Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдө суммаларды тегеректөө тартиби жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 октября 2011 года № 631/35/10 "О Порядке округления сумм тыйынового остаткапри наличных расчетах в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-10-13.
КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2011-жылдын 13-октябрындагы № 631/35/10 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 18-февралы № 54/10/1 Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдө суммаларды тегеректөө тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин белгилөө максатында, 1 тыйын наркындагы банкнотторду жүгүртүүгө чыгаруу жана накталай эсептешүүлөрдүн бардык түрүн жүргүзүүдө андан ары пайдалануу токтотулгандыгына жана 10 жана 50 тыйын наркындагы банкноттор монеталарга алмаштырылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ТОКТОМ КЫЛЫШАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдө суммаларды тегеректөө тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.
2. 1, 10 жана 50 тыйын наркындагы банкноттор кандайдыр бир чектөөсүз бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан кабыл алынаары жана белгиленген тартипте коммерциялык банктарга өткөрүлөөрү белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы
И.Чудинов М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 18-февралындагы № 54/50/1 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдө Суммаларды тегеректөө
ТАРТИБИ
1. Бул суммаларды тегеректөө тартибин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бардык юридикалык жана жеке жактар колдонууга тийиш.
2. Накталай эсептешүүлөр суммаларды тегеректөө менен төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- эгерде тыйын калдыгынын суммасы 1ден 5 тыйынга чейинкини түзсө, анда тыйын калдыгынын чоңдугу нөлгө айландырылат;
- эгерде тыйын калдыгынын суммасы 5ден 9 тыйынга чейинкини түзсө. анда тыйын калдыгынын чоңдугу 10 тыйынга чейин тегеректелет.
3. Накталай эмес эсептешүүлөр тыйын калдыгын тегеректөөсүз жүргүзүлөт.
| Тегеректөө үчүн сумма | Тегеректөө тартиби ├───────────────────┬───────────────────┤ | Тегеректөө мисалдары Тегеректегенге чейин | Тегеректөө тартиби Тегеректегенден кийин |
|---|---|---|---|
| Ар кандай сумма | 1ден 5ке чейинки тыйын нөлгө айландырылат | 5 сом 44 тыйын 4 сом 32 тыйын 155 сом 63 тыйын 1062 сом 71 тыйын | 5 сом 40 тыйын 4 сом 30 тыйын 155 сом 60 тыйын 1062 сом 70 тыйын |
| Ар кандай сумма | 5тен 9га чейинки тыйын 10 тыйынга чейин тегеректелет | 7 сом 46 тыйын 4 сом 35 тыйын 265 сом 17 тыйын 1347 сом 89 тыйын | 7 сом 50 тыйын 4 сом 40 тыйын 265 сом 20 тыйын 1347 сом 90 тыйын |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.