# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 622 "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 622 "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 622
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16738/edition/400155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 622 "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95364

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-октябры № 622 "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана кароо тартиби жөнүндө жободо:

2-пункттун 3-абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу жаштар иштери боюнча департамент" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын; (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23 августундагы № 514 токтому менен бекитилген

Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыктарын

ыйгаруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Алымкулов А.Т. - Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Султанбекова Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаш- тар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри; Нарбаев К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору; Субанкулов И.Т. - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; Алыгулова К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти; Бегалиев М.А. - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору; Садыков Т.С. - Академик Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм академиясынын президенти; Алышпаев М.У. - Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрынын директору; Үсөнбаев М.А. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору; Абыкеев Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Осмоналиев К.О. - Оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча республикалык атайын балдар-өспүрүмдөр олимпи- адалык резервдик мектебинин директору; Плоских В.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик (макулдашуу боюнча); Нуракова Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигине караштуу анализ, инвестиция жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын жооптуу катчысы; Бирназаров Т.М. - кинорежиссер, продюсер, "Тазар" кинокомпаниясынын директору (макулдашуу боюнча).".
