Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРнын Өкмөтүнүн «Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 17-апрели № 249 Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө 2011-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Кытай Эл Республикасынын Башкы консулдугун ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо, Кытай Эл Республикасынын региондору менен Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Башкы консулдугу Гуанчжоу шаарында жайгаштыруу менен уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бир айдын ичинде Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишин камсыздоонун уюштуруучулук жана финансылык маселелерин чечишсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.04.2013 · № 192 · Күчүн жоготкон