Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары» концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 12 мая 2014 года № 254 "Об утверждении Программы развития физической культуры и спорта в Кыргызской Республике на 2014-2017 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-05-12.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 токтомуна ылайык Күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-октябры №684 "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары" концепциясын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №243 токтомунун редакциясына ылайык) "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары" концепциясы;
- "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары" концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
- "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары" концепциясын жана Иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыздоо боюнча ишти уюштурсун;
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жана аларда тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырышсын;
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине берип турушсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №684 токтому менен бекитилген
"2011-2016-жылдарга дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын" концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №243 токтомунун редакциясына ылайык)
| № | Иш-чаралар | Жүзөгө ашыруу же аткаруу формалары | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булакта- ры жана көлөмү | Жооптуу аткаруу- чулар | Күтүлгөн натыйжалар |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Дене тарбия жана спорттун укуктук жана ченемдик негиздерин оптималдаштыруу | ||||||
| 1 | Дене тарбия жана спорт тармагына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасын иштеп чыгуу | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012-ж. I кв. | Талап кылын- байт | ДТжСМА | Дене тарбия жана спорт жагында контролдоо, талдоо жана баа берүү системасын киргизүү |
| 2 | Мектептерде, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда дене тарбия жана спорт боюнча минималдуу социалдык стандарттарды иштеп чыгуу | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012-ж. | Талап кылын- байт | ББжИМ, ДТжСМА | Калктын спорттук курулмалар, шаймандар жана жабдуулар менен камсыз болушунун минималдуу ченемин аныктоо |
| 3 | 2012-2016-жыл- дарга республиканын региондорунда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу | Жергилик- түү мамадми- нистра- циялар- дын, жергилик- түү өз алдынча башкаруу органда- рынын тиешелүү чечими | 2012-ж. I кв. | Талап кылын- байт | Жергилик- түү мамадми- нистра- циялар, жергилик- түү өз алдынча башкаруу органдары (макулда- шуу боюнча) | Региондордо дене тарбия жана спортту уюштурууну жана башкарууну оптималдаш- тыруу |
| 4 | Республиканын күч түзүмдөрүндө дене тарбия менен спортту өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу | Ички ведомст- волук жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечим, күч түзүмдө- рүнүн дене тарбия жана спортту өнүктүрүү програм- масын иштеп чыгуу | 2012-ж. | Талап кылын- байт | МУКК, ИИМ, ӨКМ, КР Коргоо министр- лиги, МПМК, БКМК, ДТжСМА | Күч түзүмдөрүнүн кызматчыларын даярдоонун сапатын жогорулатуу |
| 5 | Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү параметрлерин администрация- лык-аймактык түзүмдөрдү социалдык өнүктүрүү көрсөткүчтө- рүнө киргизүү | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012-ж. | Талап кылын- байт | ДТжСМА УСК (макулда- шуу боюнча) | Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү программаларды жүзөгө ашыруу |
| 6 | Типтүү спорттук курулмалар сөзсүз болгондо окуу жайларын, турак үйлөрдү пайдаланууга берүү жөнүндө шаар куруу ченемдерин аткарууга контролдукту күчөтүү | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012-ж. II кв. | Талап кылын- байт | Мамкуру- луш, ДТжСМА | Мыйзамдарды сактоо, калктын спорт объекттери менен камсыз болушун өстүрүү |
| 7 | Спорттук секцияларды, мамлекеттик жана жеке башкаруу формаларынын клубдарын лицензиялоо- нун тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012-ж. | Талап кылын- байт | ДТжСМА | Спорттук уюмдардын ишине контролдук кылуу, мертинүүнү азайтуу |
| 8 | Концепцияны жүзөгө ашыруу дене тарбияны жана спортту мониторингдөө- нүн жергиликтүү программаларын даярдоо боюнча дене тарбия жана спорт кызматкерлери- нин окутуу семинарларын уюштуруу | Окутуу семинар- ларын өткөрүү | 2012-ж. I кв. | Талап кылын- байт | ДТжСМА | Аткаруучуларды Программаны ишке ашырууга, программалык максаттуу ыкмаларды өздөштүрүүгө даярдоо |
| Дене тарбия жана спорт менен башкаруу системасын оптималдаштыруу | ||||||
| 9 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмүнө массалык дене тарбия жана спортту уюштуруучу штаттык бирдигин киргизүү | Жергилик- түү мамадми- нистра- циялардын тиешелүү чечимдери | 2012- 2016- жж. | Жерги- ликтүү бюджет, 36 млн. 300 миң сом | Жергилик- түү мамадми- нистра- циялар, жергилик- түү өз алдынча башкаруу органдары (макулда- шуу боюнча) | Жер-жерлерде дене тарбия жана спортту уюштурууну оптималдашты- руу, дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу |
| 10 | Балдар-өспү- рүмдөр спорт мектептеринин базасында "ден соолугунун мүмкүнчүлүктө- рү чектелген адамдар үчүн олимпиадалар программасы боюнча бөлүмдөрдү ачуу | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012- 2016- жж. | Респуб- ликалык, жерги- ликтүү бюджет- тер, 480,0 миң сом | ББжИМ, жергилик- түү өз алдынча башкаруу органдары ДТжСМА | ден соолугунун мүмкүнчүлүктө- рү чектелген адамдар үчүн олимпиадалар |
| 11 | Врач-хирургдун штаттык бирдигин киргизүү | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012- ж. | Респуб- ликалык бюджет 2208,0 миң сом | МУКК, ИИМ, ӨКМ, КР Коргоо министр- лиги, МПМК, БКМК | Мертинүүнү азайтуу жана алдын алуу |
| Дене тарбияны, сергек жашоо ыңгайын жана спортту пропагандалоо | ||||||
| 12 | Ар жумалык теле, радио берүүлөрдү, мезгилдүү басма сөздө рубрикаларды уюштуруу, дене тарбия жана спорт менен машыгуу аркылуу сергек жашоо ыңгайын пропагандала- ган жарнамалык баннерлерди жайгаштыруу | Практика- лык иш-ара- кеттер | Дайыма | Респуб- ликалык, жерги- ликтүү бюджет- тер, тартыл- ган кара- жаттар | ДТжСМА жергилик- түү мамлекет- тик админист- рациялар, жергилик- түү өз алдынча башкаруу органдары (макулда- шуу боюнча) | Дене тарбия жана спортту, сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо, дене тарбия жана спорттун массалуулугун жогорулатуу, "Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" брэндин андан ары өнүктүрүү |
| Дене тарбиянын жана спорттун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү | ||||||
| 13 | Мектептерде, ЖОЖдордо жана башка окуу жайларында дене тарбия жана спорт (минималдуу класс-комп- лекттер) боюнча минималдуу социалдык стандартты киргизүү | Практика- лык иш-ара- кеттер | 2012- 2014- жж. | Респуб- ликалык бюджет - 77 млн. сом жерги- ликтүү бюджет - 33 млн. сом | ББжИМ, жергилик- түү мамадми- нистра- циялар, жергилик- түү өз алдынча башкаруу органдары (макулда- шуу боюнча) | Мектептерде дене тарбия сабактары үчүн шаймандардын жана жабдуулардын минималдуу тизмеси менен камсыз кылуу |
| 14 | Ош шаарында спорт-интерна- тынын курулушун аяктоо | Практи- калык иш-ара- кеттер | 2012- 2013- жж. | 400 млн. сом | Каржы министр- лиги, ДТжСМА, Ош жана Жалал- Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча башкы дирекция, ДТжСМА | Спорттук резервди даярдоо, жаштарды социалдаштыруу жана дене тарбиялык жактан өркүндөтүү |
| 15 | Ысык-Көл калаасында спорттук база куруу | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012- 2016- жж. | Респуб- ликалык, бюджет, жерги- ликтүү бюджет, тартыл- ган каражат- тар 4700,0 млрд.сом | ДТжСМА, Ысык-Көл облусунун мамадми- нистра- циясы | Эл аралык талаптарга жооп берген заманбап спорттук объекттерди ишке киргизүү, жогору класстагы спортсмендерди даярдоого көмөк көрсөтүү, инвестициялар- ды тартуу |
| 16 | Республикалык маанидеги объекттерди реконструкция- лоо жана капиталдык ремонттоо: Д.Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренаны, К.Кожомкул атындагы спорт сарайын, Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайын | Практи- калык иш-ара- кеттер | 2012- 2016- жж. | Респуб- ликалык, бюджет, тартыл- ган каражат- тар | ДТжСМА, Финмин | Жаштарды социалдаштыруу жана дене тарбиялык жактан өркүндөтүү |
| 17 | Футбол-жеңил атлетикалык манежди реконструкция- лоо жана капиталдык ремонттоо | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012- ж. | Респуб- ликалык бюджет - 3 млн. сом, тартыл- ган каражат - 5 млн. сом | ББжИМ, КМДТжСА | Өлкөнүн курама командасынын мүчөлөрүнүн машыгууларынын сапатын жогорулатуу жана кадрларды даярдоо, эл аралык мелдештерди өткөрүү |
| 18 | КМДТжСАнын сууда сүзүү бассейнин эл аралык стандартка ылайык реконструк- циялоо | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012- 2014- жж. | Респуб- ликалык бюджет - 12 млн. сом, тартыл- ган каражат | ББжИМ, КМДТжСА | Адистерди даярдоонун сапатын жана спорттун сууда сүзүү түрлөрү боюнча спортсмендер- дин машыгуу жана мелдешүү процессин жогорулатуу, калктын дене тарбия көнүгүүлөрүнө жеткиликтүү- лүгүн жогорулатуу |
| 19 | 3 миңден 10 миңге чейинки орундуу облустук стадиондорду куруу же реконструкция- лоо | Практи- калык иш-ара- кеттер | 2012- 2016- жж. | Респуб- ликалык, жерги- ликтүү бюджет- тер, тартыл- ган каражат- тар - 60 млн. сом | Жергилик- түү мамадми- нистра- циялар | Калктын дене тарбия көнүгүүлөрүнө жеткиликтүү- лүгүн жогорулатуу, калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу, спорттук резервди даярдоо |
| 20 | Региондордогу 500дөн 1000ге чейинки орундуу райондук стадиондорду куруу же реконструк- циялоо | 2012- 2016- жж. | Респуб- ликалык, жерги- ликтүү бюджет- тер, тартыл- ган каражат- тар - 20 млн.сом | Жергилик- түү мамадми- нистра- циялар, жергилик- түү өз алдынча башкаруу органдары (макулда- шуу боюнча) | Айыл калкы үчүн дене тарбия жана спорттук машыгууга шарттарды түзүү, жеткиликтүү- лүгүн жогорулатуу | |
| 21 | Жалпы билим берүү мектептеринин базасында тегиз курулмалар системасын өнүктүрүү | Практи- калык иш-ара- кеттер | 2012- 2016- жж. | Респуб- ликалык, жерги- ликтүү бюджет- тер, тартыл- ган каражат- тар 20 млн. сом | ББжИМ, жергилик- түү мамадми- нистра- циялар, жергилик- түү өз алдынча башкаруу органдары (макулда- шуу боюнча) | Айыл калкы үчүн дене тарбия жана спорт менен машыгууга шарттарды түзүү, жеткиликтүү- лүгүн жогорулатуу |
| 22 | Бишкек шаарында муз сарайын куруу жана мамлекет- тик-жеке өнөктүктүн жана инвести- цияларды тартуунун негизинде тоодо лыжа тебүү жана туристтик базаларды реконструк- циялоо | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2013- 2016- жж. | Респуб- ликалык, жерги- ликтүү бюджет- тер, тартыл- ган каражат- тар | ДТжСМА, жергилик- түү мамадми- нистра- циялар, Бишкек шаарынын мэриясы (макулда- шуу боюнча) | Спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү, дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү |
| Кадрларды даярдоо жана дене тарбия-спорттук илимди өнүктүрүү жана дене тарбия менен спортту врачтык-медициналык камсыз кылуу | ||||||
| 23 | Спорттун түрлөрү боюнча курама командаларды тейлөөгө карата комплекстүү илимий топторду уюштуруу | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012- 2016- жж. | Респуб- ликанс- кий бюджет | ДТжСМА, ББжИМ, КМДТжСА | Дене тарбия жана спортту илимий жактан камсыз кылуу, илимий кадрларды даярдоо |
| Дене тарбия менен спорттун массалуулугун жогорулатуу жана мектептик дене тарбия менен спортту өнүктүрүү | ||||||
| 24 | Жашаган жери боюнча түзүлгөн дене тарбия жана спорт объекттеринде спорттун түрлөрү боюнча секцияларды, клубдарды, дене тарбия бөлүмдөрүн уюштуруу | Практи- калык иш-ара- кеттер | 2012- 2016- жж. | Жерги- ликтүү бюджет | Жергилик- түү мамадми- нистра- циялар, жергилик- түү өз алдынча башкаруу органдары (макулда- шуу боюнча) | Дене тарбия жана спорттун массалуулугун өнүктүрүү, калктын ден соолугун чыңдоо, сергек эс алуу маданиятын калыптандыруу |
| 25 | Мектеп окуучуларынын дене тарбиясынын "Президенттик тесттеринин" ченемдик негиздерин иштеп чыгуу | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012- 2014- жж. | Респуб- ликалык бюджет | ББжИМ, ДТжСМА | Дене тарбиянын ченемдик негиздерин практикага киргизүү, мектеп окуучуларынын ден соолугун чыңдоо, спортко шыктууларды табуу |
| 26 | Циклдүүлүк принциби боюнча республикалык оюндарды: спартакиада- ларды жана студенттердин универсиадала- рын, студенттердин жана мектеп окуучуларынын манасиадаларын системага салуу | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн буйругу | 2012-ж. | Талап кылын- байт | ДТжСМА ББжИМ | Оюндарды системага салуу, калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу, машыгып жаткандардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу |
| 27 | "Президенттик тесттер" спорттук-ден соолукту чыңдоо программасы боюнча жергиликтүү деңгээлде (айыл аймагы, райондук жана облустук деңгээл) мелдештер системасын иштеп чыгуу | Жергилик- түү мамадми- нистра- циялар- дын, жергилик- түү өз алдынча органда- рынын буйругу | 2012- 2016- жж. | Жерги- ликтүү бюджет | Жергилик- түү мамадми- нистра- циялар, жергилик- түү өз алдынча башкаруу органдары (макулда- шуу боюнча) | Дене тарбия жана спорттун массалуулугун өнүктүрүү, калктын ден соолугун чыңдоо, спортко шыктууларды табуу |
| 28 | Спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча спорттук класстарды уюштурууну практикага киргизүү | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтому | 2012- 2016- жж. | Респуб- ликалык бюджет, жерги- ликтүү бюджет, тартыл- ган каражат- тар | ББжИМ, ДТжСМА | Спорттук резервдерди даярдоо, мектеп окуучуларын спортко тартуу |
| Жогору квалификациялуу спортсмендерди даярдоо | ||||||
| 29 | Спорттун түрүнүн үнөмдүүлүгү, көп медаль тие тургандыгы, республикада базалардын жана | Практи- калык иш-ара- кеттер | 2012-ж. | Талап кылын- байт | ДТжСМА | Олимпиадалык оюндарга даярданууда күч-аракет- терди бириктирүү жана материалдык, |
Кыскартуулардын тизмеси: ББжИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Финмин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; ӨКМ - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; МУКК - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитети; ДТжСМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; КМДТжСА - Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы; МПМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансалык полиция мамлекеттик кызматы; БКМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №684 токтому менен бекитилген "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын"…Концепция · 26.10.2011 · № 684
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-мартындагы № 1738-V «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.03.2012 · № 1738-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.05.2014 · № 254 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.05.2014 · № 254 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.