# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №671 "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №671 "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 671
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16690/edition/397213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №671 "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95310

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-октябры №671 "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1993-ж. № 6, 169-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 20-берененин 1-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстинде:

- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Журналист төмөнкүлөргө укуктуу:"

- он экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Журналист төмөнкүлөргө милдеттүү:

- өзүнүн кабарларынын чындыгын текшерүүгө;

- маалымат берген адамдардын авторду көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрүн канааттандырууга.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ

| Учурдагысы | Сунушталганы |
| --- | --- |
| 20-статья. Журналисттин укуктары жана милдеттери Журналист: - кабарларды чогултууга жана таркатууга; - кесипчил журналисттик милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынууга; - кабарлоочунун макулдугу менен маалыматтарды жазууга, анын ичинде зарыл техникалык каражаттар менен жазып алууга; - журналисттик күбөлүгүн көрсөтүү менен табигый кырсыктар болуп өткөн жерлерде болууга, митингдерге, демонстрацияларга катышууга: - келип түшкөн материалдарга байланыштуу фактыларды жана жагдайларды текшерүүдө адистерге кайрылууга; - өзүнүн ынанымына карама-каршы келген материалды түзүүдөн жана кол коюудан баш тартууга; - редакциялык даярдоонун жүрүшүндө өз пикири боюнча мааниси бурмаланды деп эсептеген материалга кол койбоого; - эгерде ал мыйзамды бузуу менен байланыштуу болсо, редактор тарабынан берилген тапшырмадан баш таргууга; - автордук сырды сактоого; - журналист берген автордук материалды өз эркинче бурмалоо менен редактор тарабынан келтирилген моралдык жана материалдык зыяндардын ордун сот тартибинде толтуруп алууга укуктуу. \[- маалымат берген адамдардын авторду көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрүн канааттандырууга милдеттүү.\] | 20-статья. Журналисттин укуктары жана милдеттери Журналист ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ УКУКТУУ: - кабарларды чогултууга жана таркатууга; - кесипчил журналисттик милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынууга; - кабарлоочунун макулдугу менен маалыматтарды жазууга, анын ичинде зарыл техникалык каражаттар менен жазып алууга; - журналисттик күбөлүгүн көрсөтүү менен табигый кырсыктар болуп өткөн жерлерде болууга, митингдерге, демонстрацияларга катышууга; - келип түшкөн материалдарга байланыштуу фактыларды жана жагдайларды текшерүүдө адистерге кайрылууга; - өзүнүн ынанымына карама-каршы келген материалды түзүүдөн жана кол коюудан баш тартууга; - редакциялык даярдоонун жүрүшүндө өз пикири боюнча мааниси бурмаланды деп эсептеген материалга кол койбоого; - эгерде ал мыйзамды бузуу менен байланыштуу болсо, редактор тарабынан берилген тапшырмадан баш тартууга; - автордук сырды сактоого; - журналист берген автордук материалды өз эркинче бурмалоо менен редактор тарабынан келтирилген моралдык жана материалдык зыяндардын ордун сот тартибинде толтуруп алууга укуктуу. - признать утратившим силу. ЖУРНАЛИСТ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТҮҮ: - ӨЗҮНҮН КАБАРЛАРЫНЫН ЧЫНДЫГЫН ТЕКШЕРҮҮГӨ; - МААЛЫМАТ БЕРГЕН АДАМДАРДЫН АВТОРДУГУН КӨРСӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ ӨТҮНҮЧТӨРҮН КАНААТТАНДЫРУУГА. |
