Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттер ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Үчүнчү протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры № 723 "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттер ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Үчүнчү протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттер ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттер ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттер ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Секретариатына билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишимге катышуучу-мамлекеттердин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Көрсөтүлгөн Протокол 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында Жамааттык коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясында кол коюлган. Ушул Протоколдун максаты болуп, 2000-жылдын 20-июнунда кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук келишимге катышуучу-мамлекеттердин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө Макулдашуунун негизинде аскердик-техникалык кызматташтыкты өркүндөтүү эсептелет. Протокол менен эркин өтүмдүү валюта менен катар, төлөмдөрдү Россия Федерациясынын рублдери менен ишке ашыруу да каралган. 2000-жылдын 20-июнундагы Макулдашуу ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук куралдуу күчтөрү жана башка аскердик түзүлүштөрү, укук коргоо органдарынын бөлүкчөлөрү жана атайын кызматтар үчүн куралдарды жана аскердик техниканы өзүлөрүнүн куралдуу күчтөрүнө сыяктуу эле баасы боюнча жеңилдетүү шарттарда жеткирүүнү карайт. Аскердик дайындалыштын коргонуу-өнөр жай продукцияларынын негизги өндүрүүчүсү Россия Федерациясы болуп саналышын эске алуу менен, протоколдун күчүнө кириши валютанын курсунун туруксуздук шарттарында ЖККУга мүчө-мамлекеттерге аскердик дайындалыштагы берилген продукциялар үчүн төлөмдөрдү төлөөнү оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесине ылайык ушул Протоколдун долбооруна кол коюулганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жиберилген. Бирок, ал учурда долбоорду профилдик комитеттер түзүлө элек, ошол үчүн макулдашуу мүмкүн эмес болчу. Жогоруда айтылгандын негизинде көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө сунушту колдоп берүүнү суранам.
Кыргыз Республикасынын коргоо министри генерал-майор
А.Кудайбердиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 17-майындагы № 1909-V "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге…Постановление · 17.05.2012 · № 1909-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2018-V "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге…Постановление · 14.06.2012 · № 2018-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2019-V "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге…Постановление · 14.06.2012 · № 2019-V
Шилтеме берет (3)
- Договор о коллективной безопасности (Ратифицирован постановлением Жогорку Кенеша КР от 18 декабря 1992 года № 1113-XII)Договор · 15.05.1992
- 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттер ортосундагы аскердик-техникалык…Закон · 16.07.2012 · № 118
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон