# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун, Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына интеграциялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун, Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына интеграциялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 640
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16786/edition/1143542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун, Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына интеграциялоо жөнүндө" токтому (17.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95426

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-октябры № 640 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун, Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына интеграциялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планын бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, бюджеттик эмес фонддордун бюджеттерин түзүүнүн жана аткаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик финансыны башкарууну өркүндөтүү, ошондой эле андан ары бюджеттик консолидациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-июнундагы № 334 "Нарын облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтому менен бекитилген Нарын облусун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары фонддор) бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына тейлөөгө этап боюнча өткөрүүнүн тиркелген Иш-чаралар планы бекитилсин.

2. Фонддордун жетекчилери ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Иш-чаралар планын аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.

3. Фонддор Иш-чаралар планын аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайынкы негизде тапшырышсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 540 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун, Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына этап боюнча өткөрүү боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ

| № | Иш-чаранын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | Колдонуудагы мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү, кош төлөм акча каражаттарын казыналык системасында аккумуляциялоо жана пайдалануу боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тарт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 2011-жылдын 1-декабрына чейин |
| 2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишин милдеттүү медициналык камсыздандыруу түрүндө түшүүчү каражаттарды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун эсебине) казыналык системасына которуу жана тейлөө жагында жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | 2012-жылдын 1-январына чейин |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобого "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан түшүүчү акча каражаттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттарды Казыналык системасында аккумуляциялоо жана пайдалануу тууралуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдоо жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы | 2011-жылдын 1-декабрына чейин |
| 4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-июнундагы № 334 "Нарын облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтому менен бекитилген Нарын облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобого Нарын облусунун аймагындагы кен иштетүүчү ишканалардан түшүүчү акча каражатты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттарды Казыналык системасында топтоо жана пайдалануу тууралуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдоо жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы | 2011-жылдын 1-декабрына чейин |
| 5 | Кош төлөм каражаттарына салык салуу маселесин изилдөө жана зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине кош төлөмдү атайын каражаттарга салыктан бошотуу жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 2012-жылдын 1-январына чейин |
| 6 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгына макулдашуу боюнча казыналыктын региондук бөлүмдөрүндө бюджеттик эмес фонддор үчүн казыналык эсептерди ачууну аныктоо жана ошону менен бир эле учурда коммерциялык банктардагы эсептерди жабуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мамлекеттик администрациялары | 2012-жылдын 1-январына чейин |
| 7 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүү жана орто мөөнөттөгү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин Казыналык системасында тейлөөгө которуу боюнча иш-чаралар планын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизүү | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | 2012-жылдын 1-январына чейин |
