# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-сентябрындагы №688 "Кувейт мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-сентябрындагы №688 "Кувейт мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 688
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95326>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16706/edition/392274/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95326.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-сентябрындагы №688 "Кувейт мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин түзүү жөнүндө" токтому (28.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95326

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 28-октябры №688 Кувейт мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин түзүү жөнүндө Кувейт мамлекети менен Кыргыз Республикасынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кувейт мамлекетинде жайгашуу орду Эль-Кувейт шаарында болуу менен Кыргыз Республикасынын Элчилиги түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык камсыздоо маселелерин чечсин

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимдеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 1-ноябрында №92 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
