Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу „Кыргызгипрозем“ жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры № 726 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун укук мурастоочусу болуп санала тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул жобого ылайык келтирүү боюнча сунуштарын белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №734 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2009 · № 734 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон