# КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 249 "Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 249 "Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16753/edition/394395/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 249 "Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө" токтому (17.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95393

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 17-апрели № 249 Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө 2011-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Кытай Эл Республикасынын Башкы консулдугун ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо, Кытай Эл Республикасынын региондору менен Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Башкы консулдугу Гуанчжоу шаарында жайгаштыруу менен уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бир айдын ичинде Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишин камсыздоонун уюштуруучулук жана финансылык маселелерин чечишсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
