Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 731 „Дүйнөлүк банктын „Айылды каржылоо - 2“ экинчи долбоорун Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-сентябры № 597 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 731 "Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Айыл чарбанын маанилүү тармактарын кредиттөө менен байланышкан банктык иштин спектрин кеңейтүүдө "Айыл банк" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 731 "Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктундагы "ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн имаратка коммуналдык кызматтарга акы төлөө менен үч жылдык мөөнөткө" деген сөздөр "Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50 дареги боюнча жайгашкан имаратка коммуналдык кызматтарга акы төлөө менен 2017-жылдын 1-мартына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.