Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «»Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 8 сентября 2023 года № 456 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры №677 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилге кылган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №677 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилге кылган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилге кылган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Мыйзам долбоорунда "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелердин пенсияларына эсептик көрсөткүчтүн 1000 проценти, башкача айтканда 1000 сом өлчөмүндө ар айлык проценттик үстөк белгилөө нормасы каралган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобо ылайык СССРдин "Мать-героиня" жана Кыргыз Республикасынын "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиясына 20 процент өлчөмдө үстөк каралган. 2011-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулатылганын эске алганда, өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияга кошумчанын орточо өлчөмү баштапкы эсептөөлөр боюнча айына 782 сомду түзөт. Пенсиялардын өлчөмдөрү жыл сайын көбөйтүлгөндө жогоруда аталган Жобого ылайык өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларга кошумчалар да кошо көбөйтүлүп турат. Ошентип, пенсияга 20 проценттик үстөк болгон учурда республикалык бюджеттен каражаттарды керектөө жылына 119,2 млн. сомду түзөт, ал эми сунуш кылынган мыйзам долбоору боюнча пенсияга (1000 сом өлчөмдө) үстөк белгилөөдө республикалык бюджеттин чыгымдары бир жылда 183,1 млн. сомду түзөт, же кошумча 63,8 млн. сом керек болот. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кабыл алынып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсе, анда Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобого ылайык 20 процент өлчөмдөгү берилип жаткан кошумча жоюлат. Ошондой эле, 1-берененин экинчи жана үчүнчү абзацтарында "ж" тамгасын "з" тамгасына алмаштырууну сунуш кылабыз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизгенде же нормативдик укуктук актылардын структуралык элементтерин күчүн жоготту деп эсептөөдө анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, главаларынын, беренелеринин (пункттарынын) номерлерин өзгөртүүгө болбойт. Ушул айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева сунуш кылган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун айтылган пикирлерди эске алуу менен кабыл алууну колдойт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 февраля 1998 года №82 "Об утверждении Положения о пенсиях за особые заслуги перед Кыргызской Республикой"Постановление · 19.02.1998 · № 82 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон