# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 717 "Мамлекеттин менчигине айланган товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 717 "Мамлекеттин менчигине айланган товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 717
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16777/edition/400191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 717 "Мамлекеттин менчигине айланган товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому (11.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95417

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры № 717 Мамлекеттин менчигине айланган товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы маалыматтык номери 9801/20.01.2011/18-43 бажылык жүк декларациясы боюнча мамлекеттин пайдасына баш тартуу менен бажылык режимде таризделген, 1997-жылы чыгарылган, "Мицубиси" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте баланска алсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.

3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
