Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-10-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры №\673 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-ж., № 4, 158-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Мыйзамдын преамбуласы "сууну пайдалануучулардын бирикмелеринин (ассоциацияларынын)" деген сөздөн кийин "жана алардын кошундарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-берене. Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана алардын кошундары жөнүндө мыйзамдар
Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана алардын кошундары жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинен, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";
- 2-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Сууну пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) (мындан ары СПА) - сугат тутумун пайдалануу жана кармоо максатында айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдү сугат суу менен камсыздоо үчүн суу пайдалануучулар түзгөн коммерциялык эмес уюм."; төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Сууну пайдалануучулардын бирикмелеринин (ассоциациясынын) кошундары (мындан ары - СПАК) - тиешелүү сугат жана дренаж тутумдарын биргеликте башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө максатында эки же андан көп СПАнын кызыкчылыгын жана ишин камсыз кылуу, координациялоо үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм."; 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "СПАнын же СПАКтын тейлөө зонасы - СПАнын же СПАКтын тармагынан тейленүүчү белгилүү бир географиялык аймак"; 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Суу берүүчү - сугат тутумун пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн жооптуу жана сууну берүү боюнча келишимдин негизинде сууну пайдалануучулар ассоциацияларына же башка жактарга берип туруу үчүн сууну алып жана жеткирип турган мамлекеттик суу чарба уюмунун аймактык органы же башка юридикалык жак.";
- 3-беренеде:
2-бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- сууну берүү боюнча контракттын негизинде суу берүүчүдөн сугат сууну алуу же лицензияга ылайык табигый суу объектилеринен (дарыялардан, көлдөрдөн жана жер астындагы суу булактарынан) сууну өз алдынча алуу жана СПА тейлеген зонада сууну пайдаланууну жана бөлүштүрүүнү жөнгө салуу;"; 2-бөлүктүн жетинчи абзацында "сууну жеткирүүнү башкаруу жана" деген сөздөр алынып салынсын;
- 5-берененин 7-бөлүгүндө:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык келбесе;"; расмий тилдеги төртүнчү абзацтагы "водного поставщика" деген сөздөр "поставщика воды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-беренеде:
биринчи бөлүктөгү "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөр "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 16-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16-берене. САПтын кеңешинин аткаруучу органы
1. САПтын кеңешинин аткаруучу органы болуп САПтын дирекциясы эсептелет.
2. САПтын уставында дирекцияга төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн:
- САПтын кеңешине берүү үчүн сугат тутумдарын пайдалануунун жана кармоонун жумушчу планын, бюджеттин долбоорлорун жана башка талап кылынган документтерди даярдоо;
- САПтын мүчөлөрүнүн жана мүчө эмес жактардын реестрлерин жүргүзүү, ал жылына кайра каралып чыгып, жаңыланууга тийиш жана САПтын тейлеген зонадагы САПтын ар бир мүчөсүнүн жана мүчө эмес жактын жер участогунун өлчөмүнүн жана тескөөсүнүн баяндамасын камтыйт; САП алган суунун өлчөмүн каттоо журналын, САПтын мүчөлөрүнө жана ага мүчө эмес жактарга сугат суунун берилишине табыштамалардын журналын жана сугаруулардын санынын журналын жүргүзүү;
- сугат тутумдарын кармоону жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу;
- САПтын кеңеши менен макулдашылгандан кийин, бекитилген бюджетке жана САПтын тейлөө зонасындагы сугат тутумдарын кармоо жана пайдалануу боюнча иштердин планына ылайык контракттарды даярдоо жана түзүү;
- суу берүүчү менен суу алуунун өлчөмүн, иштөө графигин жана сууну САПтын мүчөлөрүнө бөлүштүрүүнү макулдашуу;
- САПтын дирекциясынын штатын ишке алуу жана иштен бошотуу, алардын ишине көзөмөл жүргүзүү;
- САПтын бардык жалданган кызматкерлери милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды жана нускамаларды чыгаруу;
- САПтын кеңеши бекиткен жобого ылайык САПтын банк эсептерин башкаруу;
- САПтын кеңеши аныктаган же ушул Мыйзамда белгиленген башка маселелер.
3. САПтын директору жана бухгалтери САПтын кеңеши тарабынан жалданат.
4. САПтын директорунун жана бухгалтеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эмгек келишими (контракты) менен аныкталат.";
- 17-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана анын төрагасынын" деген сөздөр ", анын төрагасынын жана СПАнын дирекциясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги 22-берененин 2-бөлүгүндөгү "водным поставщиком" деген сөздөр "поставщиком воды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-берененин 2-бөлүгүндөгү "сугат фондун" деген сөздөр "сугат жана дренаж тутумдарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-берененин 1-бөлүгү "сугат суусун" деген сөздөрдөн кийин "жыл сайын түзүлүп турган келишимдердин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы IV-I глава менен толукталсын:
IV-I глава Сууну пайдалануучулардын бирикмелеринин (ассоциацияларынын) кошундары
26-1-берене. СПАКтын максаттары жана милдеттери
1. СПАК мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүп берилген чарбалар аралык сугат жана дренаж тутумун биргелешип башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө боюнча бир же андан көп СПАнын ишин координациялоо жана алардын кызыкчылыктарын камсыздоо максатында, ушул Мыйзамга ылайык коммерциялык уюм катары түзүлөт.
2. СПАКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- СПАК тейлеген зонада сууну пайдалануунун шарттарын жөнгө салуу;
- СПАКтын курамына кирген СПАлардын суу чарбалык ишин координациялоо;
- СПАК тейлеген зонада сугат тутумдарын жана ага байланыштуу инфраструктураларды пайдалануу жана техникалык тейлөө;
- табигый суу объектилеринен сууну белгиленген тартипте алуу;
- СПАКтын курамына кирген СПАларга сугат суусун жеткирүү жана бөлүштүрүп берүү;
- ирригациялык тутумдарда курулуш жана оңдоо жумуштарын аткаруу;
- СПАларга көрсөтүлгөн кызмат акыны, ирригациялык тутумдарды жана ага байланыштуу инфраструктураларды техникалык тейлөө кызмат акысы менен биргеликте чогултуу;
- СПАКтын курамына кирген СПАлардын ортосунда сууну пайдалануу жана сууну бөлүштүрүп берүү боюнча талаш-тартыштарын чечүү;
- СПАКтын курамына кирген СПАлардын кызыкчылыгын коргоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка милдеттерди аткаруу.
26-2-берене. СПАКты түзүү
1. СПАКты эки же андан көп СПАлар тарабынан ыктыярдуу негизде уюштурулат.
2. СПАКтарга "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жалпы жоболору, ошондой эле коомдук бирикмелердин ишин жөнгө салуучу жоболор колдонулат.
3. СПАКтын мамлекеттик катталышы "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
4. СПАКтын мүчөлөрү өз алдынчалыгын жана юридикалык жак катары укуктарын сакташат.
5. СПАКтын уставында СПАКтын мүчөсү болгон СПАлардын ортосундагы талаштарды чечүү боюнча комиссияны түзүү каралышы мүмкүн.
26-3-берене. СПАКтын киреше булактары
1. СПАКтын киреше булагы болуп СПАКтын тейлөө зонасындагы СПАга сугат сууну берүү боюнча кызматтары үчүн төлөмдөр, банк эсептери боюнча проценттер, мамлекеттик жана башка булактардан түшкөн акчалар жана гранттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген кирешенин башка булактары эсептелет.
2. СПАКтарга мамлекеттик сугат жана дренаж тутумдарынын бөлүктөрү белгиленген тартипте пайдаланууга жана башкарууга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
3. Мамлекеттик сугат жана дренаж тутумдарынын бөлүгүн СПАКка пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
26-4-берене. СПАКтардын резервдик фонду
1. СПАК камсыздандыруу резервдик фондун түзүүгө жана ал үчүн өзүнчө эсеп ачууга укуктуу.
2. Камсыздандыруунун резервдик фонду СПАКтын тейлөө зонасындагы СПАнын төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлүшү керек жана сугат, дренаж тутумдарын оңдоого, ошондой эле күтүлбөгөн жагдайлар учурунда кеткен чыгымдарды жабууга гана колдонулууга тийиш.
3. Камсыздандыруунун резервдик фондунун каражаттарын колдонуу чечими СПАКнын жалпы чогулушунун (өкүлчүлүк чогулушунун) чечими менен кабыл алынат.";
- V глава төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"V глава. СПАлардын жана СПАКтардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
27-берене. СПАлардын жана СПАКтардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
СПАлардын жана СПАКтардын ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу;
- белгиленген тартипте СПАлардын жана СПАКтардын ишин контролдоо;
- СПАларга жана СПАКтарга СПАлардын жана СПАКтардын мамлекеттик сугат жана дренаж тутумдарынын бөлүктөрүн пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүү;
- СПАларга жана СПАКтарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кеңеш берүү жана жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык суу пайдалануу маселелери боюнча СПАлардын жана СПАКтардын жоопкерчилигин камсыз кылуу.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ортосундагы САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦАСЫ
| Берене, пункт | Күчүндөгү редакция | Сунушталуучу редакция |
|---|---|---|
| Мыйзамдын преамбуласы | "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" | "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана алардын кошундары жөнүндө" |
| 1-берене | Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө мыйзамдар Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндө" Мыйзамынан, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынан жана аларга ылайык кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларынан турат. | Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) ЖАНА АЛАРДЫН КОШУНДАРЫ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДУУЛУК. Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) ЖАНА АЛАРДЫН КОШУНДАРЫ жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинен, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынан жана аларга ылайык кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларынан турат"; |
| 2-берене, биринчи бөлүк | Сууну пайдалануучулардын (ассоциациясы) бирикмеси (СПА) - ушул Мыйзамга ылайык сууну пайдалануучулар тарабынан түзүлгөн уюм. | "Сууну пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) (мындан ары СПА) - СУГАТ ТУТУМУН ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ МАКСАТЫНДА АЙЫЛ ЧАРБАЛЫК ТОВАР ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС БИРИКМЕ". |
| 2-берене, үчүнчү бөлүк | СПАнын тейлөө зонасы - СПА тармагынан тейленүүчү белгилүү айрым географиялык аймак. | "СПАнын ЖЕ СПАКТЫН тейлөө зонасы - СПАнын же СПАКТЫН тармагынан тейленүүчү белгилүү айрым географиялык аймак"; |
| 2-берене, алтынчы бөлүк | Сууну берип туруучу - суу чарбасын пайдалануучу уюм же башкы сугат каналдарын башкарган жана сугат суусун берип турган башка юридикалык жак. | "СУУНУ ЖАБДЫП ТУРУУЧУ - СУГАТ ТУТУМУН ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ҮЧҮН ЖООПТУ ЖАНА СУУНУ БЕРҮҮ БОЮНЧА КЕЛИШИМДИН НЕГИЗИНДЕ СУУНУ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАР АССОЦИАЦИЯЛАРЫНА ЖЕ БАШКА ЮРИДИКАЛЫК ТАРАПКА БЕРИП ТУРУУ ҮЧҮН СУУНУ АЛЫП ЖАНА ЖЕТКИРИП ТУРГАН ТЕРРИТОРИАЛДЫК МАМЛЕКЕТТИК СУУ ЧАРБА МЕКЕМЕСИ ЖЕ БАШКА ЮРИДИКАЛЫК ЖАК". |
| 2-берене, экинчи бөлүк (толуктоо) | СПАЛАРДЫН КОШУНДАРЫ (МЫНДАН АРЫ СПАК) - МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛГЕН СУУ ЧАРБА КУРУЛМАЛАРЫН ЖАНА ТУТУМДАРЫН БИРГЕЛИКТЕ БАШКАРУУ, ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ МАКСАТЫНДА ЭКИ ЖЕ АНДАН КөП СПАНЫН ҮЧҮН АРАКЕТТЕНГЕН КООМДУК БИРИКМЕ. | |
| 3-берене, бешинчи абзац, экинчи бөлүк | - сууну берип туруучудан суусун сатып алуу же алынган лицензияга ылайык сууну дарыядан, жер астындагы же башка табигый суу объектилеринен СПА тейлеген зонанын ичинде бөлүштүрүү үчүн сууну өз алдынча топтоо; | "СУУНУ БЕРҮҮ БОЮНЧА КОНТРАКТЫН НЕГИЗИНДЕ СУУНУ ЖАБДЫП ТУРУУЧУДАН СУГАТ СУУНУ АЛУУ ЖЕ СПА ТЕЙЛЕГЕН ЗОНАНЫН ИЧИНДЕ СУУНУ ПАЙДАЛАНУУГА АЛЫНГАН УРУКСАТКА ЫЛАЙЫК ТАБИГЫЙ СУУ ОБЪЕКТИЛЕРИНЕН (ДАРЫЯЛАРДАН, КӨЛДӨРДӨН ЖАНА ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУ БУЛАКТАРЫНАН) СУУНУ ӨЗ АЛДЫНЧА АЛУУ, ПАЙДАЛАНУУНУ ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА БУЛГАНУУДАН АЛДЫН АЛА САКТАП КАЛУУ ". |
| 3-берене, жетинчи абзац, экинчи бөлүк | - сууну жеткирүүнү башкаруу жана суунун булганышын болтурбай коюу; | - СУУНУН БУЛГАНЫШЫН БОЛТУРБАЙ КОЮУ; |
| 5-берене, экинчи абзац, жетинчи бөлүк | - ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келбесе; | "ушул Мыйзамдын ЖЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА КҮЧҮНДӨГҮ МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖОБОЛОРУНА ЫЛАЙЫК КЕЛБЕСЕ". |
| 6-берене, биринчи бөлүк | СПАны мамлекеттик каттоодон өткөрүү "Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. | СПАны мамлекеттик каттоодон өткөрүү "Юридикалык жактарды, ФИЛИАЛДАРДЫ ЖАНА ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖӨНҮНДӨ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. |
| 6-берене, бешинчи бөлүк (толуктоо) | "СПАНЫ КАЙРА УЮШТУРУУ ЖАНА ЖОЮУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОЛДОНУУДАГЫ МЫЙЗАМДАРЫНА ЖАНА СПАНЫН УСТАВЫНА ЫЛАЙЫК ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛАТ"; | |
| 6-берене, экинчи бөлүк (алып салуу) | СПАнын уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген учурда гана аны мамлекеттик каттоодон өткөрүүдөн баш тартылышы мүмкүн. Мамлекеттик каттоодон өткөрүүдөн баш тартуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн мөөнөттөрүн же тартибин бузуу, ошондой эле мындай каттоодон четтөө мыйзамда белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн. | |
| 16-берене биринчи бөлүк, бешинчи абзац | - ирригациялык тутумдарды эксплуатациялоонун жана күтүүнүн бекитилген бюджетине жана иш пландарына ылайык СПАнын Кеңешинин бекитүүсү үчүн контракттарды даярдоо; | "СПА ТЕЙЛЕГЕН ЗОНАНЫН ИЧИНДЕГИ ИРРИГАЦИЯЛЫК ТУТУМДАРДЫ КҮТҮҮНҮН ЖАНА ЭКСПЛУАТАЦИЯЛООНУН БЕКИТИЛГЕН БЮДЖЕТИНЕ ЖАНА ИШ ПЛАНДАРЫНА ЫЛАЙЫК СПАНЫН КЕҢЕШИНИН МАКУЛДАШУУСУНАН КИЙИН СУУ БЕРҮҮ ҮЧҮН СУУНУ ЖАБДЫП ТУРУУЧУ МЕНЕН КЕЛИШИМДЕРДИ СПАНЫН АТЫНАН ДАЯРДОО ЖАНА ТҮЗҮҮ". |
| 16-берене, биринчи бөлүк, алтынчы абзац | - суу берип туруучунун сугат суусун берүүсүнө жана анын СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлүшүнө контролдук жүргүзүү; | "СУУНУ ЖАБДЫП ТУРУУЧУ МЕНЕН СУУ БЕРҮҮНҮН КӨЛӨМДӨРҮН ЖАНА ГРАФИКТЕРИН МАКУЛДАШУУ ЖАН СПАНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН ОРТОСУНДА СУУНУ БӨЛҮШТҮРҮҮ". |
| 17-берене, биринчи бөлүк | Текшерүү комиссиясы СПАнын Кеңешинин жана анын төрагасынын каржылык жана чарбалык ишине контролдукту жүзөгө ашырат. | ТЕКШЕРҮҮ КОМИССИЯСЫ СПАНЫН КЕҢЕШИНИН, АНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ЖАНА СПАНЫН ДИРЕКЦИЯСЫНЫН КАРЖЫЛЫК ЖАНА ЧАРБАЛЫК ИШИНЕ КОНТРОЛДУКТУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ. |
| 22-берене, экинчи бөлүк | Суу берүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрүнүн өлчөмүн жалпы чогулуш аныктайт жана [суу берүүчүлөрдүн] сугат суусун берүүгө кеткен чыгымдарын, СПАнын өзүнүн сугат тутумдарын пайдаланууга жана күтүүгө кеткен чыгымдарды жабууну камсыз кылууга тийиш. | Суу берүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрүнүн өлчөмүн жалпы чогулуш аныктайт жана сууну жабдып ТУРУУЧУЛАРДЫН сугат суусун берүүгө кеткен чыгымдарын, СПАнын өзүнүн сугат тутумдарын пайдаланууга жана күтүүгө кеткен чыгымдарды жабууну камсыз кылууга тийиш. |
| 23-берене, экинчи бөлүк | Камсыздандыруунун резервдик фонду СПАнын аймагынын ичиндеги сугат фондун оңдоого жана күтүлбөгөн жагдайлар учурунда кеткен чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн. | Камсыздандыруунун резервдик фонду СПАнын аймагынын ичиндеги ирригациялык ЖАНА ДРЕНАЖДЫК ТАРМАКТАРДЫ оңдоого жана күтүлбөгөн жагдайлар учурунда кеткен чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн. |
| 24-берене биринчи бөлүк | СПА өзүнүн тейлөө зонасынын ичиндеги СПАнын мүчөлөрү болуп эсептелбеген жер участокторунун ээлерине же пайдалануучуларга сугат суусун берип тура алат. | СПА өзүнүн тейлөө зонасынын ичиндеги СПАнын мүчөлөрү болуп эсептелбеген жер участокторунун ээлерине же пайдалануучуларга ЖЫЛ САЙЫН ТҮЗҮЛҮҮЧҮ КЕЛИШИМДЕРДИН НЕГИЗИНДЕ сугат суусун берип тура алат. |
| Глава IV-1 (толуктоо) | СПАЛАРДЫН КОШУНДАРЫ 26-1-БЕРЕНЕ. СПАКНЫН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 1. СПАЛАРДЫН КОШУНДАРЫ БИРГЕЛЕШКЕН БАШКАРУУ, ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА ТҮЗҮҮЧҮ СПАЛАРДЫН МҮЧӨЛӨРҮН СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛГАН ЧАРБАЛАР АРАЛЫК СУГАТ ТУТУМДА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ҮЧҮН ЭКИ ЖЕ АНДАН КӨП СПАНЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН АРАКЕТТЕНГЕН КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМ КАТАРЫ УШУЛ МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК ТҮЗҮЛӨТ. 2. СПАКТЫН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ: - СПАК ТЕЙЛЕГЕН ЗОНАДА СУУНУ ПАЙДАЛАНУУНУН ШАРТТАРЫН ЖӨНГӨ САЛУУ; - СПАКНЫН КУРАМЫНА КИРГЕН СПАЛАРДЫН СУГАТ ЧАРБАЛЫК ИШМЕРДИГИН КООРДИНАЦИЯЛОО; - СПАК ТЕЙЛЕГЕН ЗОНАДА СУГАТ ТУТУМДАРЫН ЖАНА АГА БАЙЛАНЫШТУУ ИНФРАСТРУКТУРАЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ; - ТАБИГЫЙ СУУ ОБЪЕКТИЛЕРИНЕН СУУНУ БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ АЛУУ; - СПАКНЫН КУРАМЫНА КИРГЕН СПАЛАРГА СУГАТ СУУСУН ЖЕТКИРҮҮ ЖАНА БӨЛҮШТҮРҮП БЕРҮҮ; - ИРРИГАЦИЯЛЫК ТУТУМДАРДА КУРУЛУШ ЖАНА РЕМОНТТОО ЖУМУШТАРЫН АТКАРУУ; - СПАЛАРГА КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЗМАТ АКЫНЫ, ИРРИГАЦИЯЛЫК ТУТУМДАРДЫ ЖАНА АГА БАЙЛАНЫШТУУ ИНФРАСТРУКТУРАЛАРДЫ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТ АКЫСЫ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ЧОГУЛТУУ; - СПАК ТЕЙЛЕГЕН ЗОНАДА СУГАТКА ЖАНА СУУНУ БӨЛҮШТҮРҮП БЕРҮҮГӨ ТИЕШЕЛҮҮ СПАЛАРДЫН ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРЫН ЧЕЧҮҮ; - СПАКНЫН МҮЧӨСҮ БОЛГОН СПАЛАРДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН КОРГОО; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА КАРШЫ КЕЛБЕГЕН, АР-ТҮРДҮҮ МИЛДЕТТЕРДИ АТКАРУУ; 26-2 СТАТЬЯ. СПАКДУ ТҮЗҮҮНҮН ЖОЛ-ЖОБОСУ 1. СПАКДАРЫ ЭКИ ЖЕ АНДАН КӨП СПАЛАР ТАРАБЫНАН УЮШТУРУУ УШУЛ СТАТЬЯНЫН ЖОБОЛОРУНА ЖАНА СПАНЫН ЫКТЫЯРДУУ НЕГИЗДЕ УЮШТУРУЛАТ; 2. СПАКДАРГА "КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМДАР ЖӨНҮНДӨГҮ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КООМДУК БИРИКМЕЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ЖОБОЛОР КОЛДОНУЛАТ; 3. СПАКНЫН МАМЛЕКЕТТИК КАТТАЛЫШЫ "ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ, ФИЛИАЛДАРДЫ ЖАНА ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ЫЛАЙЫК ИШКЕ АШЫРЫЛАТ; 4. СПАКНЫН МҮЧӨЛӨРҮ ӨЗДӨРҮНҮН ӨЗ АЛДЫНЧАЛЫГЫН ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАК КАТАРЫ УКУКТАРЫН САКТАШАТ. 5. СПАКНЫН УСТАВЫНДА ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА КОМИССИЯ БОЛУШУ МҮМКҮН. 26-3 СТАТЬЯ. СПАКНЫН КИРЕШЕ БУЛАКТАРЫ 1. СПАКНЫН СУУНУ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТ АКЫЛЫК ТӨЛӨМДӨРҮ, СПА - УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН МҮЧӨЛӨРҮ БОЛБОГОН ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ЖЕКЕ ЖАКТАРДАН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР, БАНКТЫК ЭСЕПТЕР БОЮНЧА ПАЙЫЗДАР, МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА БАШКА БУЛАКТАРДАН АЛЫНГАН КАЙЫР-САДАГАЛАР ЖАНА ГРАНТТАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА КАРШЫ КЕЛБЕГЕН БАШКА БУЛАКТАР СПАКНЫН КИРЕШЕ БУЛАКТАРЫ БОЛУШУ МҮМКҮН. 2. СПАКДАРЫНА МАМЛЕКЕТТИК СУГАТ ЖАНА КУРГАТУУ ТУТУМДАРЫНЫН БӨЛҮКТӨРҮ ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА БАШКАРУУГА ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛИШИ МҮМКҮН. 3. СУГАТ ЖАНА КУРГАТУУ ТУТУМДАРЫН КАМТЫГАН МҮЛКТҮ ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА БАШКАРУУГА ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. 26-4 БЕРЕНЕ. СПАКДАРЫНЫН РЕЗЕРВДИК ФОНДУ 1. СПАЛАР КОШУНДАРЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУ РЕЗЕРВДИ ФОНД ТҮЗҮШҮ ЖАНА АЛ ҮЧҮН ӨЗҮНЧӨ ЭСЕБИН АЧУУГА АКЫЛУУ. 2. КАМСЫЗДАНДЫРУУНУН РЕЗЕРВДИК ФОНДУ СПА - УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН ТӨЛӨМДӨРҮНҮН ЭСЕБИНЕН ТҮЗҮЛҮШҮ КЕРЕК ЖАНА СПА - УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН ТЕЙЛӨӨ ЗОНАСЫНЫН ИЧИНДЕГИ СУГАТ ЖАНА КУРГАТУУ ТУТУМДАРЫН ОНДООГО ГАНА ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫ ЗАРЫЛ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КҮТҮЛБӨГӨН ЖАГДАЙЛАР УЧУРУНДА КЕТКЕН ЧЫГЫМДАРДЫ ЖАБЫШЫ КЕРЕК. 3. КАМСЫЗДАНДЫРУУНУН РЕЗЕРВДИК ФОНДУНУН КАРАЖАТТАРЫН ИШТЕТҮҮ ЧЕЧИМИ СПАКНЫН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУНУН (ӨКҮЛЧҮЛҮК ЧОГУЛУШУНУН) ЧЕЧИМИ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. | |
| Глава V | СПАнын ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо 27-берене. СПАнын ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо СПАнын ишин мамлекеттик жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан СПАнын ишин координациялоо жана контролдоо милдети жүктөлгөн СПАнын жөнгө салуу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. СПАны жөнгө салуучу орган СПАнын ишин көзөмөлдөө боюнча өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн: - СПАнын мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга же иликтөө жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудиторлорду ишке тартууга; - белгиленген үлгүдөгү СПАнын реестрин жүргүзүүгө; - СПАга юридикалык, бухгалтердик жана техникалык маселелер боюнча кеңеш берүүнү жана жардам берүүнү камсыз кылууга; - ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткарууга укуктуу. СПАнын жетекчи адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттордун туура эместиги жана өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат. | "V ГЛАВА. СПАЛАРДЫН ЖАНА СПАКДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН МАМЛЕКЕТТИК ЖӨНГӨ САЛУУ 27-БЕРЕНЕ. СПАЛАРДЫН ЖАНА СПАКДАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН МАМЛЕКЕТТИК ЖӨНГӨ САЛУУ СПАЛАРДЫН ЖАНА СПАКДАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН МАМЛЕКЕТТИК ЖӨНГӨ САЛУУНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ: - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН НОРМАТИВДИК-УКУКТУК АКТЫЛАРЫН КАБЫЛ АЛУУ; - БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ СПАЛАРДЫН ЖАНА СПАЛАР КОШУНДАРЫНЫН ИШ-АРАКЕТИН КӨЗӨМӨЛДӨӨ; - СПАКДАРЫНА МАМЛЕКЕТТИК СУГАТ ЖАНА КУРГАТУУ ТУТУМДАРЫНЫН БӨЛҮКТӨРҮН ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА БАШКАРУУГА ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ; - СПАЛАРГА ЖАНА СПАКДАРЫНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ КЕҢЕШ БЕРҮҮ ЖАНА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ФОРМАЛАРЫ АРКЫЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. |
| 29-берене, 1-1 бөлүк (толуктоо) | "ЭГЕРДЕ БУЛ МЫЙЗАМДЫН ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ СПАКДЫН МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО МАСЕЛЕЛЕРИ БАШКА МЫЙЗАМДАРДЫН ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ КАРАМА-КАРШЫ КЕЛСЕ УШУЛ МЫЙЗАМДЫН ЖОБОЛОРУ КОЛДОНУЛАТ. |
Кыргыз Республикасынын суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы
3.Жамалдинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 2188-V "Суу пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Постановление · 28.06.2012 · № 2188-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1974-V "Суу пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Постановление · 07.06.2012 · № 1974-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2354-V "Суу пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 04.10.2012 · № 2354-V
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 38 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон