# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 703
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95442>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16798/edition/400223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95442.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (04.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95442

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-ноябры № 703 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Карышкырларга жана чөөлөргө каршы күрөштү күчөтүү жана республиканын аймагында алардын санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Жок кылынган карышкырлардын жана чөөлөрдүн терилерин өткөргөндүгү үчүн сыйлыктар төмөнкүдөй өлчөмдө (бир башы үчүн) белгиленсин: карышкыр үчүн (дөбөтү, канчыгы) - 5000 сом, карышкырдын бөлтүрүктөрү үчүн - 3500 сом, чөө үчүн - 3000 сом.".

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу, ошондой эле аңчыларга материалдык колдоо көрсөтүү боюнча иш-чараларды кошумча каржылоого 2011-жылы республикалык бюджеттен 1 млн.сом бөлсүн;

- жогоруда аталган иш-чараларды кошумча каржылоого республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүндө жыл сайын 2 млн.сом өлчөмүндө каражат карасын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
