Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын № 54 мекемесин түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры № 722 Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын № 54 мекемесин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 54 мекемеси Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы, Орозбеков көчөсү, 57 дареги боюнча түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- № 54 мекемени соттолгон аялдар үчүн түзөтүү колониясы деп аныктасын;
- № 54 мекемеде бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган аялдарды кармоо үчүн тергөө изолятору режиминде иштөөчү атайын жайды жабдысын;
- № 54 мекеме жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин, анда соттолгон аялдарды кесиптик окутууну карасын;
- штаттык санынын жана каралган каражаттардын чегинде № 54 мекеменин түзүмүн жана кызматкерлеринин штатын аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарынын белгиленген нормаларына жана талаптарына ылайык № 54 мекеменин жайларын, жанаша аймагын жана тосмолорун реконструкциялоону жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197