# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №679 "Эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коркунучтарды баалоо критерийлери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №679 "Эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коркунучтарды баалоо критерийлери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 679
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95318>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16698/edition/711534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №679 "Эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коркунучтарды баалоо критерийлери жөнүндө" токтому (31.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95318

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 167 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 26-октябры №679 Эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коркунучтарды баалоо критерийлери жөнүндө "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы №533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомун ишке ашыруу жана эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде мамлекеттик органдар жана коомдук саламаттык сактоо кызматынын мекемелери тарабынан ишкердик субъекттеринин ишине текшерүү жүргүзүүнү тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коркунучтарды баалоо критерийлери жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
