Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 2-ноябры №691
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору" 1997-жыл, № 8, 392 б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-берененин 5-пунктунда "Жогорку Кеңеши тарабынан" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору" 1996-жыл, № 7, 100 б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренеде "Өкмөтүнүн көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| К № | Бере- ненин | Колдонулуп жаткан редакция | Мыйзам долбоорунун демилгечиси тарабынын киргизилип жаткан өзгөртүүлөр | Мыйзамдын жаны редакциясы |
|---|---|---|---|---|
| "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ||||
| 1 | 9- берене | 9-статья. Пенсия алуу үчүн зарыл курак жана стаж | 1. 9-берененин 5-пунктунда- гы "Жогорку Кенеши" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылс- ын. | 9-статья. Пенсия алуу үчүн зарыл курак жана стаж |
| 1. Курагы боюнча пенсияга 63 жашка толгон эркектер, 58 жашка толгон аялдар укуктуу. Жалпы негиздерде курагы боюнча толук пенсия дайындоо үчүн эсептик камсыздандыруу иш стажы: эркектер үч 25 жылды, аялдар үчүн - 20 жылды түзөт. Толук эсептик камсыздандыруу иш стажы жок адамдарга пенсия ушул Мыйзамдын 10-беренесине ылайык дайындалат. 2. Курагы боюнча пенсияга, акыркы иштеген ордуна көзкарандысыз түрдө, жеңилдик берилүүчү шарттарда төмөнкү кызматкерлер укуктуу: а) жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, жеңилдетилген шарттарда курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга чыгууга укук берүүчү, жер алдындагы жумуштарга, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарга тиешелүү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 1 Тизмеси боюнча (мындан ары - № 1 Тизме): эркектер - 53 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы кеминде 20 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер; аялдар - 48 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы 15 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер. Иш стажы № 1 Тизме боюнча талап кылынуучу камсыздандыруу стажынын теңинен аз болгондо ушул берененин 1-пунктунда каралган жаш курак көрсөтүлгөн иштин ар бир толук жылы үчүн бир жылга кыскартылат. № 1 Тизме боюнча пенсия дайындоо жана төлөп берүү социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт; б) эмгек шарттары зыяндуу жана оор болгон башка жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, жеңилдетилген шарттарда жаш курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга чыгууга укук берүүчү, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 Тизмеси (мындан ары - № 2 Тизме) боюнча: эркектер - 58 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы кеминде 25 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер; аялдар - 53 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы кеминде 20 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер; текстиль өндүрүштөрүнүн станоктордо жана машиналарда иштеген аял кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өндүрүштөрдүн жана кесиптердин тизмеси боюнча, - 53 жашка толгондо жана көрсөтүлгөн жумуштардагы камсыздандыруу стажы кеминде 20 жыл болгондо. № 2 Тизме боюнча жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлерине пенсия дайындоо жана төлөө иши жеңилдиктүү иш стажынын көпчүлүк бөлүгүн иштеп кеткен жердеги жумуш берүүчү тарабынан жана ушул берененин 1-пунктуна ылайык, кызматкер жалпыга белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Ишкана жоюлган, кайра уюштурулган учурда № 2 Тизме боюнча зарыл болгон иш стажын иштеген адамдарга жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлерине пенсия төлөө, ал пенсияны төлөөгө арналган каражаттар капиталдаштырылган жана өткөрүлүп берилген шартта Социалдык фонддун органдары тарабынан жүргүзүлөт. 3. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга калк көчүрүлүп чыгарылган аймакта катышкан же болбосо ошол мезгилде Чернобыль АЭСин иштетүүдө же андагы башка жумуштарда иштеген адамдар (анын ичинде убактылуу жиберилген же иш сапарына жөнөтүлгөн), ошондой эле, жайгаштырылган жерине жана аткарган ишине көз карандысыз түрдө, ошол мезгилде атайын аскердик жыйындарга чакырылган жана аталган авариянын кесепеттерин жоюуга байланышкан жумуштарды аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле, ички иштер органдарынын, өрткө каршы мамлекеттик кызматтын калк көчүрүлүп чыгарылган аймакта кызмат өтөгөн жетекчи жана катардагы курамындагы адамдар курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу: а) 1986-1987-жылдардагы катышуучулар: эркектер - 53 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу стажы 20 жыл болгондор; аялдар - 48 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш стажы 15 жыл болгондор; б) 1988-1989-жылдардагы катышуучулар: эркектер - 58 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш стажы 25 жыл болгондор; аялдар - 53 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгондор. 4. Гипофиздик нанизм дартына чалдыккан адамдарга (лилипуттарга) жана диспропорциялуу эргежээлдерге курагы боюнча пенсия мындайча белгиленет: эркектерге - 45 жашка толгон жана 20 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондорго; аялдарга - 40 жашка толгон жана 15 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондорго. 5. Бийик тоо шартында жашаган жана иштеген адамдарга (Кыргыз Республикасынын [Жогорку Кеңеши] тарабынан бекитилүүчү бийик тоо шартында жайгашкан калктуу конуштардын Тизмегине ылайык) курагы боюнча пенсия төмөнкүдөй учурларда белгиленет: а) 55 жашка толгон эркектерге, 50 жашка толгон аялдарга, эгерде алар бийик тоо шартында кеминде 20 календардык жыл иштесе жана жалпы камсыздандыруу иш стажы тийиштүү түрдө 25 жана 20 жыл болсо; б) үч жана андан ашык бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдарга - алар 45 жашка толгондо жана алардын 20 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо, эгерде алар бийик тоо шартында кеминде 15 календардык жыл иштесе. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда, жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 6. Алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдарга (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү алыскы жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын Тизмесине ылайык) курагы боюнча пенсия 60 жашка толгон эркектерге, 55 жашка толгон аялдарга белгиленет, эгерде алар алыскы жана барууга кыйын аймактарда кеминде тиешелүү түрдө 25 жана 20 календардык жыл иштесе. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда, жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 7. Беш жана андан көп бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдар 53 жашка толгондо жана 15 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу. Төрөлгөндөн тубаса майып балдары бар, аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдар 53 жашка толгондо жана камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгондо курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда, жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 8. Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштуруудан, жоюудан улам, алардын штатынын санын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруудан улам жумуштан бошотулуп калган кызматкерлер пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - камсыздандыруу иш стажы 25 жыл болгон, жумуштан бошотулган күнгө карата 61 жашка толгондор; | 1. Курагы боюнча пенсияга 63 жашка толгон эркектер, 58 жашка толгон аялдар укуктуу. Жалпы негиздерде курагы боюнча толук пенсия дайындоо үчүн эсептик камсыздандыруу иш ст эркектер үчүн - 25 жылды, аялдар үчүн - 20 жылды түзөт. Толук эсептик камсыздандыруу иш стажы жок адамдарга пенсия ушул Мыйзамдын 10-беренесине ылайык дайындалат. 2. Курагы боюнча пенсияга, акыркы иштеген ордуна көзкарандысыз түрдө, жеңилдик берилүүчү шарттарда төмөнкү кызматкерлер укуктуу: а) жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, жеңилдетилген шарттарда курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга чыгууга укук берүүчү, жер алдындагы жумуштарга, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарга тиешелүү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 1 Тизмеси боюнча (мындан ары - № 1 Тизме): эркектер - 53 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы кеминде 20 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуш иштегендер; аялдар - 48 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы 15 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер. Иш стажы № 1 Тизме боюнча талап кылынуучу камсыздандыруу стажынын теңинен аз болгондо ушул берененин 1-пунктунда каралган жаш курак көрсөтүлгөн иштин ар бир толук жылы үчүн бир жылга кыскартылат. № 1 Тизме боюнча пенсия дайындоо жана төлөп берүү социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт; б) эмгек шарттары зыяндуу жана оор болгон башка жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, жеңилдетилген шарттарда жаш курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга чыгууга укук берүүчү, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 Тизмеси (мындан ары - № 2 Тизме) боюнча: эркектер - 58 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы кеминде 25 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер; аялдар - 53 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы кеминде 20 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер; текстиль өндүрүштөрүнүн станоктордо жана машиналарда иштеген аял кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өндүрүштөрдүн жана кесиптердин тизмеси боюнча, - 53 жашка толгондо жана көрсөтүлгөн жумуштардагы камсыздандыруу стажы кеминде 20 жыл болгондо. № 2 Тизме боюнча жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлерине пенсия дайындоо жана төлөө иши жеңилдиктүү иш стажынын көпчүлүк бөлүгүн иштеп кеткен жердеги жумуш берүүчү тарабынан жана ушул берененин 1-пунктуна ылайык, кызматкер жалпыга белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Ишкана жоюлган, кайра уюштурулган учурда № 2 Тизме боюнча зарыл болгон иш стажын иштеген адамдарга жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлерине пенсия төлөө, ал пенсияны төлөөгө арналган каражаттар капиталдаштырылган жана өткөрүлүп берилген шартта Социалдык фонддун органдары тарабынан жүргүзүлөт. 3. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга калк көчүрүлүп чыгарылган аймакта катышкан же болбосо ошол мезгилде Чернобыль АЭСин иштетүүдө же андагы башка жумуштарда иштеген адамдар (анын ичинде убактылуу жиберилген же иш сапарына жөнөтүлгөн), ошондой эле, жайгаштырылган жерине жана аткарган ишине көз карандысыз түрдө, ошол мезгилде атайын аскердик жыйындарга чакырылган жана аталган авариянын кесепеттерин жоюуга байланышкан жумуштарды аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле, ички иштер органдарынын, өрткө каршы мамлекеттик кызматтын калк көчүрүлүп чыгарылган аймакта кызмат өтөгөн жетекчи жана катардагы курамындагы адамдар курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу: а) 1986-1987-жылдардагы катышуучулар: эркектер - 53 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу стажы 20 жыл болгондор; аялдар - 48 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш стажы 15 жыл болгондор; б) 1988-1989-жылдардагы катышуучулар: эркектер - 58 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш стажы 25 жыл болгондор; аялдар - 53 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгондор. 4. Гипофиздик нанизм дартына чалдыккан адамдарга (лилипуттарга) жана диспропорциялуу эргежээлдерге курагы боюнча пенсия мындайча белгиленет: эркектерге - 45 жашка толгон жана 20 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондорго; аялдарга - 40 жашка толгон жана 15 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондорго. 5. Бийик тоо шартында жашаган жана иштеген адамдарга (Кыргыз Республикасынын ӨКМӨТҮ тарабынан бекитилүүчү бийик тоо шартында жайгашкан калктуу конуштардын Тизмегине ылайык) курагы боюнча пенсия төмөнкүдөй учурларда белгиленет: а) 55 жашка толгон эркектерге, 50 жашка толгон аялдарга, эгерде алар бийик тоо шартында кеминде 20 календардык жыл иштесе жана жалпы камсыздандыруу иш стажы тийиштүү түрдө 25 жана 20 жыл болсо; б) үч жана андан ашык бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдарга - алар 45 жашка толгондо жана алардын 20 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо, эгерде алар бийик тоо шартында кеминде 15 календардык жыл иштесе. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда, жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 6. Алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдарга (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү алыскы жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын Тизмесине ылайык) курагы боюнча пенсия 60 жашка толгон эркектерге, 55 жашка толгон аялдарга белгиленет, эгерде алар алыскы жана барууга кыйын аймактарда кеминде тиешелүү түрдө 25 жана 20 календардык жыл иштесе. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда, жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 7. Беш жана андан көп бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдар 53 толгондо жана 15 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу. Төрөлгөндөн тубаса майып балдары бар, аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдар 53 жашка толгондо жана камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгондо курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда, жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 8. Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштуруудан, жоюудан улам, алардын штатынын санын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруудан улам жумуштан бошотулуп калган кызматкерлер пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - камсыздандыруу иш стажы 25 жыл болгон, жумуштан бошотулган күнгө карата 61 жашка толгондор; аялдар - камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгон, жумуштан бошотулган күнгө карата 56 жашка толгондор. Бул пенсияларды дайындоо пенсияга чыгуунун жалпыга белгиленген курагына жеткенге чейин жумуш берүүчү тарабынан пенсия үчүн Социалдык фондго каражат чегерилген шартта жүргүзүлөт | |||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 2-марты № 1698-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык…Постановление · 02.03.2012 · № 1698-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 24-майындагы № 1937-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик пенсиялык…Постановление · 24.05.2012 · № 1937-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1578-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекетти пенсиялык социалдык…Постановление · 26.01.2012 · № 1578-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон