# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-октябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Чарба ичиндеги сугаттын экинчи долбоору үчүн Кошумча каржылоо) жөнүндө 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну (№ 4982-КG кредит, Н718-КG грант) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-октябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Чарба ичиндеги сугаттын экинчи долбоору үчүн Кошумча каржылоо) жөнүндө 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну (№ 4982-КG кредит, Н718-КG грант) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 629
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16762/edition/400167/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-октябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Чарба ичиндеги сугаттын экинчи долбоору үчүн Кошумча каржылоо) жөнүндө 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну (№ 4982-КG кредит, Н718-КG грант) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (12.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95402

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 12-октябры № 629 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Чарба ичиндеги сугаттын экинчи долбоору үчүн Кошумча каржылоо) жөнүндө 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну (№ 4982-КG кредит, Н718-КG грант) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Чарба ичиндеги сугаттын экинчи долбоору үчүн Кошумча каржылоо) жөнүндө 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну (№ 4982-КG кредит, Н718-КG грант) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Чарба ичиндеги сугаттын экинчи долбоору үчүн Кошумча каржылоо) жөнүндө 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну (№ 4982-КG кредит, Н718-КG грант) ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Чарба ичиндеги сугаттын экинчи долбоору үчүн Кошумча каржылоо) жөнүндө 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган макулдашуу (№ 4982-КG кредит, Н718-КG грант) ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
