Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитет жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 мая 2017 года № 266 "О внесении изменений и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики «О Координационном совете по общественному здравоохранению при Правительстве Кыргызской Республики» от 26 июня 2014 года № 352"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-05-11.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-октябры № 617 АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитет жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майындагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык) АИВ/ЖИКСтин, кургак учуктун жана безгектин эпидемиясы боюнча абалды оңдоо, ушул ооруларга каршы күрөшүүгө тартылган министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик бийликтин башка органдарынын, мамлекеттик эмес сектордун жана эл аралык уюмдардын кызматташтыктарын чыңдоо жана иштерин координациялоону өркүндөтүү, башкаруунун ачык процессин камсыздоо жана АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонддун гранттарын, улуттук программалардын негизинде ишке ашырылып жаткан АИВ/ЖИКСтин, кургак учуктун жана безгектин эпидемияларына каршы күрөшүүгө мамлекет жана башка донор уюмдар тарабынан бөлүнгөн ресурстарды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардык кызыкдар тараптардын арасында өнөктөштүктү түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өлкөлүк координациялык комитет түзүлсүн.
2. Тиркелгендер бекитилсин:
- АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өлкөлүк координациялык комитет жөнүндө жобо;
- АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өлкөлүк координациялык комитеттин курамы.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 372 "Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-ноябрындагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 372 "Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 567 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 372 "Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 617 токтому менен бекитилген
АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитеттин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майындагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (макулдашуу боюнча) - 2 (альтернаттар - 2); Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри (альтернат - 1); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү - 1 (альтернат - 1); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү 2 (альтернаттар - 2); Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлү - 1 (альтернат - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү 1); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү - 1 (альтернат - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү - 1); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү - 1 (альтернат - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин өкүлү - 1); эл аралык өнөктөш уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча) - 4 (альтернаттар - 4); эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча) - 1 (альтернат - 1); мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын/жеке менчик уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча) - 1 (альтернат - 1); АИВ же кургак учуктан жабыркаган коомдоштуктардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) - 2 (альтернаттар - 2); өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) - 5 (альтернаттар - 5); диний конфессиялардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) - 1 (альтернат - 1).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитет жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 617 токтому…Положение · 06.10.2011 · № 617
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майы № 266 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча…Постановление · 11.05.2017 · № 266
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 23-майындагы № 306"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 617 "АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы…Постановление · 23.05.2012 · № 306 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-ноябрындагы № 552"Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Постановление · 16.11.2007 · № 552 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы №567 "Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Постановление · 06.10.2008 · № 567 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 372 "Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Постановление · 24.08.2007 · № 372
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майы № 266 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча…Постановление · 11.05.2017 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-ноябрындагы № 552"Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Постановление · 16.11.2007 · № 552 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы №567 "Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Постановление · 06.10.2008 · № 567 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.