Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-октябры № 614 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) болуу шарттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы №1142-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол…Постановление · 13.10.2011 · № 1142-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы №1143-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол…Постановление · 13.10.2011 · № 1143-V
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы №1144-V "Бишкек шаарында 2011-жылдын 14-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын…Постановление · 13.10.2011 · № 1144-V
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаарында 2011-жылдын 14-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Евразиялык…Закон · 18.10.2011 · № 175
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон