# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 698 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 698 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 698
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16793/edition/470446/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 698 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (13.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95435

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-ноябры № 698 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу 2011-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн өз учурунда жыйноону жана кайра иштетүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

13-пунктта:

- биринчи абзацы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- 2011-жылдын 15-октябрынан 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге кант кызылчасын (кызылча пунктунан аны "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомунун кант заводунда кайра иштетүүчү жерге чейин) жана кызылча өстүрүүчүлөр менен эсептешүү үчүн арналган кумшекерди (кант заводунан кызылча пунктуна чейин) ташууда темир жол тарифтерин 20 процентке сезондук азайтуу белгиленсин.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
