# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 616
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16732/edition/400141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (05.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95355

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-октябры № 616 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасында ветеринария ишин башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин штатынын сандык чеги 1044 адам санында белгиленсин (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдан башкалары).

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин уюштуруу, финансылык жана башка маселелерин 2011-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте чечсин;

- Мамлекеттик чек арадагы жана транспорттогу мамлекеттик ветеринариялык башкы башкарма жөнүндө жобону эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын уюштуруу түзүмү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-июнундагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин

БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

```text
┌─────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба │
│ министрлигинин алдындагы Мамлекеттик │
│ ветеринария департаменти │
└──────────────────┬──────────────────────┘
```

V

| V V ┌───────────────┐ ┌─────────────┐ Мамлекеттик ветеринариянын зоналык башкармалары └───────┬───────┘ V ┌───────────────┐ └─────────────┘ Мамлекеттик ветеринариянын райондук башкармалары, 40 башкарма └───────┬───────┘ V └─────────────┘ ┌───────────────┐ Мамлекеттик ветеринариянын шаардык башкармалары, 13 башкарма └───────────────┘ | V V ┌─────────────┐ ┌───────────────┐ санитария башкармасы ┌─────────────┐ башкармасы контролдоочу пункттар └─────────────┘ 20 борбор | Бишкек шаардык мамлекеттик ветеринария- башкы Мамлекеттик ветеринария- нын Ош шаардык V ┌───────────────┐ Ветеринариялык диагностиканын райондор аралык жана райондук борборлору, | ┌───────────────┐ башкармасы \<─┘ ┌─────────────┐ ветеринардык | ветеринария- лык контроль └──────┬──────┘ V борборлору, Чек арадагы └───────┬───────┘ | Чек арадагы жана транспорттогу мамлекеттик └───────┬───────┘ V Ветеринариялык диагностиканын зоналык | 6 борбор | Ветеринариялык диагностиканын республикалык борбору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
