# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктуларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктуларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 619
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16735/edition/1157656/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктуларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (06.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95361

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-октябры № 619 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктуларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Товарлардын айрым түрлөрүн реэкспорттоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктуларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй редакциядагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн нефти продуктуларды алып чыгуу темир жол транспорту менен гана ишке ашырылышы мүмкүн экендиги белгиленсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин Секретариатына жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча көрүп жаткан чаралар жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
