КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-10-06.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-октябры № 620 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 11, 498-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-1-берененин 3-бөлүгүндөгү "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу: Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында дайыма көтөрүлүп турат.".
3. 5-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу адамдар өздөрүнүн кызматына байланыштуу милдеттерин аткарып жатканда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин имараттарында, жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчыларынын резиденциясынын имаратында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн, анын ичинде эл аралык укуктун ченемдерине, дипломатиялык протоколдун эрежелерине жана баруучу өлкөнүн салтына ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында көтөрүлөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчыларынын жол жүрүү каражаттарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүнүн жол жүрүү каражаттарында орнотулат.".
4. 6-беренеде:
1) үчүнчү абзацтагы "мамлекеттик башкаруусунун борбордук органдарынын" деген сөздөр "башка мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарындагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жумушчу кабинеттеринде.".
5. 8-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын," деген сөздөр алып салынсын.
6. 10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин жасай турган юридикалык жактардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
7. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11-берене.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби: Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана бардык деңгээлдеги соттордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик нотариалдык кеңселердин мөөрлөрүндө жана документтеринин бланктарында жайгаштырылат.".
8. 13-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"13-берене.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби төмөнкүдөй жерлерде жайгаштырылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын имаратынын маңдайында;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн имараттарынын маңдайында;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана башка сот жыйындарынын залдарында, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйын залдарында;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарындагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жумушчу кабинеттеринде.".
9. 14-беренеде:
1) 1-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- аскердик бөлүктөрдүн күжүрмөн тууларында жайгаштырылат.";
2) 4-бөлүгүндө "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.
10. 17-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы "жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонулуп жаткан редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 3-1-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу, ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, атайын орнотулган флагштокто дайыма көтөрүлүп турат жана сутканын караңгы мезгилинде жарык кылынат: - Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында; - Ош шаарынын Борбордук аянтында. Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында көтөрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу ардактуу кароолдун кайтаруусу менен камсыз кылынат. Ардактуу кароолду өтөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын [Президенти] тарабынан аныкталат. | 3-1-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу, ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, атайын орнотулган флагштокто дайыма көтөрүлүп турат жана сутканын караңгы мезгилинде жарык кылынат: - Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында; - Ош шаарынын Борбордук аянтында. Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында көтөрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу ардактуу кароолдун кайтаруусу менен камсыз кылынат. Ардактуу кароолду өтөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын ӨКМӨТҮ тарабынан аныкталат. |
| 4-берене. [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу: Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык согунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча] башкаруу органдарынын имараттарында дайыма көтөрүлүп турат. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерде көрсөтүлгөн мамлекеттик желек сутканын караңгы учурларында жарык кылынышы керек. | 4-берене. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ЖАНА ДЕПУТАТТАРЫНЫН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ТӨРАГАСЫНЫН, БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАРДЫН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНАН ТЫШКАРЫ ЖЕРЛЕРДЕГИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН, КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРИНИН АНЫН ИЧИНДЕ БАШКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН ЖУМУШЧУ КАБИНЕТТЕРИНДЕ. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерде көрсөтүлгөн мамлекеттик желек сутканын караңгы учурларында жарык кылынышы керек. |
| 5-берене. [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу адамдар өздөрүнүн кызматыма байланыштуу милдеттерин аткарып жатканда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имараттарында, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчыларынын резиденциясынын имаратында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн, анын ичинде эл аралык укуктун ченемдерине, элчилик протоколдун эрежелерине жана баруучу өлкөнүн салтына ылайык эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында көтөрүлөт.] Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу коомдук бирикмелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын имараттарына (болбосо мачталарга, флагштокторго), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген майрам күндөрү жайларда, турак үйлөрдө, транспорт каражаттарында спорттук, коомдук жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда алардын ээлеринин каалоосу боюнча илинет. | 5-берене. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУ АДАМДАР ӨЗДӨРҮНҮН КЫЗМАТЫНА БАЙЛАНЫШТУУ МИЛДЕТТЕРИН АТКАРЫП ЖАТКАНДА ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖАНА КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРДИН ИМАРАТТАРЫНДА, ЖАНА ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖАНА КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРДИН БАШЧЫЛАРЫНЫН РЕЗИДЕНЦИЯСЫНЫН ИМАРАТЫНДА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН, АНЫН ИЧИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК УКУКТУН ЧЕНЕМДЕРИНЕ, ЭЛЧИЛИК ПРОТОКОЛДУН ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ ЖАНА БАРУУЧУ ӨЛКӨНҮН САЛТЫНА ЫЛАЙЫК ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДАГЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РАСМИЙ ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН ИМАРАТТАРЫНДА КӨТӨРҮЛӨТ. ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ЖЕЛЕГИ ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖАНА КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРДИН БАШЧЫЛАРЫНЫН УНАА КАРАЖАТТАРЫНДА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН АЛДЫНДАГЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН УНАА КАРАЖАТТАРЫНДА ОРНОТУЛУШУ МҮМКҮН. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу коомдук бирикмелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын имараттарына (болбосо мачталарга, флагштокторго), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген майрам күндөрү жайларда, турак үйлөрдө, транспорт каражаттарында спорттук, коомдук жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда алардын ээлеринин каалоосу боюнча илинет. |
| 6-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу төмөнкүдөй жерлерде дайыма орнотулуу турат: - Кыргыз Республикасынын Президентинин жумушчу кабинетинде жана Кыргыз Республикасынын Президенти катышкан салтанаттуу иш-чараларды (каадаларды) өткөрүү үчүн дайындалган башка имараттарда; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштар залдарында, соттук жыйналыштар залдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жыйналыштар залдарында; [- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын, мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын, анын ичинде эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн жумушчу кабинеттеринде.] | 6-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу төмөнкүдөй жерлерде дайыма орнотулуу турат: - Кыргыз Республикасынын Президентинин жумушчу кабинетинде жана Кыргыз Республикасынын Президенти катышкан салтанаттуу иш-чараларды (каадаларды) өткөрүү үчүн дайындалган башка имараттарда; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштар залдарында, соттук жыйналыштар залдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштар залдарында; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ЖАНА ДЕПУТАТТАРЫНЫН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ТӨРАГАСЫНЫН, БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАРДЫН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНАН ТЫШКАРЫ ЖЕРЛЕРДЕГИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН, КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРИНИН АНЫН ИЧИНДЕ БАШКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН ЖУМУШЧУ КАБИНЕТТЕРИНДЕ. |
| 8-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөрүп жаткан расмий каадалар жана башка салтанаттуу иш-чаралар мезгилинде көтөрүлөт (орнотулат). Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, [Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын,] башка аскерлердин жана аскердик кошуундарынын аскер бөлүктөрүнүн жана өзүнчө подразделениелердин туруктуу жайгашкан жерлеринде салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда көтөрүлөт. | 8-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда өткөрүп жаткан расмий каадалар жана башка салтанаттуу иш-чаралар мезгилинде көтөрүлөт (орнотулат). КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ГВАРДИЯСЫНЫН, БАШКА АСКЕРЛЕРДИН ЖАНА АСКЕРДИК КОШУУНДАРЫНЫН АСКЕР БӨЛҮКТӨРҮНҮН ЖАНА ӨЗҮНЧӨ ПОДРАЗДЕЛЕНИЕЛЕРДИН ТУРУКТУУ ЖАЙГАШКАН ЖЕРЛЕРИНДЕ САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮ УЧУРУНДА КӨТӨРҮЛӨТ. |
| 10-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат (Кыргыз Республикасынын түстүү жана ак-кара түстүү сүрөтү тиркелет). Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кайрадан жасалуучу сүрөтү анын көлөмүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталып турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин түстүү же ак-кара сүрөтүнүн эталонуна далма-дал келүүгө тийиш. [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү уруксаты бар юридикалык жак тарабынан жасалууга тийиш.] | 10-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдү нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат (Кыргыз Республикасынын түстүү жана ак-кара түстүү сүрөтү тиркелет). Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кайрадан жасалуучу сүрөтү анын көлөмүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталып турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин түстүү же ак-кара сүрөтүнүн эталонуна далма-дал келүүгө тийиш. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ГЕРБИН ЖАСАЙ ТУРГАН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН ТИЗМЕСИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. |
| 11-берене. [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби: Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, ошондой эле аткаруу бийлигинин башка органдарынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана бардык деңгээлдеги соттордун, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик нотариалдык конторалардын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан өзүнчө мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктар берилген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мөөрлөрүндө жана документтеринин бланктарында жайгаштырылат.] | 11-берене. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ГЕРБИ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН, МИНИСТРЛИКТЕРДИН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТТЕРДИН, АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ВЕДОМСТВОЛОРДУН, ЖЕРГИЛИКТүү МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАРДЫН, БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ЖАНА БАРДЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ СОТТОРДУН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН, МАМЛЕКЕТТИК НОТАРИАЛДЫК КЕҢСЕЛЕРДИН МӨӨРЛӨРҮНДӨ ЖАНА ДОКУМЕНТТЕРИНИН БЛАНКТАРЫНДА ЖАЙГАШТЫРЫЛАТ |
| 13-берене. [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби төмөнкүдөй жерлерде жайгаштырылат: - Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий резиденциясынын имаратынын маңдайында; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн имараттарынын маңдайында; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана башка сот жыйналыштарынын залдарында, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыш залдарында; - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын, мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана башка расмий өкүлчүлөктөрүнүн, анын ичинде эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жумушчу кабинеттеринде.] | 13-берене. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ГЕРБИ ТӨМӨНКҮДӨЙ ЖЕРЛЕРДЕ ЖАЙГАШТЫРЫЛАТ: - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН РАСМИЙ РЕЗИДЕНЦИЯСЫНЫН ИМАРАТЫНЫН МАҢДАЙЫНДА; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНАН ТЫШКАРЫ ЖЕРЛЕРДЕГИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН, КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРИН ЖАНА БАШКА РАСМИЙ ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН ИМАРАТТАРЫНЫН МАҢДАЙЫНДА; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН, МИНИСТРЛИКТЕРДИН, МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТТЕРДИН, АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ВЕДОМСТВОЛОРДУН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАРДЫН, БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ЖАНА БАШКА СОТ ЖЫЙНАЛЫШТАРЫНЫН ЗАЛДАРЫНДА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ЖЫЙНАЛЫШ ЗАЛДАРЫНДА; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ЖАНА ДЕПУТАТТАРЫНЫН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ТӨРАГАСЫНЫН, БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНАН ТЫШКАРЫ ЖЕРЛЕРДЕГИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН, КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРИНИН АНЫН ИЧИНДЕ БАШКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН ЖУМУШЧУ КАБИНЕТТЕРИНДЕ. |
| 14-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби: - чек ара белгилеринде (негизги чек ара мамыларында) жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрмө пупкттарында; - [Кыргыз Республикасынын] аскер бөлүктөрүнүн [жана Улуттук] гвардиясынын аскердик тууларында жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарында жана алардын документтеринде, жогорку мамлекеттик билим берүүнүн кесиптик мекемелерин мыкты аяктагандыгы үчүн артыкчылык белгилеринде, Кыргыз Республикасынын акча белгилеринде жайгаштырылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин тууларга, аскердик же башка мамлекеттик кызматтагы адамдар үчүн белгиленген айырмалоо белгилеринде жана формалык кийимде жайгаштырууга жол берилет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин пайдалануунун башка учурлары Кыргыз Республикасынын [Президенти] тарабынан белгиленет. | 14-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби: - чек ара белгилеринде (негизги чек ара мамыларында) жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрмө пункттарында; - АСКЕР БӨЛҮКТӨРҮНҮН АСКЕРДИК ТУУЛАРЫНДА ЖАЙГАШТЫРЫЛАТ. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарында жана алардын документтеринде, жогорку мамлекеттик билим берүүнүн кесиптик мекемелерин мыкты аяктагандыгы үчүн артыкчылык белгилеринде, Кыргыз Республикасынын акча белгилеринде жайгаштырылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин тууларга, аскердик же башка мамлекеттик кызматтагы адамдар үчүн белгиленген айырмалоо белгилеринде жана формалык кийимде жайгаштырууга жол берилет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин пайдалануунун башка учурлары Кыргыз Республикасынын ӨКМӨТҮ тарабынан белгиленет. |
| 17-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни төмөнкүдөй учурларда аткарылат: - Кыргыз Республикасынын Президенттигине ант бергенден кийин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүдө; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын ачууда жана жабууда; - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун расмий көтөрүү каадасы жана башка расмий каадалар учурунда; - чет өлкөлүк мамлекет башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин өкмөт башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин расмий өкүлчүлүктөрү, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын башчылары расмий визит менен Кыргыз Республикасына келгенде элчилик протоколго ылайык аларды тосуп алуу жана узатуу каадасы учурунда; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн [жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын] жалпы аскердик уставдарына ылайык аскер каадаларын өткөрүү учурунда. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни эстеликтерди ачууда; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрамдарына арналган салтанаттуу чогулуштарды ачууда жана жабууда; мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар өткөрүп жаткан башка салтанаттуу иш-чаралар мезгилинде аткарылышы мүмкүн. | 17-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни төмөнкүдөй учурларда аткарылат: - Кыргыз Республикасынын Президенттигине ант бергенден кийин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүдө; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын ачууда жана жабууда; - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун расмий көтөрүү каадасы жана башка расмий каадалар учурунда; - чет өлкөлүк мамлекет башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин өкмөт башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин расмий өкүлчүлүктөрү, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын башчылары расмий визит менен Кыргыз Республикасына келгенде элчилик протоколго ылайык аларды тосуп алуу жана узатуу каадасы учурунда; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН ЖАЛПЫ АСКЕРДИК УСТАВДАРЫНА ЫЛАЙЫК АСКЕР КААДАЛАРЫН ӨТКӨРҮҮ УЧУРУНДА. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни эстеликтерди ачууда; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрамдарына арналган салтанаттуу чогулуштарды ачууда жана жабууда; мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар өткөрүп жаткан башка салтанаттуу иш-чаралар мезгилинде аткарылышы мүмкүн. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.