# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 726 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 726 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 726
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16787/edition/400211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 726 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жөнүндө" токтому (11.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95427

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры № 726 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун укук мурастоочусу болуп санала тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул жобого ылайык келтирүү боюнча сунуштарын белгиленген тартипте киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
