# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №675 "Уйдун сүтүндө майдын жана белоктун болушунун убактылуу базистик нормаларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №675 "Уйдун сүтүндө майдын жана белоктун болушунун убактылуу базистик нормаларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 675
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95314>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16694/edition/1143553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95314.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №675 "Уйдун сүтүндө майдын жана белоктун болушунун убактылуу базистик нормаларын бекитүү жөнүндө" токтому (28.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95314

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 25 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 26-октябры №675 Уйдун сүтүндө майдын жана белоктун болушунун убактылуу базистик нормаларын бекитүү жөнүндө Уйдун сүтүнүн сапатын уйдун сүтүндөгү майдын жана белоктун массалык үлүшүнүн республиканын чарбаларында жетишилген орточо деңгээлин эске алуу менен туура баалоо максатында, ошондой эле республикада сүт өндүрүүнү андан ары көбөйтүүгө түрткү берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уйдун сүтүндө майдын болушунун убактылуу базистик бирдей нормасы - 3,4 процент жана белоктуку - 3,1 процент болуп белгиленсин.

2. Кыргызстандын мал чарба жана жайыт боюнча илимий изилдөө институту республиканын региондорунда өндүрүлчү уйдун сүтүндөгү майдын жана белоктун канча экенин изилдөө боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине сунуштарды берсин.

3. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1991-жылдын 11-январындагы № 7 "Сүттөгү майдын жана белоктун базалык нормаларын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 1-ноябрында № 92 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
