# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 612 "Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 612 "Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 612
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16728/edition/400133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 612 "Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (05.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95351

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-октябры № 612 "Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгын Кыргыз Республикасы аталган Чечим күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө маалымдасын.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
