# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 632
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16765/edition/400171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95405

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-октябры № 632 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү жана иретке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Калкты социалдык коргоо системасынын социалдык кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк акыларды белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобо";

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- калкты социалдык коргоо кызматкерлерине илимий даражасы, ардактуу наамы, бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттарындагы иши үчүн үстөк акылардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;

- айыл жеринде иштеген социалдык кызматкерлерге үстөк акы базалык маянанын 10 пайыз өлчөмүндө.".

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кары-картаңдар жана майыптар үчүн үй-интернаттардын, балдардын, чоң кишилердин психоневрологиялык үй-интернаттарынын кызматкерлеринин базалык маяналары таблицасы төмөнкү мазмундагы 4.1-пункт менен толукталсын:

| 4.1 | Педагогикалык персонал | 5000 | 5000 | 5000 | 5000 |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |

- "Башка персоналга төмөнкүлөр кирет:" деген эскертүүдө:

- "улук инструктор" деген сөздөр "улук инспектор" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- ", тарбиячы, дефектолог, психолог, социалдык педагог" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
