Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-10-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 25-октябры № 672 "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы№ 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2009-жылдын 9-июну,№44) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана кириш сөзүндөгү "Жалпы техникалык" деген сөздөр "техникалык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-беренеде:
- 3-бөлүгүнүн алтынчы-жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Т категориясы - дөңгөлөктөрүндөгү же казтамандарындагы күч бергич түзүлүш менен кыймылга келүүчү, кеминде эки октуу, алардын иштеши негизинен тартуу кубаттуулугуна жараша болгон жана чиркеп сүйрөө, түртүү, ташуу же айыл же токой чарбада пайдалануу үчүн арналган тийиштүү түзүлүштөрдү же жабдууларды, машиналарды же чиркегичтерди кыймылга келтирүү үчүн арналган айыл чарба жана токой чарба тракторлору. Мындай тракторлор жүк жана адамдарды ташууга ыңгайлаштырылышы мүмкүн;
- атайын арналыштагы жерде жүрүүчү транспорт каражаттар - М, N, Т же О категорияларындагы, аткаруу үчүн атайын ылайыкташтыруу же жабдуу керек болгон атайын функцияларды аткарууга арналган жерде жүрүүчү транспорт каражаттар;";
- 4-беренеде:
1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- тиешелүү техникалык регламенттер талап кылган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражаттын атайын талаптарга ылайыктуулугун тастыктаган документ."; 2-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "сертификациялоо органына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр менен алмашылсын;
- 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
- "Эксплуатациядагы транспорт каражаттардын конструкциясына өзгөртүү киргизүү тартибин жана андан кийин шайкештигин баалоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
- 8-беренеде:
- 1-бөлүктүн экинчи абзацы, 2-бөлүк, 3-бөлүк, 12-бөлүк күчүн жоготту деп эсептелсин;
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайыктуулугу иштеп чыгарган мамлекеттин, же колдонууга болсо, жасаган мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы берген типти колдоо менен ырасталат."; 6-абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жерде жүрүүчү транспорт каражатка башка мамлекет берген типке карата колдоо Кыргыз Республикасында эгерде андай колдоону берүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде белгиленген талаптарга жооп берсе анан таанылышы мүмкүн."; 7-бөлүктөгү "жана аны ырастоо" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-бөлүктөгү "Сертификациялоо боюнча орган" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-беренеде:
- 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацы "идентификациялык белгиси" деген сөздөрдөн кийин "шасси" деген сөз менен толукталсын;
- 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өңү;"; 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттын ээси/эксплуатанты алмашкан учурда ээсинин/эксплуатанттын каалоосу боюнча мурдагы мамлекеттик номер белгини калтырууга болот."; төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарды каттоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
- 10-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"10-берене. Техникалык кароо
Жерде жүрүүчү төмөнкүдөй транспорт каражаттар техникалык кароодон өтүүгө тийиш:
1) ташуу боюнча ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылчулар;
- жүргүнчүлөрдү, анын ичинде жеңил автомашиналар (такси);
- жүктөрдү;
- опурталдуу жүктөрдү;
2) атайын жана адистештирилген транспорт каражаттар (медициналык тез жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, жыгач ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттар, айыл чарбалык жана токой чарбалык тракторлор, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар, акча жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттар).
Ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылчу жерде жүрүүчү транспорт каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү мөөнөтү:
- жүргүнчүлөрдү жана опурталдуу жүктөрдү ташуучулар - жылына эки жолу;
- жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн жеңил автомашиналар (таксилер), жүк жана жүргүнчү ташуучулар, жүк ташуучулар, айыл чарбалык жана токой чарбалык тракторлор, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар, атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары, чыгарылган жылына жараша:
үч жылга чейин - техникалык кароого жатпайт; үч жылдан жети жылга чейин - эки жылда бир жолу; 7 жылдан жогору - жыл сайын. Башка бардык жерде жүрүүчү транспорт каражаттары техникалык кароодон ыктыярдуу түрдө өткөрүлөт. Техникалык кароону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген диагностикалык борборлор өткөрүшөт. Транспорт каражаттарды техникалык кароодон өткөрүүчү диагностикалык борборлор ушул Регламенттин 11-беренесинде белгиленген талаптарды текшерүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, контролдоочу-өлчөөчү приборлор менен жабдылууга тийиш. Диагноздук кызмат көрсөтүүчү техникалык тейлөө станциялары техникалык кароодон өткөрүү укугуна ээ эмес. Бул Регламентте каралган техникалык кароодон өткөрүү үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү транспорт каражатты эксплуатациялоо мезгилинде ошол транспорт каражатты эксплуатациялоочуга жүктөлөт. Жолдо жүрүүнүн коопсуздугу, транспорт каражаттын техникалык оң абалда болушу үчүн эксплуатант толук жоопкерчилик тартат. Техникалык кароону өткөрүүчү Диагностикалык борборлор ушул Регламенттин талаптарынын аткарылышына техникалык кароо жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө өз функцияларын тийиштүү түрдө аткарбаса, мыйзамга каршы иш жасаганы (аракетсиздиги үчүн) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат. Техникалык кароодон өткөрүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт."; 11-беренеде: 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "сертификациялоо" деген сөз алып салынсын; 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы, 4-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин; 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- 3-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацында, жерде жүрүүчү транспорт каражаттын кыймылдаткычынан чыгуучу зыяндуу заттардын деңгээлинин ылайыктуулугуна карата.".
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын [жалпы] техникалык регламенти | Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти |
|---|---|
| 1 | 2 |
| "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
| Ушул [Жалпы] техникалык регламент (мындан ары - Регламент) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын компоненттеринин (мындан ары - жерде жүрүүчү транспорт каражаттары) коопсуздугуна карата коюлуучу минималдуу талаптарды белгилейт жана Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарын жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жаатындагы практикага жана эл аралык талаптарга максималдуу ылайык келишин камсыз кылуу | Ушул [Техникалык] регламент (мындан ары - Регламент) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын компоненттеринин (мындан ары - жерде жүрүүчү транспорт каражаттары) коопсуздугуна карата коюлуучу минималдуу талаптарды белгилейт жана Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарын жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жаатындагы практикага жана эл аралык талаптарга максималдуу ылайык келишин камсыз кылуу максатын көздөйт. |
| 4-берене. Маалыматка карата талаптар жана эксплуатациялоого жол берүү 1. Жерде жүрүүчү ар бир транспорт каражаты төмөнкүлөр менен жабдылат же төмөнкүлөрү болот: - жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камсыздоочу мамлекеттик же расмий тилдеги нускама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер же маалымат; - тийиштүү түрдө бекитилген жана окуганга ылайыктуу жерде жайгашкан жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын тиби, модели, сериялык жана идентификациялык башка номери же белгиси жөнүндөгү өрттүн же химиялык реакциянын таасиринде өчпөгөн маалыматты камтыган атайын табличкасы болуш керек; - каттоо жөнүндө күбөлүк же каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруучу башка документ; [- тиешелүү техникалык регламенттер талап кылган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын ылайыктуулук сертификатын атайын талаптарга алмаштыруучу ылайыктуулук сертификаты же башка документ.] 2. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынан өзүнчө алып келинген жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын ар бир компоненти төмөнкүлөр менен жабдылат же төмөнкүлөрү болот: - эгер бул компоненттин эксплуатациясы жана анын техникалык тейлөөсү, бул компонент орнотулган жерде жүрүүчү транспорт каражатынын болгон эксплуатациялык жана техникалык документтеринде эскертилбеген болсо, жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуучу мамлекеттик же расмий тилдеги нускама, колдонмо же башка экплуатациялык же техникалык документтер же маалыматтар; - тиешелүү техникалык регламент талап кылынган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын ылайыктуулук сертификатын атайын талаптарга алмаштыруучу ылайыктуулук сертификаты же башка документ. Кыргыз Республикасында мурда катталбаган же ага карата типти жактыруу же типти жактыруунун жол-жоболору түзүлбөгөн жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин Кыргыз Республикасына биринчи жолу алып келүүдө берүүчү же жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин алып келүүчү жак [сертификациялоо органына] иштеп чыгаруучу турган мамлекет же болбосо, эгерде колдонууга жатса, жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин чыгарган жак турган мамлекет тарабынан берилген типти жактыруу документинин көчүрмөсүн берет. Жерде жүрүүчү транспорт каражатына жана алардын компоненттерине эксплуатациялык жана техникалык документтерди иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын жана/же компонентин иштеп чыгуучуга же даярдоочуга жүктөлөт. Алып келинүүчү жерде жүрүүчү транспорт каражатынын жана анын компоненттеринин эксплуатациялык жана техникалык документтеринин болушу, алардын ырастуулугу жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын жана/же компонентин берүүчүгө жүктөлөт. 3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтер бар болгондо гана жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын жана/же алардын компоненттерин эксплуатациялоону жүзөгө ашырууга жол берилет. | 4-берене. Маалыматка карата талаптар жана эксплуатациялоого жол берүү 1. Жерде жүрүүчү ар бир транспорт каражаты төмөнкүлөр менен жабдылат же төмөнкүлөрү болот: - жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камсыздоочу мамлекеттик же расмий тилдеги нускама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер же маалымат; - тийиштүү түрдө бекитилген жана окуганга ылайыктуу жерде жайгашкан жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын тиби, модели, сериялык жана идентификациялык башка номери же белгиси жөнүндөгү өрттүн же химиялык реакциянын таасиринде өчпөгөн маалыматты камтыган атайын табличкасы болуш керек; - каттоо жөнүндө күбөлүк же каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруучу башка документ; [- тиешелүү техникалык регламенттер талап кылган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын атайын талаптарга ылайыктуулулугун бышыктоочу документ.] 2. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынан өзүнчө алып келинген жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын ар бир компоненти төмөнкүлөр менен жабдылат же төмөнкүлөрү болот: - эгер бул компоненттин эксплуатациясы жана анын техникалык тейлөөсү, бул компонент орнотулган жерде жүрүүчү транспорт каражатынын болгон эксплуатациялык жана техникалык документтеринде эскертилбеген болсо, жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуучу мамлекеттик же расмий тилдеги нускама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер же маалыматтар; - тиешелүү техникалык регламент талап кылынган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын ылайыктуулук сертификатын атайын талаптарга алмаштыруучу ылайыктуулук сертификаты же башка документ. Кыргыз Республикасында мурда катталбаган же ага карата типти жактыруу же типти жактыруунун жол-жоболору түзүлбөгөн жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин Кыргыз Республикасына биринчи жолу алып келүүдө берүүчү же жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин алып келүүчү жак [ыйгарым укуктуу органга] иштеп чыгаруучу турган мамлекет же болбосо, эгерде колдонууга жатса, жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин чыгарган жак турган мамлекет тарабынан берилген типти жактыруу документинин көчүрмөсүн берет. Жерде жүрүүчү транспорт каражатына жана алардын компоненттерине эксплуатациялык жана техникалык документтерди иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын жана/же компонентин иштеп чыгуучуга же даярдоочуга жүктөлөт. Алып келинүүчү жерде жүрүүчү транспорт каражатынын жана анын компоненттеринин эксплуатациялык жана техникалык документтеринин болушу, алардын ырастуулугу жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын жана/же компонентин берүүчүгө жүктөлөт. 3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтер бар болгондо гана жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын жана/же алардын компоненттерин эксплуатациялоону жүзөгө ашырууга жол берилет. |
| 7-берене. Атайын талаптар Ушул Регламентте көрсөтүлбөгөн жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугуна карата атайын же толук иштелип чыккан талаптар ушул Регламентке ылайык атайын техникалык регламенттерде эскерилет. Мындай регламенттердин тизмеги төмөнкү көрсөтүлгөн талаптар менен чектелет: - ушул Регламенттин 2-беренесинде көрсөтүлгөн жерде жүрүүчү транспорт каражаттарына карата; - ушул Регламенттин 3-беренесинде көрсөтүлгөн системаларга жана жабдыктарга карата. | 7-берене. Атайын талаптар Ушул Регламентте көрсөтүлбөгөн жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугуна карата атайын же толук иштелип чыккан талаптар ушул Регламентке ылайык атайын техникалык регламенттерде эскерилет. Мындай регламенттердин тизмеги төмөнкү көрсөтүлгөн талаптар менен чектелет: - ушул Регламенттин 2-беренесинде көрсөтүлгөн жерде жүрүүчү транспорт каражаттарына карата; - ушул Регламенттин 3-беренесинде көрсөтүлгөн системаларга жана жабдыктарга карата. [- пайдаланууда жүргөн транспорт каражаттарынын түзүлүшүнө өзгөртүү киргизүүнүн тартиби, жана андан аркы ылайыктуулугуна баа берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.] |
| 8-берене. Ылайыктуулукту баалоо Ылайыктуулукту баалоо төмөнкү формаларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат: [- милдеттүү сертификация;] - тибин жактыруу; - каттоо; - техникалык кароо; - мамлекеттик көзөмөл. [Техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ылайыктуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган сертификациялоо боюнча орган берген же ылайыктуулук жөнүндө декларация менен ырасталат. Бир эле типтеги транспорт каражаттарынын партиясынын ылайыктуулугун баалоого арыз келип түшкөн учурда ылайыктуулукту баалоо боюнча орган жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын ушул партиядагы тандап алынган экземплярынын ылайыктуулугун баалоо иштерин жүзөгө ашырат. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин жана анын конструкциясынын техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына ылайыктуулугун аныктоо иштеп чыгуучу мамлекеттин же болбосо, эгерде колдонууга жатса, чыгарган мамлекеттин сертификациялоо боюнча органы тарабынан берилген типти жактыруу менен ырасталат.] Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ылайыктуулукту баалоону аткаруу максатында техникалык текшерүүлөрдү жана сыноолорду аткарууга тиешелүү техникалык жана башка мүмкүнчүлүгү бар белгиленген тартипте аккредиттелген уюмга ыйгарым укук берет. Жерде жүрүүчү транспорт каражатына башка мамлекет тарабынан берилген типти жактыруу же [ылайыктуулук сертификаты], мындай жактырууну же [ылайыктуулук сертификатты] берүүгө талаптар Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин белгиленген талаптарына ылайык келген шартында гана Кыргыз Республикасында таанылышы мүмкүн. Чыгаруучу өздөрү чыгарган жерде жүрүүчү ар бир транспорт каражатынын конструкциясынын бекитилген тибине ылайыктуулугун камсыздоо [жана аны ырастоо] үчүн жооптуу болот. Ушул жободо ылайыктуулукту текшерүү боюнча органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тандап алып текшерүү жолу менен техникалык регламентте белгиленген талаптарды чыгаруучу сактап келе жаткандыгына ынануу, ал эми жерде жүрүүчү транспорт каражаты конструкциянын бекитилген тибине учурда да ылайык келээрине баа берүү укугу алынбайт. Ылайыктуулукту баалоо боюнча орган ылайыктуулукту баалоого арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде, ылайыктуулукту баалоо жол-жоболорун өткөрөт жана анын жыйынтыгы боюнча арыз ээсине билдирет. Эгер ылайыктуулукту баалоо үчүн кошумча убакыт талап кылынса, ылайыктуулукту баалоо боюнча орган жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө мындай кошумча убакыттын зарылдыгын негиздөө менен арыз ээсине билдирет. [Сертификациялоо боюнча орган ушул айдын ичинде] тибин жактыруу же тибин жактыруу жөнүндө документтери токтотулган жана жокко чыгарылган жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын тизмегин ай сайын чыгарат. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибинин конструкциясын өзгөртүүдө, мындай өзгөртүүлөрдү аткарган иштеп чыгаруучу, жасоочу же уюм ылайыктуулукту баалоо боюнча органга жаңы тибин жактырууга же мурда жактырылган тибине кошумчалоого арыз берет. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын конструкциясын өзгөртүүлөр жөнүндө баардык маалыматтары жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүнө киргизилет. [Сертификациялоого катышкан жана коммерциялык сыр болуп жарыяланган маалымат берилген ар бир жак, ушул коммерциялык сырды сактоонун сүйлөшүлгөн шарттарын сактоону камсыз кылат.] | 8-берене. Ылайыктуулукту баалоо Ылайыктуулукту баалоо төмөнкү формаларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат: - тибин жактыруу; - каттоо; - техникалык кароо; - мамлекеттик көзөмөл. [Мындай жактырууну берүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына жооп берген шарттарда жерде жүрүүчү транспорт каражатына башка мамлекет тарабынан берилген типти жактыруу Кыргыз Республикасында таанылышы мүмкүн.] Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ылайыктуулукту баалоону аткаруу максатында техникалык текшерүүлөрдү жана сыноолорду аткарууга тиешелүү техникалык жана башка мүмкүнчүлүгү бар белгиленген тартипте аккредиттелген уюмга ыйгарым укук берет. Кыргыз Республикасынын техникалык регламентиндеги көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген шартта, башка мамлекеттер тарабынын берилген жер үстүндө жүрүүчү транспорттук каражаттардын жактырылган тиби Кыргыз Республикасында таанылышы мүмкүн. Чыгаруучу өздөрү чыгарган жерде жүрүүчү ар бир транспорт каражатынын конструкциясынын бекитилген тибине ылайыктуулугун [камсыздоо үчүн] жооптуу болот. Ушул жободо ылайыктуулукту текшерүү боюнча органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тандап алып текшерүү жолу менен техникалык регламентте белгиленген талаптарды чыгаруучу сактап келе жаткандыгына ынануу, ал эми жерде жүрүүчү транспорт каражаты конструкциянын бекитилген тибине учурда да ылайык келээрине баа берүү укугу алынбайт. Ылайыктуулукту баалоо боюнча орган ылайыктуулукту баалоого арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде, ылайыктуулукту баалоо жол-жоболорун өткөрөт жана анын жыйынтыгы боюнча арыз ээсине билдирет. Эгер ылайыктуулукту баалоо үчүн кошумча убакыт талап кылынса, ылайыктуулукту баалоо боюнча орган жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө мындай кошумча убакыттын зарылдыгын негиздөө менен арыз ээсине билдирет. [Ыйгарым укуктуу орган ай сайын] тибин жактыруу же тибин жактыруу жөнүндө документтери токтотулган жана жокко чыгарылган жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын тизмегин ушул айдын ичинде чыгарат. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибинин конструкциясын өзгөртүүдө, мындай өзгөртүүлөрдү аткарган иштеп чыгаруучу, жасоочу же уюм ылайыктуулукту баалоо боюнча органга жаңы тибин жактырууга же мурда жактырылган тибине кошумчалоого арыз берет. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын конструкциясын өзгөртүүлөр жөнүндө баардык маалыматтары жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүнө киргизилет. |
| 9-берене. Каттоо Кыргыз Республикасында чыгарылуучу, ташып киргизилүүчү жана эксплуатациялануучу жерде жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тиешелүү реестринде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш, мындай транспорттук каражаттар транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөн учурларды кошпогондо. Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо же эсепке алуу Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо боюнча функциялар жүктөлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат. Каттоо жөнүндө күбөлүк жерде жүрүүчү транспорт каражаттары жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыйт: - тиби, маркасы/модели; [- иштеп чыгаруучу жана/же жасоочу;] - чыгарылган датасы; - сериялык номери же башка идентификациялык белгиси; [- негизги конструктивдик же эксплуатациялык маалыматтары;] - техникалык абалы (штамп, белги же техникалык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө башка белги); - каттоо датасы; - каттоо органы; - каттоо белгилери (мамлекеттик номердик белги); [- ээси/эксплуатант (аты-жөнү/уюмдун аталышы).] Жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатына берилген каттоо жөнүндө күбөлүк, каттоо белгилер жана башка документтер акыркысы утилдештирилгенден кийин ушул документти берген же сактоо үчүн жооптуу тиешелүү органга ээси же эксплуатант тарабынан кайтарып берилет, аталган орган белгиленген жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык жокко чыгаруу же сактоо жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алат. Жогоруда саналган документтерди кайтарып берүү, жокко чыгаруу же сактоого өткөрүп берүү, эгерде буга тиешелүү мыйзамдарда же эрежелерде жол берилсе утилдештирүү жол-жобосуна чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. | 9-берене. Каттоо Кыргыз Республикасында чыгарылуучу, ташып киргизилүүчү жана эксплуатациялануучу жерде жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тиешелүү реестринде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш, мындай транспорттук каражаттар транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөн учурларды кошпогондо. Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо же эсепке алуу Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо боюнча функциялар жүктөлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат. Каттоо жөнүндө күбөлүк жерде жүрүүчү транспорт каражаттары жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыйт: - тиби, маркасы/модели; - чыгарылган датасы; - сериялык номери же башка идентификациялык белгиси; [- шасси;] [- түсү;] - техникалык абалы (штамп, белги же техникалык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө башка белги); - каттоо датасы; - каттоо органы; - каттоо белгилери (мамлекеттик номердик белги); - ээси/эксплуатант (аты-жөнү/ уюмдун аталышы); [- кайра катталган же ээси/эксплуатант алмашкан учурда, жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын ээсинин\эксплуатанттын каалоосу боюнча мурунку мамлекеттик номур белгисин калтырууга жол берилет.] Жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатына берилген каттоо жөнүндө күбөлүк, каттоо белгилер жана башка документтер акыркысы утилдештирилгенден кийин ушул документти берген же сактоо үчүн жооптуу тиешелүү органга ээси же эксплуатант тарабынан кайтарып берилет, аталган орган белгиленген жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык жокко чыгаруу же сактоо жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алат. Жогоруда саналган документтерди кайтарып берүү, жокко чыгаруу же сактоого өткөрүп берүү, эгерде буга тиешелүү мыйзамдарда же эрежелерде жол берилсе утилдештирүү жол-жобосуна чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. [Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.] |
| [10-берене. Техникалык кароо Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароо төмөнкү мөөнөттө жана учурларда жүзөгө ашырылат: - жерде жүрүүчү баардык транспорт каражаттары - Кыргыз Республикасында аларды каттоодо жана андан ары тиешелүү түрдө ушул берененин үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн мөөнөттө; - опурталдуу жүк ташуучу М,№жана L категориясындагы жерде жүрүүчү транспорт каражаттары - жылына бир жолу; - ушул берененин үчүнчү абзацына кирбеген жерде жүрүүчү баардык башка транспорт каражаттары - 2 жылда бир жолу. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын техникалык кароону техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу орган же уюм тарабынан жүзөгө ашырылат. Ушул Регламентте каралган техникалык кароону өткөрүүгө жоопкерчилик жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын эксплуатациялоонун мезгилинде эксплуатантка жүктөлөт.] | [10-берене. Техникалык кароо 1. Жерде жүрүүчү транспорттук каражаттар төмөндөгүдөй техникалык кароого жатат: а) ишкердик иште: - жүргүнчүлөрдү, анын ичинде кызмат көрсөтүүчү жеңил автомашиналар (таксилер); - жүктөрдү; - коркунучтуу жүктөрдү ташуу боюнча пайдалануу; б) атайын жана адистештирилген транспорттук каражаттар (тез медициналык жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, автожыгачташуучулар, автосамосвалдар, автоцементташуучулар, автоэакуаторлор, узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары жана акча жана баалуу жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттары. 2. Ишкердик иш үчүн пайдаланган жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароонун мезгилдүүлүгү: - жүргүнчүлөрдү жана коркунучтуу жүктөрдү ташуу боюнча - жылына эки жолу; - жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн жеңил (таксилер), жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн, жүктөрдү, атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары чыккан жылына жараша: - үч жылга чейин - кароого жатпайт; - үч жылдан жети жылга чейин - эки жылда бир жолу; - жети жылдан жогору - жыл сайын. 3. Жерде жүрүүчү башка транспорт каражаттарынын баары ыктыярдуу тартипте техникалык кароодон өтөт. 4. Техникалык кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттештирилген диагностикалык борборлор тарабынан ишке ашырылат. 5. Транспорт каражаттарын техникалык кароодо ишке ашырган диагностикалык борборлор ушул техникалык регламенттин 11-беренесинин талаптарында белгиленген текшерүү үчүн зарыл керектүү жабдуулар, контролдук-ченөөчү приборлор менен жабдылууга тийиш. 6. Диагностикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу Техникалык тейлөө түйүндөрү техникалык кароону жүргүзүүгө укугу жок. 7. Ушул жерде жүрүүчү транспорттук каражатты эксплуатациялоонун ичинде ушул Регламентте каралган милдеттүү техникалык кароону жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик эксплуатантка жүктөлөт. 8. Кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу, транспорттук каражаттын техникалык жактан оң абалы үчүн эксплуатант толук жоопкерчилик тартат. 9. Техникалык кароону жүргүзүүчү Днагностикалык борборлор ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн Техникалык кароо боюнча иш чараларды жүргүзүүдө өздөрүнүн иш-милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктери) жасаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 10. Техникалык кароону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат".] |
| 11-берене. Кайталоочу текшерүүлөргө жол бербөө Ылайыктуулугун баалоону жүргүзүүдө жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын ошол эле параметрлерин текшерүүгө төмөндөгүдөй учурларда жол берилбейт: - эгер мындай текшерүүлөр [сертификациялоодо], тибин жактырууда, каттоодо же техникалык кароодон өтүүдө мурда жүргүзүлсө; - эгер ушул Регламентте каралган кезектеги текшерүүнүн мөөнөтү келе элек болсо; - эгер мурунку текшерүүлөрдүн маалыматтары же натыйжалары ушул конкреттүү текшерүүнүн максаты үчүн колдонула турган болсо. Тибин жактырып берүүдө ушул Мыйзамдын 3-беренесинде жана 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн талаптарга жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын тибинин ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат. Каттоодо жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат: - 3-берененин жетинчи абзацында - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чыккан зыян заттардын деңгээли техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келишине карата; - 4-берененин 1-бөлүгүндө. [Ушул тиешелүү техникалык регламентте каралган сертификациялоодо жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын ылайыктуулугун баалоо 3-берененин жетинчи абзацында - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чыккан зыян заттардын деңгээли техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келишине карата жүзөгө ашырылат.] Техникалык кароодо жерде жүрүүчү транспорт каражатынын төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат: - 3-берененин экинчи абзацында - техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык дөңгөлөктөрдүн жана шиналардын, токтотуу системасынын, башкаруу системасынын оң болушуна жана жарактуулугуна карата; - 3-берененин үчүнчү абзацында - жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатындагы эксплуатациялык персоналдын кабинасынын жана салондун же жүргүнчүлөр үчүн отсектин, отургучтардын жана коопсуздук курунун, эшиктердин, авариялык куткаруучу каражаттар жана жабдуулар, балдарды жана кооптуу жүктү ташуу үчүн атайын жабдуу, коргонуу жана өмүрдү сактоо каражаттары бар болуусуна, ошондой эле анда колдонуу үчүн каралган авариялык жол-жоболор техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык жана/же техникалык абалынын оң болушуна карата; - 3-берененин төртүнчү, алтынчы, тогузунчу, он экинчи, он төртүнчү абзацтарында - системалардын оң болушуна карата; - 4-берененин 1-пунктунда. | 11-берене. Кайталоочу текшерүүлөргө жол бербөө Ылайыктуулугун баалоону жүргүзүүдө жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын ошол эле параметрлерин текшерүүгө төмөндөгүдөй учурларда жол берилбейт: [- эгер мындай текшерүүлөр тибин жактырууда, каттоодо же техникалык кароодон өтүүдө мурда жүргүзүлсө;] - эгер ушул Регламентте каралган кезектеги текшерүүнүн мөөнөтү келе элек болсо; - эгер мурунку текшерүүлөрдүн маалыматтары же натыйжалары ушул конкреттүү текшерүүнүн максаты үчүн колдонула турган болсо. Тибин жактырып берүүдө ушул Мыйзамдын 3-беренесинде жана 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн талаптарга жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын тибинин ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат. Каттоодо жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат: - 3-берененин жетинчи абзацында - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чыккан зыян заттардын деңгээли техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келишине карата; - 4-берененин 1-бөлүгүндө. Ушул тиешелүү техникалык регламентте каралган сертификациялоодо жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын ылайыктуулугун баалоо 3-берененин жетинчи абзацында - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чыккан зыян заттардын деңгээли техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келишине карата жүзөгө ашырылат. Техникалык кароодо жерде жүрүүчү транспорт каражатынын төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат: - 3-берененин экинчи абзацында - техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык дөңгөлөктөрдүн жана шиналардын, токтотуу системасынын, башкаруу системасынын оң болушуна жана жарактуулугуна карата; - 3-берененин үчүнчү абзацында - жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатындагы эксплуатациялык персоналдын кабинасынын жана салондун же жүргүнчүлөр үчүн отсектин, отургучтардын жана коопсуздук курунун, эшиктердин, авариялык куткаруучу каражаттар жана жабдуулар, балдарды жана кооптуу жүктү ташуу үчүн атайын жабдуу, коргонуу жана өмүрдү сактоо каражаттары бар болуусуна, ошондой эле анда колдонуу үчүн каралган авариялык жол-жоболор техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык жана/же техникалык абалынын оң болушуна карата; - 3-берененин төртүнчү, алтынчы, тогузунчу, он экинчи, он төртүнчү абзацтарында - системалардын оң болушуна карата; [- 3-берененин жетинчи абзацында жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кыймылдаткычынан ыргытылган зыяндуу заттардын деңгээлинин ылайыктуулугуна карата.] - 4-берененин 1-пунктунда. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 2-марты № 1694-V "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" Кыргыз…Постановление · 02.03.2012 · № 1694-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 12-январындагы № 1505-V "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" Кыргыз…Постановление · 12.01.2012 · № 1505-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрели № 1807-V "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламентн" Кыргыз…Постановление · 06.04.2012 · № 1807-V
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №165 "2011-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2012 · № 165 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын «Экономика жана коопсуздук» планын…Постановление · 26.01.2011 · № 26 · Күчүн жоготкон
- Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламентиЗакон · 29.05.2009 · № 178 · Күчүн жоготкон