# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-апрелиндеги №253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-апрелиндеги №253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16757/edition/459862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-апрелиндеги №253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ (24.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95397

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 18-апрели №253 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Турак жай-жарандык курулуш үчүн жер участокторун комплекстүү даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Ала-Тоо Курулуш" МИ) түзүлсүн.

2. "Ала-Тоо Курулуш" МИнин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке учурдагы финансылык жылда "Ала-Тоо Курулуш" МИге атайын каражаттардын эсебинен анын материалдык-техникалык базасын бекемдөө үчүн финансылык жардам көрсөтүүгө уруксат берилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Ала-Тоо Курулуш" МИни зарыл болгон техникалык каражаттар менен камсыздоо боюнча сунушту бир айлык мөөнөттө киргизишсин.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө "Ала-Тоо Курулуш" МИни Бишкек шаары, Манас проспекти, 28 дарегиндеги администрациялык имаратка жайгаштырсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жапа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте жана жергиликтүү кеңештин макулдугу менен бардык калктуу конуштарда турак жай-жарандык курулуш үчүн каралган жерлердин тизмесин аныктасын;

- көрсөтүлгөн жерлердин реестрин түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун киргизсин.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

"

```text
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасы │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
```

".

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдык сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
