# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №670 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №670 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 670
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16688/edition/1158000/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №670 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (25.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95308

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 25-октябры №670 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Туристтик рыноктун өзүнө тартуучулугун жогорулатуу, туризмди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамынын 5-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүүдө кирешелердин толук түшпөй калышы менен байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине компенсациялоону республикалык бюджетте карасын.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө

1-берене.

2012-жылдын 1-январынан тартып тиркелген тизмеге ылайык мамлекеттердин жарандары үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим бир тараптуу тартипте киргизилсин.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:

- жарандарына карата 90 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттерге ушул Мыйзамдын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирсин;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Тиркеме

Жарандарына карата 90 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттердин ТИЗМЕСИ

1. Австралия союзу

2. Австрия Республикасы

3. Бельгия Королдугу

4. Босния жана Герцеговина

5. Ватикан

6. Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын бириккен Королдугу

7. Венфия Республикасы

8. Германия Федеративдүү Республикасы

9. Нидерланддар Королдугу

10. Грек Республикасы

11. Дания Королдугу

12. Исландия

13. Ирландия Королдугу

14. Испания Королдугу

15. Италия Республикасы

16. Канада

17. Корея Республикасы

18. Кувейт Мамлекети

19. ЛатвияРеспубликасы

20. Литва Республикасы

21. Лихтенштейн Княздыгы

22. Люксембург Улуу Герцогдугу

23. Мальта Республикасы

24. Монако Княздыгы

25. Жаңы Зеландия

26. Норвегия Королдугу

27. Бириккен Араб Эмираты

28. Польша Республикасы

29. Португалия Республикасы

30. Сауд Аравия Королдугу

31. Сингапур Республикасы

32. Словакия Республикасы

33. Словения Республикасы

34. Америка Кошмо Штаты

35. Финляндия Республикасы

36. Франция Республикасы

37. Хорватия Республикасы

38. Чехия Республикасы

39. Швейцария Конфедерациясы

40. Швеция Королдугу

41. Эстония Республикасы
