# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 704 "2011-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 704 "2011-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 704
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16799/edition/1143570/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 704 "2011-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө" токтому (04.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95444

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-ноябры № 704 2011-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын тиркелген мамлекеттик каталогу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 2014-жылдын 1-февралына чейин тиешелүү Техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү Техникалык регламентти бекиткенге чейин колдонуулары белгиленсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
