# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 716
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16776/edition/400189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери" токтому (11.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95416

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры № 716 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ;№ 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын ишин регламенттөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын иши өзүн-өзү каржылоо шарттарында ишке ашырылаары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананы каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылаары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын чектүү штаттык саны 164 бирдикти түзөрү, анын ичинде борбордук аппараттыкы - 106 бирдик жана ведомстволук уюмдардыкы - 58 бирдик.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө ведомстволук уюмдары жөнүндө жоболордун долбоорлорун киргизсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 716 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башкаруу

СХЕМАСЫ

| Коллегия ├────┤ төраганын орун ├────┤ Чектеш укуктар |  | Төрага Статс-катчы басары |  | Апелляциялык кеңеш, Авторлордун кеңеши ээлеринин кеңеши Ойлоп табуучулар кеңеши, Илимий-техникалык кеңеш |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын борбордук аппараты |  |  |  |  |

Юридикалык жак болуп түзүлгөн ведомстволук уюмдар:

| Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду |  | Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана |
| --- | --- | --- |
