Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-октябры № 612 "Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык максаттуу программаларын иштеп чыгуунун, каржылоонун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгын Кыргыз Республикасы аталган Чечим күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө маалымдасын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 3-ноябры № 1262-V "Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык…Постановление · 03.11.2011 · № 1262-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 3-ноябры № 1263-V "Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мамлекеттер аралык…Постановление · 03.11.2011 · № 1263-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 3-ноябры № 1264-V "Москва шаарында 2008-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук…Постановление · 03.11.2011 · № 1264-V
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон