Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры № 716 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ;№ 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын ишин регламенттөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын иши өзүн-өзү каржылоо шарттарында ишке ашырылаары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананы каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылаары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын чектүү штаттык саны 164 бирдикти түзөрү, анын ичинде борбордук аппараттыкы - 106 бирдик жана ведомстволук уюмдардыкы - 58 бирдик.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө ведомстволук уюмдары жөнүндө жоболордун долбоорлорун киргизсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 716 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башкаруу
СХЕМАСЫ
| Коллегия ├────┤ төраганын орун ├────┤ Чектеш укуктар | Төрага Статс-катчы басары | Апелляциялык кеңеш, Авторлордун кеңеши ээлеринин кеңеши Ойлоп табуучулар кеңеши, Илимий-техникалык кеңеш | ||
|---|---|---|---|---|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын борбордук аппараты | ||||
Юридикалык жак болуп түзүлгөн ведомстволук уюмдар:
| Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду | Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 716 токтому менен…Положение · 11.11.2011 · № 716
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери боюнча" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 131 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" жарлыгыУказ · 21.01.2011 · № 15 · Күчүн жоготкон