Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө» ЖОБО
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 17 февраля 2023 года № 87 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-02-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 87токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №238 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Резервдик фонддордун эсеп-кысабы
3. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануунун тартиби
4. Кредиттерди тескөөчүнүн жоопкерчилиги жана резервдик фонддордун
каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фонддору (мындан ары - резервдик фонд) боюнча чыгымдар жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралат.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фонддору ушул Жободо белгиленген формулаларга ылайык аныкталат.
2. Резервдик фонддордун эсеп-кысабы
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонддору боюнча көлөм төмөнкү формулалар боюнча эсептелет:
1) ОЖК = (ГРФЖК/БК) * 1000
- ОЖК - орто эсеп менен жан башына көрсөткүч;
- ГРФЖК - облустардын губернаторлорунун резервдик фонддорунун жалпы көлөм;
- БК - Кыргыз Республикасынын бардык калкы (адам)
2) ОГРФ = ОЖК * ОК
- ОГРФ - облустардын губернаторлорунун резервдик фонддору;
- ОЖК - орто эсеп менен жан башына көрсөткүч;
- ОК - облустун калкы.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин резервдик фонддору боюнча көлөм төмөнкү формулалар боюнча эсептелет.
1) ОЖК = (АРФЖК/БК ) * 1000
- ОЖК - орто эсеп менен жан башына көрсөткүч;
- АРФЖК - райондордун акимдеринин резервдик фонддорунун жалпы көлөмү;
- БК - Кыргыз Республикасынын бардык калкы (адам)
2) РАРФ = ОЖК * РК
- РАРФ - райондун акиминин резервдик фонддору;
- ОЖК - орто эсеп менен жан башына көрсөткүч;
- РК - райондун калкы.
3. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануунун тартиби
5. Резервдик фонддордон бөлүнгөн бюджеттик каражаттар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондун акиминин буйругуна ылайык ушул Жободо каралган максаттарга пайдаланылууга тийиш.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары - облустардын губернаторлору жана райондун акими резервдик фонддун каражаттарын тескөөчүлөр болуп саналат.
7. Республикалык бюджетте турган мекемелер, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелер да резервдик фонддордун каражаттарын алуучулар болушу мүмкүн.
8. Резервдик фонддор облустарда жана райондордо жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө жана бекитүүдө эсепке алынбаган экономикалык, социалдык - маданий жана башка иш-чаралар боюнча болжолдонбогон чыгашаларды жабуу үчүн түзүлөт жана төмөнкү максаттарга пайдаланылат:
- майрам күндөрдө расмий иш-чараларды өткөрүүгө;
- облустагы жана райондогу Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ВИЧ/СПИДке чалдыккан адамдарга жана калктын жакыр катмарларына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- облустун жана райондун аймагында жайгашкан социалдык-маданий жана административдик объекттерди курууга, оңдоого жана материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- облустун жана райондун масштабында расмий даталарга арналган иш-чараларды өткөрүүгө;
- кесиптик майрамдарга байланыштуу эмгек сиңирген кызматкерлерди сыйлоого;
- табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө;
- облустардын жана райондордун калкынын жакыр катмарына финансылык жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорун өткөрүүгө;
- спорттук иш-чаралардын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерине финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүшүнө окутуу салым кошкон, бул облустун жана райондун аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын белгилүү инсандарына бир жолку финансылык колдоо көрсөтүүгө.
9. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
- коммерциялык максаттарга же пайда алып келүүчү иштерге;
- өкмөттүк эмес уюмдарды күтүүгө жана ишин камсыз кылууга;
- бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн көбөйтүүгө;
- облуста жана райондо өткөрүлүүчү мааракелерди, тойлорду жана башка оюн-зоок иш-чараларды уюштурууга.
4. Кредиттерди тескөөчүнүн жоопкерчилиги жана резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
10. Каражаттарды тескөөчүлөр жана каражаттарды алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык резервдик фонддун акча каражаттарын сактоого, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга жеке жоопкерчилик тартат.
11. Резервдик фонддордун акча каражаттарын эсепке алуу каражаттарды башкы тескөөчүнүн жана алуучунун өзүнчө казыналык эсеп - чотторуна (бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан өзүнчө) жүргүзүлөт.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык резервдик фонддордун каражаттарын алуучулар ай сайын республикалык бюджетте турган мекемелердин чыгаша сметаларын аткаруу тууралуу жыйынтыктоочу отчетту тескөөчүлөргө берет.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык каражаттарды тескөөчүлөр облустар боюнча бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасын аткаруу тууралуу жыйынтыктоочу отчет түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришет.
14. Резервдик фонддордун каражаттарын эсепке алуу, бөлүштүрүү жана пайдалануу жол-жобосу өзгөргөндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жобого тийиштүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрү киргизет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2023 · № 87
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 224 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №238 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун…Постановление · 11.04.2012 · № 238 · Күчүн жоготкон