КР Өкмөтүнүн «2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Коллективдүү коопсуздук уюмунун коллективдүү коопсуздук системасындагы күчтөрдүн жана каражаттардын кошуунунун статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-октябры № 639 "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Коллективдүү коопсуздук уюмунун коллективдүү коопсуздук системасындагы күчтөрдүн жана каражаттардын кошуунунун статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Коллективдүү коопсуздук уюмунун коллективдүү коопсуздук системасындагы күчтөрдүн жана каражаттардын кошуунунун статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Коллективдүү коопсуздук уюмунун коллективдүү коопсуздук системасындагы күчтөрдүн жана каражаттардын кошуунунун статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Коллективдүү коопсуздук уюмунун коллективдүү коопсуздук системасындагы күчтөрдүн жана каражаттардын кошуунунун статусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Коллективдүү коопсуздук уюмунун Секретариатына Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 1426-V "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун коллективдүү…Постановление · 22.12.2011 · № 1426-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 9-февралындагы № 1631-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук…Постановление · 09.02.2012 · № 1631-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1558-V "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун коллективдүү…Постановление · 26.01.2012 · № 1558-V
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон