Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 „Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-ноябры № 701 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтомдун тиркемесине:
- 2-пункттагы "43" цифралары "47" цифраларына алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "39" цифралары "37" цифраларына алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "28" цифралары "20" цифраларына алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "43" цифралары "48" цифраларына алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "1" цифрасы"0" цифрасына алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "27" цифралары "29" цифраларына алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.