# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №238 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №238 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 238
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16742/edition/1234983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №238 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95377

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2012-жылдын 11-апрели №238 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде төмөнкү чыгымдарды карасын:

- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонддору боюнча;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин резервдик фонддору боюнча;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 297 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
