) ушул Кодекстин 216-статьясынын 5-пунктчасында каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын \[Конституциялык соту\] өтүнүчтү караганга чейин токтотула турат. | 218-берене. Сот ишин жүргүзүүнү токтото туруу мөөнөтү 1. Сот ишин жүргүзүү төмөнкү учурларда: 1) ушул Кодекстин 216-статьясынын 1-2-пунктчаларында каралган учурларда - чыгып калган жактын укук мастоочусун аныктаганга же аракетке жөндөмсүз жактын өкүлүн дайындаганга чейин; 2) ушул Кодекстин 216-статьясынын 3-пунктчасында жана 217-статьясында каралган учурларда - тараптын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болушу токтогонго чейин, ал мамлекеттик милдетти аткаруусун аяктаганга чейин, кызматтык иш сапарынан кайтканга, дарылоо мекемесинен чыкканга же оорусунан айыкканга чейин, жоопкер табылганга чейин, сотко эксперттин корутундусу, ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН ТЕКШЕРҮҮ АКТЫСЫ БЕРИЛГЕНГЕ ЧЕЙИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН тийиштүү чечими чыгарылганга же соттун тапшырмасы аткарылганга чейин; 3) ушул Кодекстин 216-статьясынын 4-пунктчасында каралган учурларда - соттун токтому, чечими, өкүмү, аныктамасы мыйзамдуу күчүнө киргенге же администрациялык тартипте каралып жаткан иш боюнча токтом чыгарылганга чейин; 4) ушул Кодекстин 216-статьясынын 5-пунктчасында каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ өтүнүчтү караганга чейин токтотула турат. |
| 221-берене. Сот ишин жүргүзүүнү токтотуунун негиздери Сот: 1) эгерде иш жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралууга жана чечүүгө жатпаса; 2) эгерде доогер ошол категориядагы иш үчүн мыйзамда белгиленген же тараптардын келишиминде каралган талашты сотсуз же сотко чейинки чечүүнүн алдын ала тартиби сакталбаса жана андай тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоюлганда; 3) эгерде ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө талдаш жана ошол эле негиздер боюнча чыгарылган соттун чечими болсо же доогердин доодон баш тарткандыгы же тараптардын тынчтык макулдашууга келишин бекитүү жөнүндө сот ишин жүргүзүүнү токтотуу жөнүндө чыгарылган соттун аныктамасы мыйзамдуу күчүнө кирсе; 4) эгерде доогер доодон баш тартса жана сот баш тартууну кабыл алса; 5) эгерде тараптар тынышуу макулдашуусуна жетишсе жана ал сот тарабынан бекитилсе; 6) эгерде ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча аксакалдар соту чечим чыгарса; 7) эгерде иш боюнча тараптардын бири болуп саналган жаран жекече ишкер өлгөндөн кийин укуктук талаш мамилелер укукту мурастоого жол бербесе; 8) эгерде иш боюнча тарап болуп чыккан юридикалык жак укук мурастоочуну аныктабастан жоюлганда; 9) эгерде талаштын предмети же тарапта болгондо; 10) ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча бейтарап сот чечим чыгарса; 11) эгерде биринчи инстанциядагы сот тарабынан чечим кабыл алынганга чейин тараптар талашты бейтарап сотуна берүү жөнүндө макулдашуу түзүшсө сот ишин жүргүзүүнү токтотот; \[12) эгерде ишти соттук териштирүүгө даярдоо процессинде же талаш тартышты маңызы боюнча кароо процессинде арыз берилгенге чейин доонун эскиришинин мыйзам менен белгиленген мөөнөтү өтүп кеткендиги белгиленсе жана ал калыбына келтирүүгө жатпаса же болбосо калыбына келтирүүдөн баш тартылса.\] | 221-берене. Сот ишин жүргүзүүнү токтотуунун негиздери Сот: 1) эгерде иш жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралууга жана чечүүгө жатпаса; 2) эгерде доогер ошол категориядагы иш үчүн мыйзамда белгиленген же тараптардын келишиминде каралган талашты сотсуз же сотко чейинки чечүүнүн алдын ала тартиби сакталбаса жана андай тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоюлганда; 3) эгерде ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө талдаш жана ошол эле негиздер боюнча чыгарылган соттун чечими болсо же доогердин доодон баш тарткандыгы же тараптардын тынчтык макулдашууга келишин бекитүү жөнүндө сот ишин жүргүзүүнү токтотуу жөнүндө чыгарылган соттун аныктамасы мыйзамдуу күчүнө кирсе; 4) эгерде доогер доодон баш тартса жана сот баш тартууну кабыл алса; 5) эгерде тараптар тынышуу макулдашуусуна жетишсе жана ал сот тарабынан бекитилсе; 6) эгерде ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча аксакалдар соту чечим чыгарса; 7) эгерде иш боюнча тараптардын бири болуп саналган жаран жекече ишкер өлгөндөн кийин укуктук талаш мамилелер укукту мурастоого жол бербесе; 8) эгерде иш боюнча тарап болуп чыккан юридикалык жак укук мурастоочуну аныктабастан жоюлганда; 9) эгерде талаштын предмети же тарапта болгондо; 10) ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча бейтарап сот чечим чыгарса; 11) эгерде биринчи инстанциядагы сот тарабынан чечим кабыл алынганга чейин тараптар талашты бейтарап сотуна берүү жөнүндө макулдашуу түзүшсө сот ишин жүргүзүүнү токтотот; 12) КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| 225-берене. Аныктама чыгаруунун тартиби 1. Иш маңызы боюнча чечилбей калган \[биринчи инстанциядагы\] соттун актысы аныктама түрүндө чыгарылат. Аныктама өз алдынча процесстик документ катары ушул Кодекстин 16-статьясында каралган тартипте сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө чыгарылат. 2. Анча татаал эмес маселелерди чечүүдө сот кеңешүү бөлмөсүнө барбастан эле аныктама чыгара алат. Мындай аныктама сот отурумунун протоколуна жазылат. 3. Аныктама кабыл алынаар замат дароо жарыя кылынат. 4. Соттун аныктамасы ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө даттанылышы мүмкүн. | 225-берене. Аныктама чыгаруунун тартиби 1. ИШ МАҢЫЗЫ БОЮНЧА ЧЕЧИЛБЕЙ КАЛГАН СОТТУН АКТЫСЫ АНЫКТАМА ТҮРҮНДӨ ЧЫГАРЫЛАТ. Аныктама өз алдынча процесстик документ катары ушул Кодекстин 16-статьясында каралган тартипте сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө чыгарылат. 2. Анча татаал эмес маселелерди чечүүдө сот кеңешүү бөлмөсүнө барбастан эле аныктама чыгара алат. Мындай аныктама сот отурумунун протоколуна жазылат. 3. Аныктама кабыл алынаар замат дароо жарыя кылынат. 4. Соттун аныктамасы ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө даттанылышы мүмкүн. |
| 229-берене. Протокол жазуунун милдеттүүлүгү \[Биринчи инстанциядагы соттун ар бир соттук отуруму, ошондой эле отурумдан тышкары жүргүзүлгөн ар бир өзүнчө процесстик аракеттер жөнүндө протокол жазылат.\] | 229-берене. Протокол жазуунун милдеттүүлүгү СОТ ОТУРУМУНУН АР БИРИ БОЮНЧА ПРОТОКОЛ ЖАЗЫЛАТ. |
| 230-берене. Протоколдун мазмуну \[1. Сот отурумунун же отурумдан тышкары каралган ар бир өзүнчө процесстик аракеттердин протоколунда ишти териштирүүнүн же өзүнчө процесстик аракеттердин бардык олуттуу учурлары чагылдырылууга тийиш.\] 2. Сот отурумунун протоколунда: 1) сот отуруму болгон жыл, айы, күнү жана орду; 2) сот отуруму башталган жана аяктаган убакыт; 3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы жана сот отурумунун катчысы; 4) иштин аталышы; 5) ишке катышкан жактардын, алардын өкүлдөрүнүн, күбөлөрдүн, эксперттердин, адистердин, тилмечтердин келгендиги жөнүндө маалымат; 6) ишке катышкан жактарга, алардын өкүлдөрүнө, күбөлөргө, эксперттерге, адистерге, тилмечтерге алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү жөнүндө маалымат; 7) төрагалык кылуучунун буйругу жана соттун отурум залында сот чыгарган аныктама; 8) ишке катышкан жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн арыздары, өтүнүчтөрү жана түшүнүктөрү; 9) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин өз корутундуларын оозеки түшүндүрүүлөрү, адистердин түшүндүрмөлөрү; 10) жазуу жүзүндөгү далилдерди жарыя кылуу, жазылган үндү угуу, көрмө жазууларды көрүү, буюм далилдерди кароо жөнүндө маалыматтар; 11) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары; 12) соттогу жарыш сөздөрдүн мазмуну; 13) чечимдин жана аныктаманын мазмунун жарыя кылуу жана түшүндүрүү, аларга даттануунун тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтар; 14) протокол менен таанышуу жана ага сын пикирлерди берүү укуктарын ишке катышкан адамдарга түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар; 15) протокол түзүлгөн дата көрсөтүлөт. | 230-берене. Протоколдун мазмуну 1. СОТ ОТУРУМУНУН ПРОТОКОЛУНДА ИШТИ ТЕРИШТИРҮҮНҮН БАРДЫК ОЛУТТУУ УЧУРЛАРЫ ЧАГЫЛДЫРЫЛУУГА ТИЙИШ. 2. Сот отурумунун протоколунда: 1) сот отуруму болгон жыл, айы, күнү жана орду; 2) сот отуруму башталган жана аяктаган убакыт; 3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы жана сот отурумунун катчысы; 4) иштин аталышы; 5) ишке катышкан жактардын, алардын өкүлдөрүнүн, күбөлөрдүн, эксперттердин, адистердин, тилмечтердин келгендиги жөнүндө маалымат; 6) ишке катышкан жактарга, алардын өкүлдөрүнө, күбөлөргө, эксперттерге, адистерге, тилмечтерге алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү жөнүндө маалымат; 7) төрагалык кылуучунун буйругу жана соттун отурум залында сот чыгарган аныктама; 8) ишке катышкан жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн арыздары, өтүнүчтөрү жана түшүнүктөрү; 9) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин өз корутундуларын оозеки түшүндүрүүлөрү, адистердин түшүндүрмөлөрү; 10) жазуу жүзүндөгү далилдерди жарыя кылуу, жазылган үндү угуу, көрмө жазууларды көрүү, буюм далилдерди кароо жөнүндө маалыматтар; 11) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары; 12) соттогу жарыш сөздөрдүн мазмуну; 13) чечимдин жана аныктаманын мазмунун жарыя кылуу жана түшүндүрүү, аларга даттануунун тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтар; 14) протокол менен таанышуу жана ага сын пикирлерди берүү укуктарын ишке катышкан адамдарга түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар; 15) протокол түзүлгөн дата көрсөтүлөт. |
| 231-берене. Протокол түзүү 1. Протоколду соттун отурумунда \[же процесстик иш аракетти отурумдан тышкары өткөрүү учурунда\] катчы тарабынан түзүлөт. Протокол жазуу жүзүндө (кол менен же машинкага басуу менен) түзүлөт. Сот протоколдун толук түзүлүшүн камсыз кылуу үчүн соттун отурумунда \[же процесстик иш-аракетти отурумдан тышкары өткөрүү учурунда\] үн- жана көрмө жазууларды колдоно алат. Мындай учурларда үн- жана көрмө жазуулар протоколго тиркелет, анда булар колдонулгандыгы жөнүндө белги коюлат. 2. Ишке катышкан адамдар жана өкүлдөр өздөрү олуттуу деп эсептеген жагдайлар жөнүндө маалыматтарды протоколго жазуу тууралу, протоколдун кандайдыр-бир бөлүгүн жарыя кылуу тууралу өтүнүч кылууга укуктуу. 3. Протокол соттун отуруму аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш. 4. Татаал иштер боюнча соттун отурумунун протоколу кыйла узагыраак убакытта, бирок соттун отуруму аяктагандан кийин жети күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш. 5. Протоколго соттун отурумуна төрагалык кылган адам жана андагы катчы кол коет. Протоколдогу бардык өзгөртүүлөр, толуктоолор, оңдоолор жазылууга жана алардын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. | 231-берене. Протокол түзүү 1. ПРОТОКОЛДУ СОТТУН ОТУРУМУНДА КАТЧЫ ТАРАБЫНАН ТҮЗҮЛӨТ. Протокол жазуу жүзүндө (кол менен же машинкага басуу менен) түзүлөт. СОТ ПРОТОКОЛДУН ТОЛУК ТҮЗҮЛҮШҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН СОТТУН ОТУРУМУНДА ҮН- ЖАНА КӨРМӨ ЖАЗУУЛАРДЫ КОЛДОНО АЛАТ. МЫНДАЙ УЧУРЛАРДА ҮН- ЖАНА КӨРМӨ ЖАЗУУЛАР ПРОТОКОЛГО ТИРКЕЛЕТ, АНДА БУЛАР КОЛДОНУЛГАНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ БЕЛГИ КОЮЛАТ. 2. Ишке катышкан адамдар жана өкүлдөр өздөрү олуттуу деп эсептеген жагдайлар жөнүндө маалыматтарды протоколго жазуу тууралу, протоколдун кандайдыр-бир бөлүгүн жарыя кылуу тууралу өтүнүч кылууга укуктуу. 3. Протокол соттун отуруму аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш. 4. Татаал иштер боюнча соттун отурумунун протоколу кыйла узагыраак убакытта, бирок соттун отуруму аяктагандан кийин жети күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш. 5. Протоколго соттун отурумуна төрагалык кылган адам жана андагы катчы кол коет. Протоколдогу бардык өзгөртүүлөр, толуктоолор, оңдоолор жазылууга жана алардын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. |
| 247-берене. Соттун буйругу бериле турган талаптар Төмөнкүдөй учурда: 1) эгерде талап нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделсе; 2) эгерде талап жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделгенде; 3) эгерде талап нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн төлөбөй коюу векселине протестке, бейакцептке же акцептке дата койбой коюуга негизделгенде; 4) эгерде аталыкты белгилөө, аталыкты (энеликти) талашып-тартышуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылчылыгы менен байланышпаган бойго жете элек балдарга алиментти өндүрүү жөнүндө талап билдирилсе; 5) эгерде салыктар жана башка \[милдеттүү\] төлөмдөр боюнча калдыктарды жарандардан өндүрүү жөнүндө талап коюлганда; 6) эгерде кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талап коюлганда; 7) эгерде жоопкерди же карызкорду жана анын мүлкүн, ошондой эле карызкордон тартып алынган баланы соттун чечими боюнча издөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө ички иштер органы \[же салык полициясы\] талап койсо соттун буйругу чыгарылат. | 247-берене. Соттун буйругу бериле турган талаптар Төмөнкүдөй учурда: 1) эгерде талап нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделсе; 2) эгерде талап жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделгенде; 3) эгерде талап нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн төлөбөй коюу векселине протестке, бейакцептке же акцептке дата койбой коюуга негизделгенде; 4) эгерде аталыкты белгилөө, аталыкты (энеликти) талашып-тартышуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылчылыгы менен байланышпаган бойго жете элек балдарга алиментти өндүрүү жөнүндө талап билдирилсе; 5) эгерде салыктар жана башка САЛЫК ЭМЕС төлөмдөр боюнча калдыктарды жарандардан өндүрүү жөнүндө талап коюлганда; 6) эгерде кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талап коюлганда; 7) ЭГЕРДЕ ЖООПКЕРДИ ЖЕ КАРЫЗКОРДУ ЖАНА АНЫН МҮЛКҮН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КАРЫЗКОРДОН ТАРТЫП АЛЫНГАН БАЛАНЫ СОТТУН ЧЕЧИМИ БОЮНЧА ИЗДӨӨ БОЮНЧА ЧЫГЫМДАРДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ ЖӨНҮНДӨ ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНЫ ТАЛАП КОЙСО СОТТУН БУЙРУГУ ЧЫГАРЫЛАТ. |
| 279-берене. Арызды кабыл алгандан кийинки соттун иш-аракеттери 1. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судья дайынсыз жок болгон жаран жөнүндө кайсы жактар маалымат бере ала тургандыгын аныктайт, ошондой эле дайынсыз жок болгондун белгилүү болгон акыркы жашаган жана иштеген жери боюнча тиешелүү уюмдардан ал тууралуу болгон маалыматтарды сурап алат. 2. Арызды кабыл алгандан кийин судья дайынсыз жок болгон жарандын мүлкүнүн жайгашкан жери боюнча \[камкордук кылуучу органдарга\] мүлктү башкаруучуну дайындоону сунуш кыла алат. | 279-берене. Арызды кабыл алгандан кийинки соттун иш-аракеттери 1. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судья дайынсыз жок болгон жаран жөнүндө кайсы жактар маалымат бере ала тургандыгын аныктайт, ошондой эле дайынсыз жок болгондун белгилүү болгон акыркы жашаган жана иштеген жери боюнча тиешелүү уюмдардан ал тууралуу болгон маалыматтарды сурап алат. 2. Арызды кабыл алгандан кийин судья дайынсыз жок болгон жарандын мүлкүнүн жайгашкан жери боюнча ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМГӨ мүлктү башкаруучуну дайындоону сунуш кыла алат. |
| 280-берене. Арыз боюнча соттун чечими 1. Жаранды дайынсыз жок болгон деп табуу жөнүндөгү соттун чечими анын мүлкүн \[камкордук кылуучу орган\] бул мүлктү ишенимдүү башкаруу (зарыл болгон учурда туруктуу башкаруу) жөнүндөгү келишим түзгөн жакка өткөрүп берүү үчүн негиз болот. 2. Жарандын өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндөгү соттун чечими жарандык абалды каттоо органы тарабынан жарандын өлгөндүгү жөнүндөгү жазууну жарандык абалды каттоо китебине киргизүү үчүн негиз болот. | 280-берене. Арыз боюнча соттун чечими 1. Жаранды дайынсыз жок болгон деп табуу жөнүндөгү соттун чечими анын мүлкүн ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМ бул мүлктү ишенимдүү башкаруу (зарыл болгон учурда туруктуу башкаруу) жөнүндөгү келишим түзгөн жакка өткөрүп берүү үчүн негиз болот. 2. Жарандын өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндөгү соттун чечими жарандык абалды каттоо органы тарабынан жарандын өлгөндүгү жөнүндөгү жазууну жарандык абалды каттоо китебине киргизүү үчүн негиз болот. |
| 281-берене. Дайынсыз жок же өлгөн деп табылган жарандын келгендигинин же анын турган жеринин аныкталгандыгынын натыйжасы 1. Дайынсыз жок деп табылган же өлгөн деп жарыяланган адам келген же анын жүргөн жери табылган учурда сот өзүнүн жаңы чечими менен өзүнүн мурдагы чечимин алып салат. 2. Мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттун жаңы чечими жарандын мүлкүн ишенимдүү башкарууну алып салуу үчүн \[камкордук кылуучу органдарга\] же жарандык абалды каттоо китебиндеги анын өлүмү жөнүндөгү жазууну жокко чыгаруу үчүн жарандык абалды каттоо органына жиберилет. | 281-берене. Дайынсыз жок же өлгөн деп табылган жарандын келгендигинин же анын турган жеринин аныкталгандыгынын натыйжасы 1. Дайынсыз жок деп табылган же өлгөн деп жарыяланган адам келген же анын жүргөн жери табылган учурда сот өзүнүн жаңы чечими менен өзүнүн мурдагы чечимин алып салат. 2. Мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттун жаңы чечими жарандын мүлкүн ишенимдүү башкарууну алып салуу үчүн ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМГӨ же жарандык абалды каттоо китебиндеги анын өлүмү жөнүндөгү жазууну жокко чыгаруу үчүн жарандык абалды каттоо органына жиберилет. |
| 282-берене. Арызды берүү 1. Спирт ичимдиктерин же баңги заттарды ашыкча пайдалангандыгынын, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун натыйжасында жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү иш анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, \[камкордук кылуучу органдардын\] же прокурордун арызы боюнча козголот. 2. Жаранды психикасынын бузулушунан улам аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, аны менен чогуу жашагандыгына же жашабагандыгына карабастан жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, бир туугандарынын, эже-карындаштарынын) \[камкордук кылуучу органдардын\] же прокурордун, психиатриялык дарылоо мекемесинин арызы боюнча козголот. 3. Жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү арыз ал жарандын жашаган жери боюнча, ал эми ал адам психиатриялык дарылоо мекемесине орноштурулса, анда бул дарылоо мекемесинин жайгашкан жери боюнча берилет. | 282-берене. Арызды берүү 1. Спирт ичимдиктерин же баңги заттарды ашыкча пайдалангандыгынын, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун натыйжасында жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү иш анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН же прокурордун арызы боюнча козголот. 2. Жаранды психикасынын бузулушунан улам аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, аны менен чогуу жашагандыгына же жашабагандыгына карабастан жакын туугандар (ата-энесинин, балдарынын, бир туугандарынын, эже-карындаштарынын) ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН же прокурордун, психиатриялык дарылоо мекемесинин арызы боюнча козголот. 3. Жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү арыз ал жарандын жашаган жери боюнча, ал эми ал адам психиатриялык дарылоо мекемесине орноштурулса, анда бул дарылоо мекемесинин жайгашкан жери боюнча берилет. |
| 285-берене. Арызды кароо 1. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү иш сотто жарандын өзүнүн, арыз берүүчүнүн, прокурордун жана \[камкордук кылуучу органдын\] өкүлүнүн катышуусу менен каралат. 2. Жаранды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү ишти сот арыз берүүчүнүн, прокурордун жана \[камкордук кылуучу органдын\] өкүлүнүн сөзсүз катышуусу менен карайт. Аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө иши каралып жаткан жаран, эгерде анын ден соолугунун абалы мүмкүндүк берсе, соттун жыйналышына чакырылышы мүмкүн. 3. Жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү ишти кароого байланыштуу соттун чыгымдарын төлөөдөн арыз берүүчү бошотулат. Сот арыз берген үй-бүлө мүчөлөрү жарандын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөө же аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу максатында арыз берүү менен абийирсиз иш кылгандыгын аныктоо менен, алардан соттун бардык чыгымдарын төлөтүп алат. | 285-берене. Арызды кароо 1. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү иш сотто жарандын өзүнүн, арыз берүүчүнүн, прокурордун жана ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН өкүлүнүн катышуусу менен каралат. 2. Жаранды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү ишти сот арыз берүүчүнүн, прокурордун жана ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН өкүлүнүн сөзсүз катышуусу менен карайт. Аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө иши каралып жаткан жаран, эгерде анын ден соолугунун абалы мүмкүндүк берсе, соттун жыйналышына чакырылышы мүмкүн. 3. Жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү ишти кароого байланыштуу соттун чыгымдарын төлөөдөн арыз берүүчү бошотулат. Сот арыз берген үй-бүлө мүчөлөрү жарандын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөө же аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу максатында арыз берүү менен абийирсиз иш кылгандыгын аныктоо менен, алардан соттун бардык чыгымдарын төлөтүп алат. |
| 286-берене. Арыз боюнча соттун чечими 1. Жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун чечими \[камкордук кылуучу органдын\] аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген адам үчүн-камкорчуну дайындоосуна негиз болот. 2. Жаран аракетке жөндөмсүз деп табылган соттун чечими \[камкордук кылуучу органдын\] аракетке жөндөмсүз адам үчүн камкорчуну дайындоосуна негиз болот. | 286-берене. Арыз боюнча соттун чечими 1. Жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун чечими ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген адам үчүн камкорчуну дайындоосуна негиз болот. 2. Жаран аракетке жөндөмсүз деп табылган соттун чечими ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН аракетке жөндөмсүз адам үчүн камкорчуну дайындоосуна негиз болот. |
| 287-берене. Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген дегенди алып салуу жана жаранды аракетке жөндөмдүү деп табуу 1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 65-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда, сот жарандын өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, \[камкордук кылуучу органдын\] же прокурордун арызы боюнча жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген дегенди алып салуу жөнүндө чечим чыгарат. Соттун чечиминин негизинде жаранга белгиленген камкордук алып салынат. 2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 64-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда сот камкорчунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын, психиатриялык дарылоо мекемесинин, \[камкордук кылуучу органдын,\] прокурордун арызы боюнча жана соттук-психиатриялык экспертизанын тиешелүү корутундусунун негизинде жаранды аракетке жөндөмдүү деп табуу жөнүндө чечим кабыл алат. Соттун чечиминин негизинде ага белгиленген камкордук алып салынат. | 287-берене. Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген дегенди алып салуу жана жаранды аракетке жөндөмдүү деп табуу 1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 65-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда, сот жарандын өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН же прокурордун арызы боюнча жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген дегенди алып салуу жөнүндө чечим чыгарат. Соттун чечиминин негизинде жаранга белгиленген камкордук алып салынат. 2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 64-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда сот камкорчунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын, психиатриялык дарылоо мекемесинин, ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН, прокурордун арызы боюнча жана соттук-психиатриялык экспертизанын тиешелүү корутундусунун негизинде жаранды аракетке жөндөмдүү деп табуу жөнүндө чечим кабыл алат. Соттун чечиминин негизинде ага белгиленген камкордук алып салынат. |
| 288-берене. Арызды берүү 1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 62-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда он алты жашка чыккан жашы жете элек өспүрүм аны толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо жөнүндөгү арыз менен жашаган жери боюнча сотко кайрыла алат. 2. сотто ата-энесинин, багып алган ата-энесинин экөөнүн тең же камкорчусунун макулдугу болбогон же \[камкордук кылуучу орган\] жашы жете электи аракетке жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тарткан учурда кабыл алынат. | 288-берене. Арызды берүү 1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 62-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда он алты жашка чыккан жашы жете элек өспүрүм аны толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо жөнүндөгү арыз менен жашаган жери боюнча сотко кайрыла алат. 2. Арыз сотто ата-энесинин, багып алган ата-энесинин экөөнүн тең же камкорчусунун макулдугу болбогон же ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМ жашы жете электи аракетке жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тарткан учурда кабыл алынат. |
| 289-берене. Арызды кароо Арыз сотто сөзсүз түрдө арыз берүүчүнүн, ата-энесинин, багып алган ата-энесинин бирөөнүн же экөөнүн, ошондой эле \[камкордук кылуучу органдын\] катышуусу менен каралат. | 289-берене. Арызды кароо Арыз сотто сөзсүз түрдө арыз берүүчүнүн, ата-энесинин, багып алган ата-энесинин бирөөнүн же экөөнүн, ошондой эле ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН КАТЫШУУСУ МЕНЕН КАРАЛАТ. |
| 291-берене. Эмансипация жөнүндөгү арызды алып салуу 1. Жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп жарыялоо жөнүндөгү чечимди алып салуу тууралуу арыз ата-энеси, багып алган ата-энеси же камкорчусу, ошондой эле \[камкордук кылуучу орган\] тарабынан жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алган сотко же мындай чечим кабыл алган \[камкордук кылуучу органдын\] жайгашкан жери боюнча берилет. 2. Жетиштүү негиздер болгон учурда сот \[камкордук кылуучу органдын\] жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп жарыялоо жөнүндөгү чечимин алып салуу тууралуу чечим кабыл алат жана он алтыга чыккан жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тарта алат. | 291-берене. Эмансипация жөнүндөгү арызды алып салуу 1. Жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп жарыялоо жөнүндөгү чечимди алып салуу тууралуу арыз ата-энеси, багып алган ата-энеси же камкорчусу, ошондой эле ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМ тарабынан жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алган сотко же мындай чечим кабыл алган ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН жайгашкан жери боюнча берилет. 2. Жетиштүү негиздер болгон учурда сот ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп жарыялоо жөнүндөгү чечимин алып салуу тууралуу чечим кабыл алат жана он алтыга чыккан жашы жетеё электи толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тарта алат. |
| 316-берене. Апелляциялык даттануу берүү тартиби жана мөөнөтү 1. Апелляциялык даттануу же талап чечимди чыгарган сот аркылуу берилет. Апелляциялык даттанууну же талапты түздөн-түз апелляциялык инстанциядагы сотко берүү ишти карап чыгуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. 2. Соттун чечимине апелляциялык даттануу же талап сот ушул Кодекстин 205-статьясынын 2-пунктуна ылайык чыгаргандан кийин отуз күндүн ичинде берилиши мүмкүн. \[3. Ишти биринчи инстанцияда караганда сот жыйналышына катышпай калган арыз берүүчү даттанылып жаткан сот актысын кабыл алуу фактысын же бул актынын мазмунун билбей калгандыгын далилдей алган учурлардан башка учурларда апелляциялык даттануу берүүнүн процесстик мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт.\] | 316-берене. Апелляциялык даттануу берүү тартиби жана мөөнөтү 1. Апелляциялык даттануу же талап чечимди чыгарган сот аркылуу берилет. Апелляциялык даттанууну же талапты түздөн-түз апелляциялык инстанциядагы сотко берүү ишти карап чыгуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. 2. Соттун чечимине апелляциялык даттануу же талап сот ушул Кодекстин 205-статьясынын 2-пунктуна ылайык чыгаргандан кийин отуз күндүн ичинде берилиши мүмкүн. 3. ИШТИ БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДА КАРАГАНДА СОТ ЖЫЙНАЛЫШЫНА АРЫЗ БЕРҮҮЧҮ ЖҮЙӨЛҮҮ СЕБЕП МЕНЕН КАТЫШПАЙ КАЛГАН УЧУРЛАРДАН БАШКА УЧУРЛАРДА АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУ БЕРҮҮНҮН ПРОЦЕССТИК МӨӨНӨТҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮГӨ ЖАТПАЙТ. АЛ ЭМИ АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУ БЕРҮҮНҮН ПРОЦЕССТИК МӨӨНӨТҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ӨТҮНҮЧ БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТ ЧЕЧИМИН ЧЫГАРГАН КҮНДӨН КИЙИН 6 АЙДАН КЕЧИКТИРБЕСТЕН БЕРИЛИШИ МҮМКҮН. |
| 321-берене. Апелляциялык даттанууну же талапты кайра кайтаруу Апелляциялык даттануу же талап төмөнкүдөй учурларда даттанууну же талапты берген жакка кайра кайтарылат: 1) кыймылсыз калтырылган даттануунун же талаптын кемчиликтерин оңдоо жөнүндө көрсөтмөлөр белгиленген мөөнөттө аткарылбаса; 2) даттануу мөөнөтүнүн өтүп кетиши; 3) эгерде апелляциялык даттануу же талап апелляциялык даттанууну же талапты берүүгө укугу болбогон адам тарабынан берилсе; \[4) даттанууну же талапты берген адамдын арызы боюнча.\] | 321-берене. Апелляциялык даттанууну же талапты кайра кайтаруу Апелляциялык даттануу же талап төмөнкүдөй учурларда даттанууну же талапты берген жакка кайра кайтарылат: 1) кыймылсыз калтырылган даттануунун же талаптын кемчиликтерин оңдоо жөнүндө көрсөтмөлөр белгиленген мөөнөттө аткарылбаса; 2) даттануу мөөнөтүнүн өтүп кетиши ЖАНА ДАТТАНУУ МӨӨНӨТҮН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ӨТҮНҮЧТҮН ЖОКТУГУ; 3) эгерде апелляциялык даттануу же талап апелляциялык даттанууну же талапты берүүгө укугу болбогон адам тарабынан берилсе; 4) ЭГЕРДЕ АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ӨНДҮРҮШКӨ ИШТИ КАБЫЛ АЛГАНГА ЧЕЙИН, ДАТТАНУУНУ ЖЕ ТАЛАПТЫ БЕРГЕН АДАМДАН ДАТТАНУУНУ ЖЕ ТАЛАПТЫ КАЙРУУ ЖӨНҮНДӨ АРЫЗ КЕЛИП ТҮШСӨ. |
|  | 328-1-БЕРЕНЕ. СОТТУН ЧЕЧИМИН АТКАРУУНУ ТОКТОТО ТУРУУ СОТТУН БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯСЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИН ДАТТАНУУ МӨӨНӨТҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛГЕН УЧУРДА АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯ АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУ ЖЕ ТАЛАП ЧЕЧИЛГЕНГЕ ЧЕЙИН СОТТУН ЧЕЧИМДЕРИН АТКАРУУНУ ТОКТОТО ТУРУУГА УКУКТУУ. |
| 331-берене. Апелляциялык даттанууну жана талапты караган учурдагы \[областтык соттун сот коллегиясынын\] ыйгарым укуктары Апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкүлөргө укуктуу: 1) биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну же талапты канааттандырбастан калтырууга; 2) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүн өзгөртүүгө же аны алып салууга жана жаңы чечим чыгарууга; 3) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүн алып салууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга, же арызды карабастан калтырууга. 4) (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган). | 331-берене. Апелляциялык даттанууну жана талапты караган учурдагы АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯНЫН СОТУНУН ыйгарым укуктары Апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкүлөргө укуктуу: 1) биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну же талапты канааттандырбастан калтырууга; 2) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүн өзгөртүүгө же аны алып салууга жана жаңы чечим чыгарууга; 3) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүн алып салууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга, же арызды карабастан калтырууга. 4) (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган). 5. 333-1-БЕРЕНЕСИНДЕ КАРАЛГАН УЧУРДА БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТУН ЧЕЧИМИН ЖОККО ЧЫГАРУУГА ЖАНА ИШТИ ЖАҢЫДАН КАРООГО ЖИБЕРҮҮГӨ. |
|  | 333-1-БЕРЕНЕ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТУН ЧЕЧИМИН ЖОККО ЧЫГАРУУ ЖАНА ИШТИ ЖАҢЫДАН КАРООГО ЖИБЕРҮҮНҮН НЕГИЗДЕРИ БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТУН ЧЕЧИМИ ЖОККО ЧЫГАРУУГА, АЛ ЭМИ ИШ ЖАҢЫДАН КАРООГО ЖИБЕРҮҮГӨ ЖАТАТ: 1) ЭГЕРДЕ ИШ ТҮЗДӨН-ТҮЗ ЖЕ КЫЙЫР ТҮРДӨ ИШТИН НАТЫЙЖАСЫНА ТАЛАМДАШ СУДЬЯ ТАРАБЫНАН КАРАЛСА ЖЕ АНЫН КАЛЫС ЭКЕНДИГИНЕ КҮМӨН ТУУДУРГАН БАШКА ЖАГДАЙЛАР БОЛСО; 2) ЭГЕРДЕ ИШ СОТ ТАРАБЫНАН СОТ ОТУРУМУНУН УБАКЫТЫ ЖАНА ОРДУ ЖӨНҮНДӨ КАБАРЛАНБАГАН ИШКЕ КАТЫШУУЧУ ЖАКТАРДЫН КИМДИР БИРӨӨСҮНҮН КАТЫШУУСУЗ КАРАЛГАН БОЛСО; 3) ЭГЕРДЕ ИШТИ КАРООДО СОТ ӨНДҮРҮШҮ ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ ТАРТИП БУЗУЛГАН БОЛСО; 4) ЭГЕРДЕ СОТ ИШКЕ КАТЫШУУ ҮЧҮН ТАРТЫЛБАГАН ЖАКТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ МАСЕЛЕНИ ЧЕЧКЕН БОЛСО. |
| 335-берене. Апелляциялык соттун актысы 1. Ушул Кодекстин 331-статьясындагы 2-пунктчасында каралган учурларда, апелляциялык инстанциядагы соттун актысы биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүн алмаштырган апелляциялык чечим формасында чыгарылат, ал эми ушул Кодекстин 331-статьясындагы 1-, 3- жана 4-пунктчаларында каралган учурларда апелляциялык инстанциядагы сот аныктама чыгарат. Сот коллегиясынын чечими же аныктамасы кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алат. Судьялардын добуш берүүдө калыс болууга же катышпай калууга укугу жок. Соттун отурумунда төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. 2. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары ушул Кодекстин 205-статьясында каралган тартипте чыгарылат жана жарыя кылынган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок көзөмөл тартибинде жарандык же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегиясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн. \[3. Апелляциялык инстанциядагы соттун актысы жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.\] | 335-берене. Апелляциялык соттун актысы 1. Ушул Кодекстин 331-статьясындагы 2-пунктчасында каралган учурларда, апелляциялык инстанциядагы соттун актысы биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүн алмаштырган апелляциялык чечим формасында чыгарылат, ал эми ушул Кодекстин 331-статьясындагы 1-, 3- жана 4-пунктчаларында каралган учурларда апелляциялык инстанциядагы сот аныктама чыгарат. Сот коллегиясынын чечими же аныктамасы кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алат. Судьялардын добуш берүүдө калыс болууга же катышпай калууга укугу жок. Соттун отурумунда төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. 2. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары ушул Кодекстин 205-статьясында каралган тартипте чыгарылат жана жарыя кылынган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок көзөмөл тартибинде жарандык же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегиясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн. 3. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| \[39-1-Глава Соттун чечимин кассациялык тартипте кайра кароо\] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| 340-берене. Жеке даттанууну же талашы карап чыгууда апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары Апелляциялык инстанциядагы сот жеке даттанууну же талапты карап чыгып, төмөнкүлөргө укуктуу: 1) соттун аныктамасын - өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну же талапты канааттандырбастан калтырууга; 2) аныктаманы толугу менен же бир бөлүгүн алып ишти биринчи инстанциядагы соттун кайра карап чыгуусуна берүүгө; 3) аныктаманы толугу менен же бир бөлүгүн алып салууга, маселени маңызы боюнча чечүүгө жана ишти карап чыгуу үчүн биринчи инстанциядагы сотко берүүгө; 4) ишти жаңы кароого өткөрбөстөн, соттун аныктамасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга жана жаңы \[чечим\] чыгарууга. | 340-берене. Жеке даттанууну же талашы карап чыгууда апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары Апелляциялык инстанциядагы сот жеке даттанууну же талапты карап чыгып, төмөнкүлөргө укуктуу: 1) соттун аныктамасын - өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну же талапты канааттандырбастан калтырууга; 2) аныктаманы толугу менен же бир бөлүгүн алып ишти биринчи инстанциядагы соттун кайра карап чыгуусуна берүүгө; 3) аныктаманы толугу менен же бир бөлүгүн алып салууга, маселени маңызы боюнча чечүүгө жана ишти карап чыгуу үчүн биринчи инстанциядагы сотко берүүгө; 4) ишти жаңы кароого өткөрбөстөн, соттун аныктамасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга жана жаңы АНЫКТАМА чыгарууга. |
| 342-берене. Көзөмөл тартибинде кайра каралышы мүмкүн болгон сот актылары \[Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун\] жарандык иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары ушул Кодекстин 339-статьясында саналган жактардын даттануулары жана талаптары боюнча соттук көзөмөл тартибинде кайра каралышы мүмкүн. | 342-берене. Көзөмөл тартибинде кайра каралышы мүмкүн болгон сот актылары АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ТАРТИПТЕ ОБЛУСТУК СОТТУН СОТТУК КОЛЛЕГИЯСЫНДА КАРАЛГАН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ УШУЛ КОДЕКС МЕНЕН КАРАЛГАН УЧУРДА, АНЫ ЧЫГАРГАН УЧУРДАН ТАРТЫП МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОРДУН АКТЫЛАРЫ жарандык иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары ушул Кодекстин 339-статьясында саналган жактардын даттануулары жана талаптары боюнча соттук көзөмөл тартибинде кайра каралышы мүмкүн. |
| 344-берене. Көзөмөл тартибинде даттанууларды же талаптарды берүү мөөнөтү Даттануулар же талаптар автордук же мурас укуктар боюнча - соттун актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып жетимиш беш жылдын ичинде, ал эми калган иштер боюнча - бир жылдын, шайлоо укуктарын коргоо боюнча - \[он күндүн\] ичинде берилиши мүмкүн. Ишти караганда сот жыйналыштарына катышпай калган арыз берүүчү даттанылып жаткан сот актысын кабыл алуу фактысын же бул актынын мазмунун билбей калгандыгын далилдей алган учурлардан башка учурларда даттануу берүүнүн же көзөмөл тартибинде талап берүүнүн процесстик мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт. | 344-берене. Көзөмөл тартибинде даттанууларды же талаптарды берүү мөөнөтү Даттануулар же талаптар автордук же мурас укуктар боюнча - соттун актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып жетимиш беш жылдын ичинде, ал эми калган иштер боюнча - бир жылдын, шайлоо укуктарын коргоо боюнча - ҮЧ КҮНДҮН ичинде берилиши мүмкүн. Ишти караганда сот жыйналыштарына катышпай калган арыз берүүчү даттанылып жаткан сот актысын кабыл алуу фактысын же бул актынын мазмунун билбей калгандыгын далилдей алган учурлардан башка учурларда даттануу берүүнүн же көзөмөл тартибинде талап берүүнүн процесстик мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт. |
| 345-берене. Даттануунун же талаптын мазмуну 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлгөн даттануу же талап төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу же талап жиберилген кызмат адамынын аталышын; 2) даттанууну же талапты берген жактын аталышын, анын жашаган же турган жерин жана иштеги процесстик абалын; 3) ишке катышкан башка жактардын аталышын, алардын жашаган же турган жерин; 4) ишти биринчи, апелляциялык, \[кассациялык\] инстанцияларда караган соттордун аталышын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин мазмунун; 5) соттун даттанылып жаткан актысынын көрсөтүлүшүн; 6) мыйзамдын бузулушу эмнеде экендигинин көрсөтүлүшүн; 7) даттанууну же талапты берген жактын өтүнүчүн. Эгерде көзөмөл иретинде даттанууну же талапты ишке катышпаган жак берсе, аларда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы тарабынан адамдын кандай укуктары же мыйзам тарабынан корголуучу таламдары же мамлекеттин же коомдун кандай таламдары бузулгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде көзөмөл даттануусу мурда көзөмөл инстанциясына берилген болсо, анда бул жөнүндө жана даттануу же талап боюнча кабыл алынган соттун чечими жөнүндө көрсөтүлүүгө тийиш. 2. Даттанууга даттанууну берген адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш, ал эми талапка ыйгарым укуктуу адам кол коет. Өкүл тарабынан берилген көзөмөл даттануусуна ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган башка документ тиркелүүгө тийиш. | 345-берене. Даттануунун же талаптын мазмуну 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлгөн даттануу же талап төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу же талап жиберилген кызмат адамынын аталышын; 2) даттанууну же талапты берген жактын аталышын, анын жашаган же турган жерин жана иштеги процесстик абалын; 3) ишке катышкан башка жактардын аталышын, алардын жашаган же турган жерин; 4) ИШТИ БИРИНЧИ, АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯЛАРДА КАРАГАН СОТТОРДУН АТАЛЫШЫН ЖАНА АЛАР ТАРАБЫНАН КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМДЕРДИН МАЗМУНУН; 5) соттун даттанылып жаткан актысынын көрсөтүлүшүн; 6) мыйзамдын бузулушу эмнеде экендигинин көрсөтүлүшүн; 7) даттанууну же талапты берген жактын өтүнүчүн. Эгерде көзөмөл иретинде даттанууну же талапты ишке катышпаган жак берсе, аларда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы тарабынан адамдын кандай укуктары же мыйзам тарабынан корголуучу таламдары же мамлекеттин же коомдун кандай таламдары бузулгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде көзөмөл даттануусу мурда көзөмөл инстанциясына берилген болсо, анда бул жөнүндө жана даттануу же талап боюнча кабыл алынган соттун чечими жөнүндө көрсөтүлүүгө тийиш. 2. Даттанууга даттанууну берген адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш, ал эми талапка ыйгарым укуктуу адам кол коет. Өкүл тарабынан берилген көзөмөл даттануусуна ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган башка документ тиркелүүгө тийиш. |
| \[348-берене. Ишти даттануулар жана талаптар боюнча көзөмөл тартибинде караган сот 1. Биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттор жарандык иштер боюнча чыгарган, мыйзамдуу күчүнө кирген актыларга даттануулар жана талаптар боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан каралат. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы апелляциялык же кассациялык тартипте областтык соттун сот коллегиялары тарабынан каралган иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына даттануулар жана талаптар боюнча жарандык иштерди карайт. 3. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды). 4. Эгерде райондук соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине прокурордун көзөмөлдүк даттануусу же талабы областтык сот тарабынан каралбаса, эгерде ушул Кодекстин 344-статьясынын биринчи бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө өтүп кетпесе, андан даттануу же талап областтык соттун кассациялык инстанциясына кароо үчүн жиберилүүгө тийиш. Жиберилген даттануу же талап кассациялык тартипте милдеттүү түрдө каралууга тийиш.\] | 348-БЕРЕНЕ. ИШТИ ДАТТАНУУЛАР ЖАНА ТАЛАПТАР БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛ ТАРТИБИНДЕ КАРАГАН СОТ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ЖАРАНДЫК ИШТЕР БОЮНЧА СОТ КОЛЛЕГИЯСЫ ЖЕ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА СОТ КОЛЛЕГИЯСЫ АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ТАРТИПТЕ ОБЛАСТТЫК СОТТУН СОТ КОЛЛЕГИЯЛАРЫ ТАРАБЫНАН КАРАЛГАН ИШТЕР БОЮНЧА МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН СОТ АКТЫЛАРЫНА ДАТТАНУУЛАР ЖАНА ТАЛАПТАР БОЮНЧА ЖАРАНДЫК ИШТЕРДИ КАРАЙТ. |
| 351-берене. Даттанууну жана талап кылууну кароо тартиби 1. Көзөмөлдүк тартибинде даттанууну жана талап кылууну кароодо ушул Кодекстин III бөлүмүндө баяндалган эрежелер, ушул главада каралган алып коюулар жана толуктоолор менен колдонулат. 2. Көзөмөл тартибиндеги даттануусу же талабы бар иштер келип түшкөн учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы же анын орунбасары сот коллегиясынын соттук курамын түзөт жана иш боюнча төрагалык кылуучуну жана баяндамачы-судьяны аныктайт. Зарылчылык болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы бир сот коллегиясынын судьяларын башка соттук коллегиянын курамындагы ишти кароого тарта алат. 3. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алып салынды). 4. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегиясынын соттук курамы караган учурда соттун отурумуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын тапшыруусу боюнча төрагалык кылуучунун милдеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларынын төрагаларынын бирине же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясына жүктөлөт. Жарандык ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы караган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы, же сот коллегиясынын төрагасы, же алардын тапшыруусу боюнча баяндамачы-судья иш боюнча баяндама жасайт. 5. Ишке катышкан жактар, алардын өкүлдөрү иш боюнча баяндамадан кийин түшүндүрмө беришет. 6. Көзөмөл инстанциядагы соттун отурумунда протоколду отурумдун катчысы жүргүзөт. Протоколго төрагалык кылуучу жана соттун отурумунун катчысы кол коет. \[7. Ишке катышуучу, ишти кароо убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабар кылынган адамдардын соттун отурумуна келбей коюшу ишти териштирүүгө жолтоо болуп саналбайт.\] | 351-берене. Даттанууну жана талап кылууну кароо тартиби 1. Көзөмөлдүк тартибинде даттанууну жана талап кылууну кароодо ушул Кодекстин III бөлүмүндө баяндалган эрежелер, ушул главада каралган алып коюулар жана толуктоолор менен колдонулат. 2. Көзөмөл тартибиндеги даттануусу же талабы бар иштер келип түшкөн учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы же анын орунбасары сот коллегиясынын соттук курамын түзөт жана иш боюнча төрагалык кылуучуну жана баяндамачы-судьяны аныктайт. Зарылчылык болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы бир сот коллегиясынын судьяларын башка соттук коллегиянын курамындагы ишти кароого тарта алат. 3. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алып салынды). 4. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегиясынын соттук курамы караган учурда соттун отурумуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын тапшыруусу боюнча төрагалык кылуучунун милдеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларынын төрагаларынын бирине же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясына жүктөлөт. Жарандык ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы караган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы, же сот коллегиясынын төрагасы, же алардын тапшыруусу боюнча баяндамачы-судья иш боюнча баяндама жасайт. 5. Ишке катышкан жактар, алардын өкүлдөрү иш боюнча баяндамадан кийин түшүндүрмө беришет. 6. Көзөмөл инстанциядагы соттун отурумунда протоколду отурумдун катчысы жүргүзөт. Протоколго төрагалык кылуучу жана соттун отурумунун катчысы кол коет. 7. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| 354-берене. Ишти кароонун чектери 1. Ишти көзөмөл тартибинде караган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту биринчи, апелляциялык \[жана кассациялык инстанциядагы\] соттор иште болгон материалдар боюнча укуктун ченемдерин даттануунун же талаптын жүйөөлөрүнүн чектеринде туура колдонгондугун текшерет. 2. Мыйзамдуулуктун таламында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту даттануунун, талаптын чегинен чыга алат. | 354-берене. Ишти кароонун чектери 1. Ишти көзөмөл тартибинде караган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту биринчи, апелляциялык СОТТУК АКТЫЛАРДЫН НЕГИЗДҮҮЛҮГҮН соттор иште болгон материалдар боюнча укуктун ченемдерин даттануунун же талаптын жүйөөлөрүнүн чектеринде туура колдонгондугун текшерет. 2. Мыйзамдуулуктун таламында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту даттануунун, талаптын чегинен чыга алат. |
| 356-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы ишти көзөмөл тартибинде караганда төмөнкүдөй укуктарга ээ: 1) биринчи, апелляциялык \[же кассациялык\] инстанциядагы соттун соттук актысын күчүндө калтырууга, ал эми даттанууну же өтүнүчтү - канааттандырбастан калтырууга; 2) иш боюнча мурда чыгарылган чечимдердин бирин күчүндө калтырууга; 3) эгерде материалдык укуктун ченемдерин колдонууда каталыкка жол берилсе, биринчи, апелляциялык \[же кассациялык\] инстанциядагы соттун актысын жокко чыгарууга же болбосо өзгөртүүгө жана ишти жаңыдан кароого жибербестен жаңы чечим чыгарууга; 4) биринчи, апелляциялык \[же кассациялык\] инстанциядагы соттун актысын толугу менен же бөлүгүн жокко чыгарууга жана арызды карабастан калтырууга же иш боюнча өндүрүштү токтотууга; 5) биринчи, апелляциялык \[же кассациялык инстанциядагы\] соттун актысын толугу менен же бөлүгүн жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жиберүүгө. | 356-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы ишти көзөмөл тартибинде караганда төмөнкүдөй укуктарга ээ: 1) БИРИНЧИ, АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТУН СОТТУК АКТЫСЫН КҮЧҮНДӨ КАЛТЫРУУГА, АЛ ЭМИ ДАТТАНУУНУ ЖЕ ӨТҮНҮЧТҮ - КАНААТТАНДЫРБАСТАН КАЛТЫРУУГА; 2) иш боюнча мурда чыгарылган чечимдердин бирин күчүндө калтырууга; 3) ЭГЕРДЕ МАТЕРИАЛДЫК УКУКТУН ЧЕНЕМДЕРИН КОЛДОНУУДА КАТАЛЫККА ЖОЛ БЕРИЛСЕ, БИРИНЧИ, АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТУН АКТЫСЫН ЖОККО ЧЫГАРУУГА ЖЕ БОЛБОСО ӨЗГӨРТҮҮГӨ ЖАНА ИШТИ ЖАҢЫДАН КАРООГО ЖИБЕРБЕСТЕН ЖАҢЫ ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУГА; 4) БИРИНЧИ, АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТУН АКТЫСЫН ТОЛУГУ МЕНЕН ЖЕ БӨЛҮГҮН ЖОККО ЧЫГАРУУГА ЖАНА АРЫЗДЫ КАРАБАСТАН КАЛТЫРУУГА ЖЕ ИШ БОЮНЧА ӨНДҮРҮШТҮ ТОКТОТУУГА; 5) биринчи, апелляциялык ИНСТАНЦИЯДАГЫ соттун актысын толугу менен же бөлүгүн жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жиберүүгө. |
| 357-берене. Көзөмөл тартибинде сот актысын алып салуу же өзгөртүү үчүн негиздер 1. Укук ченемдерин орчундуу бузулушу же туура эмес колдонулушу, соттук актылардын негизсиздиги, ошондой эле соттук акты негизделген мыйзамды Кыргыз Республикасынын \[Конституциялык соту\] Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмес деп табышы соттук актыларды көзөмөл тартибинде жокко чыгарууга же өзгөртүүгө карата негиз болот. 2. Сот актысы формалдуу ой жоруулар боюнча алып коюлушу мүмкүн эмес. 3. Сот актысы иш боюнча өндүрүштү токтотуу же ушул Кодекстин 221- жана 223-статьяларын көрсөтүлгөн негиздер боюнча арызды кароосуз калтыруу менен көзөмөл тартибинде алып коюлууга тийиш. | 357-берене. Көзөмөл тартибинде сот актысын алып салуу же өзгөртүү үчүн негиздер 1. Укук ченемдерин орчундуу бузулушу же туура эмес колдонулушу, соттук актылардын негизсиздиги, ошондой эле соттук акты негизделген мыйзамды Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмес деп табышы соттук актыларды көзөмөл тартибинде жокко чыгарууга же өзгөртүүгө карата негиз болот. 2. Сот актысы формалдуу ой жоруулар боюнча алып коюлушу мүмкүн эмес. 3. Сот актысы иш боюнча өндүрүштү токтотуу же ушул Кодекстин 221- жана 223-статьяларын көрсөтүлгөн негиздер боюнча арызды кароосуз калтыруу менен көзөмөл тартибинде алып коюлууга тийиш. |
| 358-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актылары 1. Көзөмөл тартибинде даттанууну же талап кылууну кароонун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соту токтом же аныктама чыгарат, ал кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судьялар добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Сот отурумунда төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 1) токтомду кабыл алган соттун аталышы, токтом кабыл алынган күн жана орду, токтомду кабыл алган соттун курамы, токтом чыгарылган иш; 2) даттанган же талап кылган жак, ишти кароого катышкан жак; 3) биринчи, аппеляциялык \[жана кассациялык\] инстанцияларда ишти караган соттун аталышы, сот актысы чыгарылган күн, ишти караган судьялардын курамы; 4) иш боюнча учурда чыгарылган сот актысынын маңызынын кыскача баяндалышы; 5) көзөмөл тартибинде берилген даттанууга же талап кылууга каршы пикир; 6) көзөмөлдүк инстанцияда сот отурумуна катышкан жактардын түшүнүктөрү; 7) ишке катышкан жактар таянган, сот алар боюнча мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды колдонбой турган жүйөөлөр, ошондой эле токтом кабыл алууда сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар; 8) сот актысын алып салууда же өзгөртүүдө көзөмөлдүк инстанциядагы сот биринчи, апелляциялык \[жана кассациялык\] инстанциядагы соттун тыянагы менен макул болбогон жүйөөлөр; 9) даттанууларды же талап кылууларды кароонун натыйжасы боюнча тыянактар; 10) эгерде иш жаңы кароого берилсе тараптар жана сот аткарууга тийиш болгон аракеттер; 11) соттук чыгымдардын тараптардын ортосунда бөлүштүрүүгө берилген көрсөтмө көрсөтүлүүгө тийиш. 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомуна жана аныктамасына төрагалык кылуучу жана сот коллегиясындагы ишти кароого катышкан судьялар кол коюшат. 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому дароо чыгарылат жана жарыя кылынат. Өтө татаал иштер боюнча жүйөөлүү токтомду түзүү керек болгон өзгөчө учурларда ал он күндүк мөөнөткө чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок токтомдун ишти кароого катышкан бардык судьялар кол койгон резолюциялык бөлүгү ошол эле жыйналышта жарыя кылынат. 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишти кароодо өзгөчө пикирде калган судьясы аны жазуу жүзүндө баяндап берет. Судьянын өзгөчө пикири сот отурумунда жарыя кылынбайт, бирок ишке тиркелет. | 358-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актылары 1. Көзөмөл тартибинде даттанууну же талап кылууну кароонун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соту токтом же аныктама чыгарат, ал кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судьялар добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Сот отурумунда төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 1) токтомду кабыл алган соттун аталышы, токтом кабыл алынган күн жана орду, токтомду кабыл алган соттун курамы, токтом чыгарылган иш; 2) даттанган же талап кылган жак, ишти кароого катышкан жак; 3) БИРИНЧИ, АППЕЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯЛАРДА ИШТИ КАРАГАН СОТТУН АТАЛЫШЫ, СОТ АКТЫСЫ ЧЫГАРЫЛГАН КҮН, ИШТИ КАРАГАН СУДЬЯЛАРДЫН КУРАМЫ; 4) иш боюнча учурда чыгарылган сот актысынын маңызынын кыскача баяндалышы; 5) көзөмөл тартибинде берилген даттанууга же талап кылууга каршы пикир; 6) көзөмөлдүк инстанцияда сот отурумуна катышкан жактардын түшүнүктөрү; 7) ишке катышкан жактар таянган, сот алар боюнча мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды колдонбой турган жүйөөлөр, ошондой эле токтом кабыл алууда сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар; 8) СОТ АКТЫСЫН АЛЫП САЛУУДА ЖЕ ӨЗГӨРТҮҮДӨ КӨЗӨМӨЛДҮК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТ БИРИНЧИ, АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТУН ТЫЯНАГЫ МЕНЕН МАКУЛ БОЛБОГОН ЖҮЙӨӨЛӨР; 9) даттанууларды же талап кылууларды кароонун натыйжасы боюнча тыянактар; 10) эгерде иш жаңы кароого берилсе тараптар жана сот аткарууга тийиш болгон аракеттер; 11) соттук чыгымдардын тараптардын ортосунда бөлүштүрүүгө берилген көрсөтмө көрсөтүлүүгө тийиш. 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомуна жана аныктамасына төрагалык кылуучу жана сот коллегиясындагы ишти кароого катышкан судьялар кол коюшат. 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому дароо чыгарылат жана жарыя кылынат. Өтө татаал иштер боюнча жүйөөлүү токтомду түзүү керек болгон өзгөчө учурларда ал он күндүк мөөнөткө чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок токтомдун ишти кароого катышкан бардык судьялар кол койгон резолюциялык бөлүгү ошол эле жыйналышта жарыя кылынат. 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишти кароодо өзгөчө пикирде калган судьясы аны жазуу жүзүндө баяндап берет. Судьянын өзгөчө пикири сот отурумунда жарыя кылынбайт, бирок ишке тиркелет. |
| 362-берене. Жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча сот актыларын кайра караган соттор 1. Биринчи, апелляциялык, \[кассациялык\] жана көзөмөл инстанциясындагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча ал актыны кабыл алган сот тарабынан кайра каралат. 2. Соттун чечимин өзгөрткөн же жана чечим чыгарган көзөмөл инстанциясынын соттук актыларын жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароону чечимде өзгөрткөн же жаңы чечим чыгарган сот жүргүзөт. | 362-берене. Жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча сот актыларын кайра караган соттор 1. БИРИНЧИ, АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ЖАНА КӨЗӨМӨЛ ИНСТАНЦИЯСЫНДАГЫ СОТТОРДУН МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН АКТЫЛАРЫ ЖАҢЫДАН ПАЙДА БОЛГОН ЖАГДАЙЛАР БОЮНЧА АЛ АКТЫНЫ КАБЫЛ АЛГАН СОТ ТАРАБЫНАН КАЙРА КАРАЛАТ. 2. Соттун чечимин өзгөрткөн же жана чечим чыгарган көзөмөл инстанциясынын соттук актыларын жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароону чечимде өзгөрткөн же жаңы чечим чыгарган сот жүргүзөт. |
| 363-берене. Арызды берүү Сот актысын жаңыдан келип чыккан жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз же талап ишке катышы бар жактар тарабынан ишти биринчи инстанцияда караган сотко, кайра кароо үчүн негиз болуучу жагдайлар аныкталгандан кийин үч айдын ичинде, \[бирок кайра каралуучу сот актысы чыгарылган учурдан тартып бир жылдан кеч эмес берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр калыбына келтирилүүгө жатпайт.\] | 363-берене. Арызды берүү Сот актысын жаңыдан келип чыккан жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз же талап ишке катышы бар жактар тарабынан ишти биринчи инстанцияда караган сотко, кайра кароо үчүн негиз болуучу жагдайлар аныкталгандан кийин үч айдын ичинде БЕРИЛЕТ. КӨРСӨТҮЛГӨН МӨӨНӨТ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮГӨ ЖАТПАЙТ. |
| 364-берене. Арыз берүү үчүн мөөнөттү эсептөө Арыз берүү үчүн мөөнөт төмөнкү учурларда эсептелет: 1) ушул Кодекстин 361-статьясынын 2-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурларда иш үчүн олуттуу мааниси бар жагдайлар ачылган күндөн баштап; 2) ушул Кодекстин 361-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасында каралган учурларда сот актысы негизделген мыйзамды Кыргыз Республикасынын \[Конституциялык соту\] Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбей тургандыгы жөнүндө чечим чыгарган күндөн баштап; 3) ушул Кодекстин 361-статьясынын 2-пунктунун 3- жана 4-пунктчаларында каралган учурларда кылмыш иши боюнча өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап; 4) ушул Кодекстин 361-статьясынын 2-пунктунун 5-пунктчасында каралган учурларда сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген же өз маңызы боюнча сот актысына карама-каршы келген башка органдын токтому же каралып жаткан сот актысы негизделген токтом чыгарылган күндөн баштап. | 364-берене. Арыз берүү үчүн мөөнөттү эсептөө Арыз берүү үчүн мөөнөт төмөнкү учурларда эсептелет: 1) ушул Кодекстин 361-статьясынын 2-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурларда иш үчүн олуттуу мааниси бар жагдайлар ачылган күндөн баштап; 2) ушул Кодекстин 361-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасында каралган учурларда сот актысы негизделген мыйзамды Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбей тургандыгы жөнүндө чечим чыгарган күндөн баштап; 3) ушул Кодекстин 361-статьясынын 2-пунктунун 3- жана 4-пунктчаларында каралган учурларда кылмыш иши боюнча өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап; 4) ушул Кодекстин 361-статьясынын 2-пунктунун 5-пунктчасында каралган учурларда сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген же өз маңызы боюнча сот актысына карама-каршы келген башка органдын токтому же каралып жаткан сот актысы негизделген токтом чыгарылган күндөн баштап. |
| 366-берене. Ишти кайра кароо жөнүндө соттун аныктамасы 1. Жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндөгү арызды же талап кылууну карап чыгып, сот арызды канааттандырат жана сот актысын алып салат, же аны кайра кароодон баш тартат. 2. Биринчи инстанциядагы соттун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктамасына ушул Кодекстин 40-главасында каралган тартипте даттанууга болот. Апелляциялык, \[кассациялык инстанциялардагы\] соттун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктамасына ушул Кодекстин 41-главасында каралган тартипте даттанууга болот. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктамасына даттанууга болбойт. 3. Сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же талап кылуу канааттандырылган учурда иш сот тарабынан жалпы негизде ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча каралат. | 366-берене. Ишти кайра кароо жөнүндө соттун аныктамасы 1. Жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндөгү арызды же талап кылууну карап чыгып, сот арызды канааттандырат жана сот актысын алып салат, же аны кайра кароодон баш тартат. 2. Биринчи инстанциядагы соттун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктамасына ушул Кодекстин 40-главасында каралган тартипте даттанууга болот. Апелляциялык, ИНСТАНЦИЯДАГЫ соттун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктамасына ушул Кодекстин 41-главасында каралган тартипте даттанууга болот. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктамасына даттанууга болбойт. 3. Сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же талап кылуу канааттандырылган учурда иш сот тарабынан жалпы негизде ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча каралат. |
| 377-берене. Соттук иммунитет 1. Кыргыз Республикасынын сотунда чет мамлекетке доо коюу, аны ишке жоопкер же үчүнчү жак катары катышууга тартуу, чет мамлекетке таандык жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган анын мүлкүнө арест коюу жана ага карата доону камсыз кылуу боюнча башка чараларды көрүү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же \[эл аралык келишимдеринде\] башкасы каралбаса, тийиштүү мамлекеттин компетенттүү органдарынын макулдугу менен гана жол берилет. 2. Эл аралык уюмдардын соттук иммунитети мыйзамдар, эл аралык келишимдер жана ал уюмдардын Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен макулдашуулары менен аныкталат. 3. Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же \[эл аралык келишимдеринде\] көрсөтүлгөн башка жактар эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдери же \[Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери\] менен аныкталган чектерде жарандык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун юрисдикциясына жатат. | 377-берене. Соттук иммунитет 1. Кыргыз Республикасынын сотунда чет мамлекетке доо коюу, аны ишке жоопкер же үчүнчү жак катары катышууга тартуу, чет мамлекетке таандык жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган анын мүлкүнө арест коюу жана ага карата доону камсыз кылуу боюнча башка чараларды көрүү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ башкасы каралбаса, тийиштүү мамлекеттин компетенттүү органдарынын макулдугу менен гана жол берилет. 2. Эл аралык уюмдардын соттук иммунитети мыйзамдар, эл аралык келишимдер жана ал уюмдардын Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен макулдашуулары менен аныкталат. 3. Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ көрсөтүлгөн башка жактар эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдери же КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ менен аныкталган чектерде жарандык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун юрисдикциясына жатат. |
| 378-берене. Соттук тапшырмалар 1. Кыргыз Республикасынын соттору аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же \[эл аралык келишимдеринде\] белгиленген тартипте берилген айрым процесстик аракеттерди (билдирмени жана башка документтерди тапшыруу, тараптардын түшүндүрмөлөрүн, күбөлөрдүн далилдерин, эксперттердин жана жеринде барып кароонун корутундуларын алуу) аткаруу жөнүндө чет өлкөлүк соттордун тапшырмасын аткарат. 2. Төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылууга жатпайт: 1) эгерде тапшырманы аткаруу Кыргыз Республикасынын суверенитетине карама-каршы келип же анын коопсуздугуна коркунуч келтирсе; 2) эгерде тапшырманы аткаруу соттун компетенциясына кирбесе. 3. Чет өлкөлүк соттордун тапшырмаларын аткаруу, \[эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкасы каралбаса,\] Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 4. Кыргыз Республикасынын соттору чет өлкөлүк сотторго айрым процесстик аракеттерди аткаруу жөнүндө тапшырма менен кайрыла алат. Соттордун чет өлкөлүк соттор менен катнашуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана \[эл аралык келишимдери\] менен аныкталат. | 378-берене. Соттук тапшырмалар 1. Кыргыз Республикасынын соттору аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ белгиленген тартипте берилген айрым процесстик аракеттерди (билдирмени жана башка документтерди тапшыруу, тараптардын түшүндүрмөлөрүн, күбөлөрдүн далилдерин, эксперттердин жана жеринде барып кароонун корутундуларын алуу) аткаруу жөнүндө чет өлкөлүк соттордун тапшырмасын аткарат. 2. Төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылууга жатпайт: 1) эгерде тапшырманы аткаруу Кыргыз Республикасынын суверенитетине карама-каршы келип же анын коопсуздугуна коркунуч келтирсе; 2) эгерде тапшырманы аткаруу соттун компетенциясына кирбесе. 3. Чет өлкөлүк соттордун тапшырмаларын аткаруу, ЖЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 4. Кыргыз Республикасынын соттору чет өлкөлүк сотторго айрым процесстик аракеттерди аткаруу жөнүндө тапшырма менен кайрыла алат. Соттордун чет өлкөлүк соттор менен катнашуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ менен аныкталат. |
| 379-берене. Чет мамлекеттин органдары берген документтерди таануу Кыргыз Республикасынан тышкары эмес жерде чет мамлекеттердин мыйзамдары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына жана уюмдарына же чет өлкөлүк жактарга карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары берген, түзгөн же белгиленген формада ырастаган документтер Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же \[эл аралык келишимдери\] менен башкасы каралбаса, консулдук легализациясы бар болсо кабыл алынат. Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасындагы сотко берилген учурда мамлекеттик же расмий тилдеги тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн котормо менен коштолууга тийиш. | 379-берене. Чет мамлекеттин органдары берген документтерди таануу Кыргыз Республикасынан тышкары эмес жерде чет мамлекеттердин мыйзамдары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына жана уюмдарына же чет өлкөлүк жактарга карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары берген, түзгөн же белгиленген формада ырастаган документтер Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ менен башкасы каралбаса, консулдук легализациясы бар болсо кабыл алынат. Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасындагы сотко берилген учурда мамлекеттик же расмий тилдеги тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн котормо менен коштолууга тийиш. |
| 380-берене. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу 1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же \[эл аралык келишимдеринде\] башкасы каралбаса, же болбосо өз ара жардамдашуунун негизинде чет өлкөлүк соттордун чечимдери Кыргыз Республикасында таанышат жана аткарылат. 2. Чет өлкөлүк соттун чечими мажбурлап аткарууга ал чечим мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан баштап үч жыл ичинде коюлушу мүмкүн. Жүйөөлүү себептер боюнча өткөрүлгөн мөөнөт сот тарабынан ушул Кодекстин 122-статьясындагы тартипте калыбына келтирилиши мүмкүн. | 380-берене. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу 1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ башкасы каралбаса, же болбосо өз ара жардамдашуунун негизинде чет өлкөлүк соттордун чечимдери Кыргыз Республикасында таанышат жана аткарылат. 2. Чет өлкөлүк соттун чечими мажбурлап аткарууга ал чечим мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан баштап үч жыл ичинде коюлушу мүмкүн. Жүйөөлүү себептер боюнча өткөрүлгөн мөөнөт сот тарабынан ушул Кодекстин 122-статьясындагы тартипте калыбына келтирилиши мүмкүн. |
| 392-берене. Соттун кабарламасы 1. Экономикалык ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары соттун отурумунун же өзүнчө процесстик аракетти жүргүзүү убактысы жана орду жөнүндө аныктама менен сот тарабынан соттук актынын көчүрмөсүн почта аркылуу тапшырык-катты жөнөтүү жолу менен кабарландырылат, мында ал адресатка тапшырылгандыгы маалымдалат. Кечиктирүүгө болбой турган учурларда сот ишке катышып жаткан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын телефонограмма, телеграмма менен, факсимилдик байланыш же электрондук почта аркылуу же башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен кабарлап же чакырта алат. Мында сотто кала турган жана ишке тиркелген тексттин көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны өткөрүп берген күнү жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Эгерде соттук актынын көчүрмөсү адресатка же анын өкүлүнө түздөн-түз сотто же ал турган жерде тапшырылса, мындай тапшыруу кол койдуруу менен жүргүзүлөт. 2. Ал боюнча процесстин катышуучулары кабарландырыла же чакыртыла турган соттук акт төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 1) соттун аталышын жана дарегин; 2) соттун отурумунун же өзүнчө процесстик аракетти жүргүзүүнүн убактысын жана ордун; 3) кабарландыруучу же сотко чакыртылуучу жактын аталышын; 4) кабарландырууга же чакыртууга негиз болгон иштин аталышын, ошондой эле кандай жак катары чакыртылып жаткандыгынын көрсөтүүсүн; 5) кабарландырылып же чакыртылып жаткан жак кандай аракеттерди жана кандай мөөнөткө карата жасоого укуктуу же милдеттүү экендигинин көрсөтүүсү. 3. Кабарларды сот ишке катышып жаткан жак көрсөткөн дарекке же юридикалык жак турган жерге же жеке ишкер жашаган жерге жиберет. Эгерде мыйзамга ылайык уюмдаштыруу документтеринде башкасы белгиленбесе, юридикалык жактын турган жери ал мамлекеттик каттоодон өткөн жер менен аныкталат. 4. Эгерде адресат соттук актынын көчүрмөсүн кабыл алуудан, алуудан баш тартса, аны жеткирип же тапшырып жаткан адам сотко кайра кайтарылууга тийиш болгон тапшыруу жөнүндө маалымдамага же соттук актынын көчүрмөсүнө баш тартылгандыгы жөнүндө жазып коюу жолу менен аны белгилейт. 5. Эгерде бул Кодексте же \[Кыргыз Республикасынын эларалык келишиминде\] башкасы каралбаса, чет өлкөлүк жактарга сот ушул главада белгиленген эрежелер боюнча кабарлайт. 6. Сот соттук актылардын көчүрмөлөрүн жөнөткөндүгүн жана аларды адресат алгандыгын тастыктаган документтер ушул статьяда белгиленген тартипте (тапшыргандыгы жөнүндө билдирүү, тилкат, дагы башка документтер) иштин материалдарына тиркелет. | 392-берене. Соттун кабарламасы 1. Экономикалык ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары соттун отурумунун же өзүнчө процесстик аракетти жүргүзүү убактысы жана орду жөнүндө аныктама менен сот тарабынан соттук актынын көчүрмөсүн почта аркылуу тапшырык-катты жөнөтүү жолу менен кабарландырылат, мында ал адресатка тапшырылгандыгы маалымдалат. Кечиктирүүгө болбой турган учурларда сот ишке катышып жаткан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын телефонограмма, телеграмма менен, факсимилдик байланыш же электрондук почта аркылуу же башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен кабарлап же чакырта алат. Мында сотто кала турган жана ишке тиркелген тексттин көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны өткөрүп берген күнү жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Эгерде соттук актынын көчүрмөсү адресатка же анын өкүлүнө түздөн-түз сотто же ал турган жерде тапшырылса, мындай тапшыруу кол койдуруу менен жүргүзүлөт. 2. Ал боюнча процесстин катышуучулары кабарландырыла же чакыртыла турган соттук акт төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 1) соттун аталышын жана дарегин; 2) соттун отурумунун же өзүнчө процесстик аракетти жүргүзүүнүн убактысын жана ордун; 3) кабарландыруучу же сотко чакыртылуучу жактын аталышын; 4) кабарландырууга же чакыртууга негиз болгон иштин аталышын, ошондой эле кандай жак катары чакыртылып жаткандыгынын көрсөтүүсүн; 5) кабарландырылып же чакыртылып жаткан жак кандай аракеттерди жана кандай мөөнөткө карата жасоого укуктуу же милдеттүү экендигинин көрсөтүүсү. 3. Кабарларды сот ишке катышып жаткан жак көрсөткөн дарекке же юридикалык жак турган жерге же жеке ишкер жашаган жерге жиберет. Эгерде мыйзамга ылайык уюмдаштыруу документтеринде башкасы белгиленбесе, юридикалык жактын турган жери ал мамлекеттик каттоодон өткөн жер менен аныкталат. 4. Эгерде адресат соттук актынын көчүрмөсүн кабыл алуудан, алуудан баш тартса, аны жеткирип же тапшырып жаткан адам сотко кайра кайтарылууга тийиш болгон тапшыруу жөнүндө маалымдамага же соттук актынын көчүрмөсүнө баш тартылгандыгы жөнүндө жазып коюу жолу менен аны белгилейт. 5. Эгерде бул Кодексте же КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ башкасы каралбаса, чет өлкөлүк жактарга сот ушул главада белгиленген эрежелер боюнча кабарлайт. 6. Сот соттук актылардын көчүрмөлөрүн жөнөткөндүгүн жана аларды адресат алгандыгын тастыктаган документтер ушул статьяда белгиленген тартипте (тапшыргандыгы жөнүндө билдирүү, тилкат, дагы башка документтер) иштин материалдарына тиркелет. |
| 396-берене. Экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо 1. Райондор аралык соттор кабыл алган, мыйзамдуу күчүнө кире элек экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо ушул Кодекстин III бөлүмүнө ылайык областтык соттордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. \[Райондор аралык соттор кабыл алган, мыйзамдуу күчүнө кирген экономикалык иштер боюнча соттун чечимин кайра кароо ушул Кодекстин III бөлүмүнө ылайык кассациялык сот ишин жүргүзүү тартибинде областтык соттордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.\] Экономикалык иштер боюнча соттун чечимине даттануу ишке катышкан адамдар тарабынан биринчи инстанциядагы чечимди кабыл алган сот аркылуу областтык соттун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясына берилет. Сот актын кабыл алган сот даттанууну ал сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө иш менен бирге тиешелүү инстанцияга жөнөтөт. 2. Кыргыз Республикасынын сотторунун соттук актыларын көзөмөл тартибинде кайра кароо ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган эрежелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Көзөмөл тартибиндеги даттануулар ишке катышып жаткан адамдар тарабынан соттук актыны кабыл алган сот аркылуу экономикалык иш боюнча даттанылып жаткан соттук акт мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет. Соттук актыны кабыл алган сот көзөмөл тартибинде даттанууну иш менен бирге ал келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна жөнөтүүгө милдеттүү. | 396-берене. Экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо 1. Райондор аралык соттор кабыл алган, мыйзамдуу күчүнө кире элек экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо ушул Кодекстин III бөлүмүнө ылайык областтык соттордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. Экономикалык иштер боюнча соттун чечимине даттануу ишке катышкан адамдар тарабынан КИМДИН УКУКТАРЫ ЖЕ МЫЙЗАМ ТАРАБЫНАН КОРГОЛУУЧУ ТАЛАМДАРЫ ИШ БОЮНЧА ЧЫГАРЫЛГАН СОТТУН ЧЕЧИМИ МЕНЕН БУЗУЛСА, биринчи инстанциядагы чечимди кабыл алган сот аркылуу областтык соттун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясына берилет. Сот актын кабыл алган сот даттанууну ал сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө иш менен бирге тиешелүү инстанцияга жөнөтөт. 2. Кыргыз Республикасынын сотторунун соттук актыларын көзөмөл тартибинде кайра кароо ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган эрежелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Көзөмөл тартибиндеги даттануулар ишке катышып жаткан адамдар тарабынан соттук актыны кабыл алган сот аркылуу экономикалык иш боюнча даттанылып жаткан соттук акт мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет. Соттук актыны кабыл алган сот көзөмөл тартибинде даттанууну иш менен бирге ал келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна жөнөтүүгө милдеттүү. |
| \[398-берене. Кассациялык даттанууну кайра кайтаруу 1. Кассациялык даттануу областтык жана ага теңештирилген соттордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча (сот курамы) сот коллегиясы тарабынан төмөндөгүдөй негиздер боюнча кайра кайтарылат: 1) эгерде арызга кол коюлбаса же ага кол коюуга укуктуу адам же кызмат абалы көрсөтүлбөгөн адам кол койсо; 2) эгерде даттанууга анын, ошондой эле ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышып жаткан адамдарга жөнөтүлгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе; 3) эгерде арыз белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе жана өтүп мөөнөттү кайра калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч камтылбаса; 4) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды); 5) эгерде даттануу чечимди, аныктаманы, токтомду кабыл алган сотко көрсөтүлбөй туруп жөнөтүлсө; 6) эгерде даттануу материалдык укуктук ченемдерин же процесстик укуктун ченемдерин бузуу же туура эмес колдонуу эмнеде экендигин көрсөтүүнү камтышбаса; 7) эгерде даттануу берген адамдан аны кайра кайтаруу жөнүндө арыз келип түшсө. 2. Даттанууну кайта кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин арыз берген адам соттун чечимин, аныктамасын, токтомун кайра карап чыгуу жөнүндө арыз менен сотко ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн чектеринде жалпы тартипте кайра кайрылууга укуктуу.\] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| 418-берене. Аппеляциялык \[жана кассациялык инстанциядагы\] же көзөмөл тартибиндеги соттор тарабынан сот актысын аткарууну буруу тартиби 1. Ишти апелляциялык, \[кассациялык\] тартипте же көзөмөл тартибинде караган сот, эгерде ал өзүнүн актысы менен талашты биротоло чечсе, же иш боюнча өндүрүштү токтотсо, же арызды кароосуз калтырса, анда сот актысын аткарууну буруу тууралуу маселени чечүүгө же ишти чечүү үчүн биринчи инстанциядагы сотко берүүгө милдеттүү. 2. Эгерде жогору турган соттун актысында сот актысын аткарууну буруу тууралуу эч кандай көрсөтмө болбосо, анда жоопкер биринчи инстанциядагы сотко тиешелүү арызды берүүгө укуктуу. 3. Апелляциялык инстанциядагы сотто алимент төлөтүү жөнүндөгү иш боюнча соттун чечими бузулган учурда сот актысын аткарууну бурууга соттун бузулган актысы доогер тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга же берилген жалган документтерге негизделген учурда гана жол берилет. \[Кассациялык тартипте,\] көзөмөл тартибинде эмгек мамилелеринен келип чыккан талаптар боюнча акча каражаттарын төлөтүү жөнүндөгү; илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларына, аткарууга, ачылыштарга, ойлоп табууларга, пайдалуу тариздерге, өнөр жай үлгүлөрүнө карата укуктарды пайдалануу үчүн сыйакыларды төлөтүү жөнүндөгү, алименттерди төлөтүү жөнүндөгү, мертинүүдөн же ден соолуктун дагы башка бузулушунан, же баккан адамынын каза болушунан улам тарткан зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү иштер боюнча сот актысы бузулган учурда сот актысын аткарууну бурууга бузулган сот актысы доогер тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга же берилген жалган документтерге негизделген учурда гана жол берилет. | 418-берене. Аппеляциялык ИНСТАНЦИЯДАГЫ же көзөмөл тартибиндеги соттор тарабынан сот актысын аткарууну буруу тартиби 1. ИШТИ АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ТАРТИПТЕ ЖЕ КӨЗӨМӨЛ ТАРТИБИНДЕ КАРАГАН СОТ, ЭГЕРДЕ АЛ ӨЗҮНҮН АКТЫСЫ МЕНЕН ТАЛАШТЫ БИРОТОЛО ЧЕЧСЕ, ЖЕ ИШ БОЮНЧА ӨНДҮРҮШТҮ ТОКТОТСО, ЖЕ АРЫЗДЫ КАРООСУЗ КАЛТЫРСА, АНДА СОТ АКТЫСЫН АТКАРУУНУ БУРУУ ТУУРАЛУУ МАСЕЛЕНИ ЧЕЧҮҮГӨ ЖЕ ИШТИ ЧЕЧҮҮ ҮЧҮН БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТКО БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. 2. Эгерде жогору турган соттун актысында сот актысын аткарууну буруу тууралуу эч кандай көрсөтмө болбосо, анда жоопкер биринчи инстанциядагы сотко тиешелүү арызды берүүгө укуктуу. 3. Апелляциялык инстанциядагы сотто алимент төлөтүү жөнүндөгү иш боюнча соттун чечими бузулган учурда сот актысын аткарууну бурууга соттун бузулган актысы доогер тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга же берилген жалган документтерге негизделген учурда гана жол берилет. КӨЗӨМӨЛ ТАРТИБИНДЕ ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИНЕН КЕЛИП ЧЫККАН ТАЛАПТАР БОЮНЧА АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТӨЛӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ; ИЛИМДИН, АДАБИЯТТЫН ЖАНА ИСКУССТВОНУН ЧЫГАРМАЛАРЫНА, АТКАРУУГА, АЧЫЛЫШТАРГА, ОЙЛОП ТАБУУЛАРГА, ПАЙДАЛУУ ТАРИЗДЕРГЕ, ӨНӨР ЖАЙ ҮЛГҮЛӨРҮНӨ КАРАТА УКУКТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ ҮЧҮН СЫЙАКЫЛАРДЫ ТӨЛӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ, АЛИМЕНТТЕРДИ ТӨЛӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ, МЕРТИНҮҮДӨН ЖЕ ДЕН СООЛУКТУН ДАГЫ БАШКА БУЗУЛУШУНАН, ЖЕ БАККАН АДАМЫНЫН КАЗА БОЛУШУНАН УЛАМ ТАРТКАН ЗЫЯНДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ ЖӨНҮНДӨГҮ ИШТЕР БОЮНЧА СОТ АКТЫСЫ БУЗУЛГАН УЧУРДА СОТ АКТЫСЫН АТКАРУУНУ БУРУУГА БУЗУЛГАН СОТ АКТЫСЫ ДООГЕР ТАРАБЫНАН БИЛДИРИЛГЕН ЖАЛГАН МААЛЫМАТТАРГА ЖЕ БЕРИЛГЕН ЖАЛГАН ДОКУМЕНТТЕРГЕ НЕГИЗДЕЛГЕН УЧУРДА ГАНА ЖОЛ БЕРИЛЕТ. |
| 432-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арыздын мазмуну 1. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет жана ага төлөтүп алуучу же анын өкүлү кол коюуга тийиш. 2. Арызда төмөндөгүлөр камтылууга тийиш: 1) арыз берилип жаткан соттун аталышы; 2) чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан жери; 3) төлөтүп алуучунун, анын өкүлүнүн аталышы эгерде арыз өкүл тарабынан берилсе, анда алардын жашаган жерин же жүргөн жерин көрсөтүү; 4) карызкордун аталышы, анын жашаган жерин же жайгашкан жерин же карызкордун мүлкү жайгашкан жерди көрсөтүү; 5) төлөтүп алуучунун чечимди мажбурлап аткарууну таануу жана чечүү тууралуу же кайсы учурдан баштап аткаруу талап кылына тургандыгын көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчү; 6) тиркелген документтердин тизмеси. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арызда төлөтүп алуучунун, карызкордун жана алардын өкүлдөрүнүн телефондорунун, факстарынын номерлери, электрондук почтасынын дареги жана дагы башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн, эгерде алар ишти туура жана өз убагында кароо үчүн зарыл болсо. 3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арызга \[Кыргыз Республикасынын эларалык келишиминде\] белгиленген документтер, ал эми эгерде эларалык бул келишимде ал каралбаса, арызга төмөндөгүдөй документтер тиркелет; 1) төлөтүп алуучу таанууну жана аткартууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк соттун чечими же анын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 2) эгерде бул чечимдин текстинин өзүндө көрсөтүлбөсө, анда чет өлкөлүк соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө киргендигин тастыктаган расмий документ; 3) төлөтүп алуучу таанууну жана аткартууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк сотто иштин териштириле тургандыгы жөнүндө карызкорго өз убагында жана тиешелүү түрдө кабарландырылганын тастыктаган жана тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн документ; 4) эгерде чечим мурда тиешелүү чет мамлекеттин аймагында аткарылган болсо, анда чечимдин толук же жарым-жартылай аткарылгандыгы тууралуу документ; 5) сотко берилген арызга кол койгон кишинин ыйгарым укуктарын тиешелүү түрдө күбөлөндүргөн жана тастыктаган ишеним кат же дагы башка документ; 6) чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткартуу жөнүндөгү арыздын көчүрмөсү карызкорго | 432-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арыздын мазмуну 1. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет жана ага төлөтүп алуучу же анын өкүлү кол коюуга тийиш. 2. Арызда төмөндөгүлөр камтылууга тийиш: 1) арыз берилип жаткан соттун аталышы; 2) чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан жери; 3) төлөтүп алуучунун, анын өкүлүнүн аталышы эгерде арыз өкүл тарабынан берилсе, анда алардын жашаган жерин же жүргөн жерин көрсөтүү; 4) карызкордун аталышы, анын жашаган жерин же жайгашкан жерин же карызкордун мүлкү жайгашкан жерди көрсөтүү; 5) төлөтүп алуучунун чечимди мажбурлап аткарууну таануу жана чечүү тууралуу же кайсы учурдан баштап аткаруу талап кылына тургандыгын көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчү; 6) тиркелген документтердин тизмеси. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арызда төлөтүп алуучунун, карызкордун жана алардын өкүлдөрүнүн телефондорунун, факстарынын номерлери, электрондук почтасынын дареги жана дагы башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн, эгерде алар ишти туура жана өз убагында кароо үчүн зарыл болсо. 3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арызга КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ белгиленген документтер, ал эми эгерде эларалык бул келишимде ал каралбаса, арызга төмөндөгүдөй документтер тиркелет: 1) төлөтүп алуучу таанууну жана аткартууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк соттун чечими же анын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 2) эгерде бул чечимдин текстинин өзүндө көрсөтүлбөсө, анда чет өлкөлүк соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө киргендигин тастыктаган расмий документ; 3) төлөтүп алуучу таанууну жана аткартууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк сотто иштин териштириле тургандыгы жөнүндө карызкорго өз убагында жана тиешелүү түрдө кабарландырылганын тастыктаган жана тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн документ; 4) эгерде чечим мурда тиешелүү чет мамлекеттин аймагында аткарылган болсо, анда чечимдин толук же жарым-жартылай аткарылгандыгы тууралуу документ; 5) сотко берилген арызга кол койгон кишинин ыйгарым укуктарын тиешелүү түрдө күбөлөндүргөн жана тастыктаган ишеним кат же дагы башка документ; 6) чет өлкөлүк соттун чечимин |

---

> Текст кыскартылды: бул жерде документтин 393048 белгисинин алгачкы 249954 белгиси гана. Толук тексти - https://aqlex.ai/kg/doc/95451 барагында
